wrapper

Adinai

Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан алдын алуу иштери улантылууда


Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери жер-жерлерде коронавирус илдетинин жайылуусунун алдын алуу иш-чараларын жүргүзүшүп келишүүдө.
Жайыл районунун ИИБдүн кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулукту алдын алуу, ошондой эле коронавирус илдетинин жайылуусуна жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Милиция кызматкерлери коомдук жайларда жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, анын ичинде ар бир жаран саламаттыгына көңүл буруу зарылдыгы эскертилип, медициналык бет каптарды тагынуу жана эл топтолгон жайларда аралыкты сактоо зарылдыгы эскертилүүдө. Уюштурулган алдын алуу иш-чаралардын учурунда Жайыл районунун аймагында бир катар кылмыштардын бети ачылган.
Жогорудагыдай эле иш-чаралар Сокулук районунда да уюштурулуп, район аймагындагы айылдарда, жаңы конуштарда, коомдук жайларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө, жеке буюмдарга, үй мүлктөрүнө сак болуунун жөнөкөй эрежелери эскертилди. Андан сырткары учурда дүйнөдө жайылып жаткан жугуштуу илдеттен сактануу багытында, саламаттыкка көңүл буруу, корновирус илдетинен коргонуу боюнча талаптарды так аткаруу зарылдыгы эскертилүүдө.

Read more...

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИИМДИН РФДЕГИ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮ ЖАРАНДАРДЫ МЕКЕНИНЕ ЖӨНӨТҮҮ ҮЧҮН ТИЗМЕГЕ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА АКЫ ТӨЛӨНҮҮЧҮ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ СУНУШТАШКАН АЛДАМЧЫЛАРДЫ АНЫКТОО БОЮНЧА ИШТЕРДИ ЖҮРГҮЗҮП ЖАТАТ


Акыркы күндөрү жарандарды мекенине чартердик авиа каттамдар аркылуу жөнөтүү тизмесине кошуу боюнча алдамчылык иш-аракеттер орун ала баштаган. Кырдаалды колдонуу менен алдоо жолу аркылуу акча каражатын алышып, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы атайын комиссия тарабынан түзүлгөн мекенине учуп кетүүчү жарандардын тизмесине киргизип жиберүүгө аракет кылышууда. Жогоруда көрсөтүлгөн окуялар биздин жарандар арасында нараазычылыктарды жаратып, мекенине жөнөтүү үчүн чартердик авиакаттамдын тизмесине жарандарды киргизүү боюнча Элчиликтин коррупциялык схемалары жөнүндө ар кандай пикирлерди социалдык тармактарда таратышууда.
Ошондуктан, укукка каршы аракеттерди эскертүү, аныктоо жана ага бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдында жарандардын укукка каршы иш-аракеттери боюнча арыздары менен кайрылууларын кароо үчүн атайын комиссия түзүлгөн.
Аталган комиссияны жетектөө милдети Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлү, милициянын полковниги Н. Жанбаевге жүктөлүп, курамына Кыргыз Республикасынын Элчилигинин коопсуздук маселелери боюнча кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери киргизилген.
Жогорулардын негизинде түзүлгөн коррупцияга каршы жумушчу топтун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен жалпы 8 алдамчылык фактысы аныкталган.
2020-жылдын 28-июль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнө Баткен облусунун тургуну 1994-жылы туулган А.Д. арыз менен кайрылган. А. Д. өзүнүн кайрылуусунда 2020-жылдын 17-июль күнү Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагы Консулдук бөлүмүнө Кыргызстанга кайтып кетуу үчүн чартердик каттамдарга тизмеге кирүү үчүн арыз менен кайрылганы келген. Кезекте турган жаран А.Д. ал жерден тизмеге туруу үчүн арыз жазуучу бланктарын келген элдерге таркатып жаткан бала менен таанышып калып, ал Элчилик тарабынан уюштурулуп жаткан чартердик каттам менен учуу үчүн кезексиз тизмеге киргизүүгө жардам беремин деп чектелген сый акысын алган бойдон изин жашырып качып кеткен. Бул факты Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Якиманка райондук полиция бөлүмүнө катталган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Якиманка райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жогоруда катталган арыз боюнча алдын ала жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында шектүүнүн өздүгү такталып, ал Чүй облусунун тургуну 1990-жылы туулган К.М. болуп чыккан. Азыркы учурда Якиманка райондук ички иштер бөлүмү бул факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.
Ошондой эле, 2020-жылдын 28-июль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнө Ош облусунун жашоочулары 1998-жылы туулган Н.Г. менен 1986-жылы тулган А.С. кайрылышкан.
Жабырлануучулар өздөрүнүн кайрылуусунда, бир кыз “WhatsApp” аркылуу өзүн Элчиликтин кызматкеримин деп тааныштырып, чектелген сый акы үчүн Мекенине учууга жардам беремин деп сунуштаганын билдиришкен.
Анын алдамчылык аракетинин натыйжасында жогорудагы жарандарга 60 миң рублга жакын чыгым келтирилген. Аталган фактылар күтүсүүздөн Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча бөлүмүнө коштолуп барган жана катталган.
Бул фактылар Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча Котловка райондук полиция бөлүмүнө катталып, процессуалдык текшерүүнүн жыйынтыгы менен Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн “Алдамчылык” фактысы менен кылмыш иши козголгон.
Бул алдамчылык фактылар боюнча Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча аймактык бөлүмүнүн полиция кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги өкүлчүлүктүн кызматкерлери менен биргеликте, алдын ала жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 1997-жылы туулган С.А. аттуу жашоочусу кармалып, азыркы учурда РФдин мыйзамдарына ылайык, анын баш коргоо чарасы чечилүүдө.
Кыргыз Республикасынын ИИМнин Россия Федерациясындагы ИИМнин өкүлчүлүгү тарабынан мекендештерди Москва шаарынан Кыргызстанга чартердик авиа каттамдар менен учуруу боюнча коррупциялык иш аракеттердин алдын алуу жана ар кандай тоскоолдуктарды болтурбоо максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча кошумча маалымат иретинде билдирүүлөр берилип турат.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү тарабынан өз кызматтык ыйгарымдарынын чегинде укукка каршы аракеттерди аныктоого жана бөгөт коюга багытталган иштерди жүргүзүп, Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүү үчүн Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча аймактык бөлүктөрүнө коштоп барышууда.
Жарандарды тизмеге киргизүү бекер ишке ашырылат жана мигранттарга жардам көрсөтүү ирээтиндеги ортомчулук кызматтар кайтарымсыз негизге көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү мекендештерин мыйзамсыз иш-аракеттерди билишкен болсо, укукка каршы аракеттерге бөгөт коюу менен күнөлүүлөрдү мыйзамдын бардык талаптары боюнча жоопкерчиликке тартуу үчүн жардам көрсөтүүгө чакырат
Укукка каршы келген жогорудагыдай фактыларга дуушар болсоңуздар Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнө Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук почтасына же +7 (926) 890-87-00 ишеним телефондоруна кайрылса болот. Купуялуулукка кепилдик берилет.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Ноокат районунда алтын буюмдарды уурдаган жаран кармалды


2020-жылдын 17-июлунда Ноокат РИИБге Ош шаарынын тургуну 29 жаштагы А кызы С. 2020-жылдын 17-июль күнү саат 14.30 чамасында, Ноокат шаарында жайгашкан алтын буюмдарды алып-сатуучу дүкөнүнө белгисиз адамдар мыйзамсыз түрдө киришип, 150.000 сом акчасын жана алтын буюмдарын уурдап кетишкендиги тууралуу арыз менен кайрылган.
Жабырлануучу А кызы С. арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-бер. 2-бөл. 3-пунктунда (Уурдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган жана тиешелүү ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен шектүү катары Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын тургуну, мурда соттолгон 53 жаштагы М.А. кармалган.
2020-жылдын 31-июль күнү тинтүү жүргүзүү учурунда шектүү М.А. Кара-Суу районунун Шарк а/а жайгашкан турак үйүнүн короосундагы жыйналып турган кыштардын арасынан 8 даана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарандык паспорттору, 2 даана айдоочулук күбөлүк, 7 даана банктык карта, ал эми турак үйүнүн жертөлөсүнүн ичинде жерге көмүлгөн банкадан болжол менен 1 млн 500 миӊ сомдук алтын буюмдар табылып алынган.
Азыркы учурда далил буюм катары алынган алтындардын так өлчөмү жана баасы такталууда. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.
Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Read more...

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13