wrapper

 
 
Бүгүн  2018-жылдын 11-июнь күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинде  Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору  Кашкар Джунушалиев жана анын биринчи орун басары  Сүйүнбек Өмүрзаков, жана орун басарлары Курсан Асанов, Алмазбек Орозалиевдер  ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлерин саптык кароодон өткөрдү. 
Ал эми, ИИМдин борбордук аппараттынын  башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын, кызматтардын башчыларынын жана өздүк курамдын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни аткарылып, Туусу көтөрүлдү. 
Министр саптык кароодо борбордук аппараттын кызматкерлеринин формаларын текшерди. Министр өздүк курамга кайрылып жатып, биринчиден элдин ишенимин аттырыш үчүн кызматкерлердин тартиби жана маданияттуу кеби, экинчиден  формалары талапка жооп бериши шарт экендигин айтып өттү.  “Биз республиканы кыдырып чыгып, биздин кызматкерлер эмнеге муктаж экендигинин көрдүк, албетте биринчи эле орчунду маселе техникалык-жана материалдык муктаждык, экинчи  кызматкерлердин маянасын көтөрүү”- деп белгиледи .   
Таңкы нускамада белгиленгендей Мамлекеттик деңээлде азыркы учурда күч органдарынын  социалдык жактан колдоо анын ичинде айлык маянасын көтөрүү, турак жай менен камсыз кылуу жана башка маселер камтыган ИИОнун ишмердүүлүгүндө рефома жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын баардык күч органдарынын бирдиктүү  мыйзам доолбору иштелип чыкты. ИИОнун бөлүмдөрүнүн башкы милдетти Президеттин Жарлыктарын, Өкмөттүн  Жоболорун, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын так аткаруу. Сөзүнүн аягында өздүк курамга кайрылып “Өз кызматтыңарды так жана жогорку деңгээлде аткарууга тийишсиңер” –деп баса белгилеп кетти.
Андан соң, ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери салтанаттуу жүрүштөн өтүштү. Мындай иш-чаралар  республиканын бардык ички иштер органдарында өткөрүлдү. Мындан ары  ар жуманын дүйшөмбү күндөрү ИИОнун кызматкерлерине өткөрүлүп турмакчы.   
ИИМдин Басма сөз кызматы 

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Наши контакты

Адрес; 720040, г.Бишкек ул. Фрунзе 469

Милиция: 102

Телефон доверия: +996 312 26 60 27

Общественная приемная граждан:

+996 312 26 60 64

Пресс-служба МВД КР:

(тел/факс), +996 312 26 62 54

По вопросам работы проекта "Безопасный город" и по штрафам за нарушения ПДД: 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76

По вопросам выдачи справок о несудимости: 0312 36-94-18

По вопросам выдачи справок оружия СОБ МВД КР: 0312 36-94-93

По вопросам выдачи справок ГУОБДД МВД КР: 0312 36-95-58

По вопросам выдачи аппостиля: 0312 36-94-13

WhatsApp номер ГУВД Бишкека - 0708 102 000

WhatsApp номер ГУОБДД МВД КР - 0706 63 09 00