wrapper

Жалал-Абад облусунун район-шаарларын тейлеген ички иштер бөлүмдөрү тарабынан учурда милициянын көчмө кабылдамасы менен калк арасында ар кандай терс жагдайларды болтурбоо максатында байма-бай тиешелүү түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.
Тактап айтканда, Токтогул жана Чаткал РИИБдин кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундар арасында (айрыкча алыс жайгашкан айылдарда) жана кооптуу деп эсептелген аймактарда, эл көп топтолгон коомдук жайларда, дүкөндөрдө кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу жана ар кандай кокустук, сууга чөгүүлөр, жаш балдарды кароосуз калтыруу сыяктуу көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
Аны менен катар эл арасында пайда болгон арыз-доолор милициянын көчмө кабылдамасы тарабынан жеринде кабыл алынып, мыйзам чегинде чаралар көрүлүп жатат. Белгилей кетүүчү жагдай, жыл башынан бери 5 ай ичинде облус аймагында милициянын көчмө кабылдамасы 353 жолу аймактарды кыдырган жана жалпы – 423 арыз-доо кабыл алынган. Анын ичинен: коопсуздукка байланыштуу – 103 болсо, – 129 арыз башка органдарга жиберилип, - 191 учуру боюнча жеринде юридикалык кеңештер берилип чечилген.
Райондун борборунан алыс жайгашкан айылдардын жергиликтүү тургундары тарабынан милициянын бул багытта жасап жаткан иштерине жана жаш муундарга карата көрүп жаткан камкордугуна туура баа беришип, өз учурунда ыраазычылыктарын айтышып, милициянын иштерине ийгиликтерди каалап өтүштү.
Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13