wrapper

Adinai

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери оор кылмыштары үчүн издөөдө жүргөн жана дайынсыз жоголгон жарандардын кайда жүргөндүгүн аныкташты

 Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери оор кылмыштары үчүн издөөдө жүргөн жана дайынсыз жоголгон жарандардын кайда жүргөндүгүн аныкташты

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Интерполдун багыты боюнча эл аралык издөөдө жүргөн адам кармалды.
Жакында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери жашы жете элекке карата сексуалдык ыдык көрсөтүүгө жана эркиндигинен мыйзамсыз ажыратууга айыпталып, Түркия Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн 1988-жылы туулган Түркиянын жараны Ч.О. кармалды. Кармалган адам Кыргыз Республикасынын ЖПКнын негизинде процессуалдык чечимдерди кабыл алуу үчүн Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Алынган маалымат боюнча жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш 2011-жылы жасалган. Интерполдун багыты боюнча шектүү 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн. Эл аралык издөөгө алган Түркиядагы Интерпол Улуттук борбордук бюросуна маалымдама берилди.
Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө дайынсыз жоголду эсептелип Түркия Республикасынын укук корго органдарынын кайрылуусу боюнча Интерпол Кылмыш полициясынын эл аралык уюмунун багыты боюнча издөөдө жүргөн 1958-жылы туулган Түркиянын жараны Х.Ч. кайда жүргөндүгү аныкталган. Болжолдуу маалымат боюнча Х.Ч. Кыргызстанга 2005-жылы келип, ар кайсы жерлерде жашап келген.
Издөөгө алган тарап маалымдалды.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМдин Ички иликтөө кызматы аймактык бөлүмдөрдүн бириндеги пара алуу фактысын аныктады


ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарындагы кызматтык кызыкчылыктарын саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантып жатат. Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо, кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча кароо боюнча фактыларга өзгөчө көңүл бурууда.
Башында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматына жаран А.Б. кайрылып, мыйзамсыз ишкердик менен алектенүү фактысы боюнча жаран А.Б. менен башка адамдарга карата кылмыш ишин козгоону токтотуу үчүн эки баш кой түрүндө пара талап кылып жаткан Нарын облусунун Жумгал районунун ИИБдин кызматкерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Ошондой эле, бир эки күн мурда кызматкерлер А.Б. аттуу жарандан жана башкалардан 10.000 сом өлчөмүндө акча каражатын алышкан.
Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жумгал районунун ИИБдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү кылмыш ишин токтотуу үчүн арыздануучудан эки баш кой түрүндө пара талап кылгандыгы аныкталган.
2020-жылдын 12-август күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички иликтөө кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка
каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен биргеликте ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжасында милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү, милициянын лейтенанты Р.Ы. кармалган.
Азыркы учурда тергөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЭМКККтын ТК жүргүзүп жатат.
ИИМдин Ички иликтөө кызматы мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоо максатында ички иштер органдарына келген жактарды алдын алууга, ИИОнун кызматкерлери тарабынан жасалган мыйзамсыз иштерди аныктоого жана бөгөт коюуга, андан сырткары ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында мыйзамдуулук менен тартипти бекемдөөгө багытталган иштерди жүргүзүүнү улантышууда.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Кара-Көл милициясы тарабынан 1.5 тонна кара куурай жок кылынды

Кара-Көл ШИИБи тарабынан 2020-жылдын 3-августунан 9-августуна чейинки аралыкта, Кара-Көл шаарынын аймагында “Кара-Куурай” аталышындагы ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө 1 (бир) гектарга жакын аянтта өскөн жапайы кара куурайлар орулуп, өрттөлүп жок кылынды.
Аталган иш-чараны өткөрүүгө коомчулук менен биргеликте жалпысынан 35 адам тартылып, аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча тиешелүү актылар түзүлгөн.
Кара куурайды оруп жок кылууга катышып жаткан жергиликтүү айыл тургундары мындан кийин да ушул сыяктуу иштерге активдүү катышарын билдиришип, жаштарды баңгизаттан, спирт ичимдиктеринен алыс болуп, сергек жашоого үндөп кетишти.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы

Read more...

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13