wrapper

Adinai

Жалал-Абад ОИИБдин медицина кызматына жасалма дем алдыруучу аппараттары тапшырылды

Бүгүн 2020-жылдын 20-июль күнү Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун тургуну Бай-Дыйкан айыл чарбаны колдоо борборунун жетекчиси Акунбеков Эрлист тарабынан Жалал-Абад ОИИБдин медицина кызматына 2 даана жасалма дем алдыруучу медициналык аппараты тапшырылды.
«Эң негизги максат - эл менен тыгыз байланышта иштеп, жарандардын коопсуздугун камсыздап жаткан милиция кызматкерлеринин ден соолугуна да кам көрүү зарыл, андыктан бизден жардам болсун деп ушул ИВЛ аппараттарын берип жатабыз, оорубаңыздар урматтуу орган кызматерлери» - деди өз сөзүндө Э. Акунбеков.
Ал эми Жалала-Абад ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Кылыч Жолдошов алгач демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирип – «бүгүнкү аппараттардан сырткары Кыргыз Республикасынын ИИМден да 2 аппарат келди, бул медициналык каражаттар биздин медициналык кызматына берилет. Учурда милиция кызматкерлеринин арасынан ооруга чалдыккандарга тез жана сапаттуу, өз убагында тиешелүү деңгээлде кам көрүп, медициналык жардам берүү максатында мобилдик топтор түзүлдү». Бул топтор кызматкердин үйүнө чейин барып медициналык жардам көрсөтүп аппараттарды үй шартында да коюп берүүгө даяр экендигин белгилеп өттү.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМдин Академиясынын кызматкерлери менен курсанттары сууда агып бара жаткан кызды куткарып калышты


ИИМдин Академиясында кезметте турган курсант Асылбеков Бекжан Аламүдүн - 1 кичи районундагы каналда кыздын жардамга чакырып кыйкырып агып бара жатканын көргөн. Ошол замат ИИМдин Академиясынын нөөмөт бөлүмүнө билдирген. Нөөмөтчү милициянын подполковниги Шамиров Ж., нөөмөтчүнүн жардамчысы милициянын прапорщиги Тангатаров Б., жана Академия боюнча жооптуу милициянын полковниги Камчыбеков Н., тарабынан ыкчам аракеттер көрүлүп, агып бара жаткан кызды суудан алып чыгышкан. Андан соң, денесиндеги жаракаттарына биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, медициналык тез жардам кызматына тапшырып беришкен. Өз маалында жардам көрсөтүп, аман алып калган Академиянын кызматкерлерине кыздын ата энеси, туугандары ыраазычылык билдиришти.
ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы

Read more...

Жалал-Абад облусунда 12,5 тонна жапайы кара куурай жок кылынды


2020-жылдын 6-июлунан 12-июлуна чейинки аралыкта Жалал-Абад облусунун аймагында “МАК-2020” операциясынын алкагында өткөрүлгөн «Кара-Куурай» аталышындагы атайын ыкчам-иликтөө жана профилактикалык иш-чараларынын натыйжасында баңгизаттар менен байланышкан 4 кылмыш аныкталган.
Ошондой эле,  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ШРИИБдер жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте жер-жерлерде баӊгизатын камтыган жапайы өсүмдүктөрү өскөн аймактарды аныктоо жана аларды жок кылуу максатында 105 атуулдан турган 8 жумушчу топ түзүлүп, 3,57 га жер аянтында өскөн, жалпы салмагы болжол менен 12,5 тонна жапайы кара куурай өсүмдүгү жок кылынган.Учурда Жалал-Абад облусунун аймагында баӊгизаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүүсүнө каршы күрөшүү жана баңгичиликтин алдын алуу максатында ыкчам-иликтөө жана профилактикалык иш-чаралар улантылууда.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Read more...

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13