wrapper

12-июнда ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын спорт залында жана ИИМдин “Динамо” спорт коомунун түндүк спорт комплексинде милициянын полковниги Анвар Эркинович Алиевдин жаркын элесине арналган футзал боюнча ИИМдин Борбордук аппаратынын биринчилиги курч мүнөздө башталды. Футболдук таймашууга борбордук аппараттын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан тандалган 11 команда 3 топко бөлүнүп, күч сынашууда. Мелдештин алгачкы күнүндө “А” тобунда ИИМдин КДТБнын, ЖКККББнын, “В” тобунда ИИМдин ККБнын, ИИМдин ФЧКББнын, “С” тобунда ИИМдин КББнын жана ИИМдин УКЭКБнын командалары айырмаланып, арбын упай топтоп, кийинки мелдештерге жолун ачты.
13-июнда чейрек финалдык таймашуулар болсо, 14-июнда үчүнчү орун үчүн жана финалдык беттешүүлөр болмокчу. Ошентип турнирдин жеңүүчүлөрү 14-июнда аныкталып, жеңип чыккан командаларга алтын, күмүш, коло медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылат.
Бул мелдеште жеңип, байгелүү орундарды ээлеген командалар 18-июнда баштала турган милициянын генерал-майору, маркум Чыныбек Алиевди эскерүүгө арналган футзал боюнча ИИМдин чемпионатына катышат. Мында өлкө аймагындагы ички иштер органдарынан тандалган 13 команда күч сынашып, 2018-жылдын чемпиондору 21-июнда аныкталат.
Эске сала кетсек, милициянын генерал-майору Эргеш Алиевдин небереси милициянын полковниги Анвар Алиев 2008-жылы 5-августта Бишкек шаарындагы үйүнүн жанында буйуртма менен кылмышкердин огунан каза болгон. Анын жаркын элесине арналган футзал мелдеши 2009-жылдан бери ар жыл сайын үзбөй өткөрүлүп келатат.
Ошондой эле милициянын генерал-майору Алиев Чыныбек Тукешович 2004-жылы 5-майда кызмат учурунда куралданган кылмышкерлердин колунан каза тапкан. ИИМ жетекчилигинин көрсөтмөсү менен Чыныбек Алиевдин ысымы өзү туулуп өскөн Тоң районунун ички иштер бөлүмүнө берилген.
ИИМ жетекчилеринин жана “Динамо” спорт коомунун демилгеси менен 14 жылдан бери республикалык деңгээлде Ч.Алиевди эскерүүгө арналган ИИМ чемпионаты атаандаштык маанайда өткөрүлүп келатат.

Милициянын кенже сержанты Ахия Джумарды эскерүү мелдеши
13-июнда ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын спорт залында милициянын кенже сержанты Ахия Джумар Арлиевичтин жаркын элесине арналган МАККББнын түзүмдөрү арасында футзал боюнча мелдеш башталды. Мында 12 команда күч сынашууда. Бишкек шаарынын 4 районунун, Атайын полктун, МАККББнын борбордук аппаратынын, Түштүк башармалыгынын, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын жана Чүй облусунунан эки команда үч топко бөлүнүп күч сынашууда. Мелдештин жыйынтыгы 14-июнда кечинде билинип, жеңүүчүлөр аныкталат.
Кызмат учурунда каза болгон милициянын кенже сержанты Ахия Джумар Арлиевичтин жаркын элесине арналган футзал мелдеши быйыл онунчу ирет өткөрүлүп, ата-энеси, бир туугандары да демөөрчү болуп, мелдештин мыкты оюнчуларына баалуу сыйлыктарды ыйгарып жүрүшөт.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Наши контакты

Адрес; 720040, г.Бишкек ул. Фрунзе 469

Милиция: 102

Телефон доверия: +996 312 26 60 27

Общественная приемная граждан:

+996 312 26 60 64

Пресс-служба МВД КР:

(тел/факс), +996 312 26 62 54

По вопросам работы проекта "Безопасный город" и по штрафам за нарушения ПДД: 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76

По вопросам выдачи справок о несудимости: 0312 36-94-18

По вопросам выдачи справок оружия СОБ МВД КР: 0312 36-94-93

По вопросам выдачи справок ГУОБДД МВД КР: 0312 36-95-58

По вопросам выдачи аппостиля: 0312 36-94-13

WhatsApp номер ГУВД Бишкека - 0708 102 000

WhatsApp номер ГУОБДД МВД КР - 0706 63 09 00