wrapper

2021-жылдын 13-апрель күнү Ош ОИИБге Д.Ж. аттуу жаран Ноокат районунун жашоочусу «С» аттуу тургуну өзүнүн айылдаштарынан турган ар кандай кылмыштуу топту түзүп, алдын ала макулдашып алышып, өздөрүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ноокат районунун “смотрящийи” деп тааныштырып, “сени түрмөдөн адамдар кызыгып сурап жатышат, күнөөңдү жуубасаң жаман болот, общактын балдарына айтып уурдатып кетип, арматура менен чаап майып кылып өлтүрөм”-деп бычак такап коркутуп, ири өлчөмдө акча каражатын опузалап талап кылып жүрүшкөндүгүн билдирип, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартып берүүнү суранган.
Жогорудагы факты боюнча Ош ОИИБдин ЭММКАКнын экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө натыйжасында Ноокат районунун тургундары 29 жаштагы С.С. жана 29 жаштагы А.Ю. кармалышкан.
Аталган факт Ош ОИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 248-беренеси 1-бөлүмү (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) менен жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергоо иштери жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү соттук кароого жиберилет.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13