wrapper

Кадамжай РИИБнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Facebook социалдык желесинде Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Хизбут-Тахрир-аль-Ислами" экстремисттик уюмуна таандык маалыматтарды бөлүшүп жүргөн аккаунт аныкталып, бул факты Кадамжай РИИБнин КЖБРне Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Бул факты боюнча Кадамжай РИИБнин ЭММКАКтын ыкчам кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Facebòok социалдык тармагында аккаунт ачып, тыюу салынган маалыматтарды бөлүшүп жүргөн жарандын өздүгү аныкталып, Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылынын 56 жаштагы Ж.Т. аттуу тургуну экендиги белгилүү болду.
Кадамжай РИИБнин кызматкерлери 2021-жылдын 15-июнь күнү Кадамжай райондук сотунун токтомунун негизинде шектүү Ж.Т.нын жашаган турак үйүнө тинтүү жүргүзгөндө, кыргыз өлкөсүндө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Хизбут-Тахрир-аль-Ислами" экстремисттик уюмуна таандык 5 даана китеп, 3 даана баракча жана диск, флешка, телефондор далил буюм катары алынды. Азыркы күндө алынган буюмдарга тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13