wrapper

Adinai

Нарын ОИИБи: Кырдаалга байланыштуу милиция кызматкерлери сактык чараларын сактоо менен иш алып барууда

 

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын анын ичинде Нарын облусунун аймагына коронавирус илдети катталган учурдан бери Нарын ОИИБнин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп келүүдө.
Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери жер-жерлерде мобилдик топтор менен биргеликте жарандардын абалын жеринде көрүшүүдө. Алардын арасында милициянын ардагерлерин Нарын ОИИБнын алдындагы медицина кызматкерлери менен биргеликте барып кабар алышууда. Аларга керектүү болгон азык-түлүктөн жана дары-дармектерден жардамдар көрсөтүлүүдө.
Мындан тышкары, бүгүнкү күндө милиция кызматкерлеринин арасында ооруп калган кызматкерлерди дарылоо максатында Нарын ОИИБнын алдында атайын кошумча күндүзгү стационардык бөлүм даярдалып жатат. Атайын демөөрчүлөр тарабынан эки кислороддук концентратору жана керектүү медициналык каражаттар, дары-дармектер менен камсыз болду.

Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМ: Россиянын ИИМдин тутумундагы жогорку окуу жайларда окуп жаткан курсанттарды мекенине алып келүү маселеси чечилди

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан Россиянын ИИМнин тутумундагы жогорку окуу жайларында окуп жаткан курсанттарды мекенине алып келүү маселеси ишке ашырылды.
«COVID-19» коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу мамлекеттик чек аралардын жабылышы жана авиакаттамдарга чектөөлөр киргизилиши менен Россиянын ИИМдин тутумундагы жогорку окуу жайларда окуп жаткан Кыргызстандын курсанттары азыркы учурга чейин өз алдында учуп келишине мүмкүн болгон эмес.
Ушул жылдын июль айында аталган маселе Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилиги тарабынан «COVID-19» боюнча республикалык штаб менен биргеликте чечилип, «Авиа-Траффик Компани» авиакомпаниясынын жардамы менен курсанттардын учуп келишине шарт түзүлгөн. Ушуга байланыштуу, Россиянын аймактарында окуган курсанттар чоогу учуулары үчүн Москвага топтолушкан.
2020-жылдын18-июль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн аракети менен «Домодедово» аэропортунан «Москва-Бишкек» каттамы боюнча 95 угуучу, анын ичинен 91 курсант, 4 адьюнкт  учуп келишти.
Жогорку билим алуу жана аттестациядан өтүү программасы боюнча угуучуларды мындан ары даярдоо дистанциондук билим берүү технологияларын колдонуу менен ишке ашырылмакчы.
Аталган рейс Республикалык штабдын макулдугу менен ишке ашырылгандыгын жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы комиссиясы тарабынан түзүлгөн мекенине жарандарды ташуу боюнча чартердик рейске эч кандай тиешеси жоктугун белгилеп кетүү керек.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМ: Милиция кызматкерлери тарабынан Пакистан жаранына кол салган шектүүлөр кармалды

2020-жылдын 19-июль күнү болжол менен саат 23:00 чамаларында Аламүдүн районунун ички иштер органдарына Пакистан Республикасынын 1998-жылы туулган Ш.С. аттуу жараны арыз менен кайрылып, Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринин жанында бейтааныш адамдар аны эч себепсиз сабаганын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Андан сырткары, ушундай эле арыз менен 2000-жылы туулган А.Х., 1997-жылы туулган Ф.С., 1995-жылы туулган А.И. кайрылган.
Окуя болгон дарекке дароо Аламүдүн районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан учурда урушка катышкандар окуя болгон жерден таркап кетишкендиги маалым болгон.
Чүй ОИИББдин жана Аламүдүн РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы чыр-чатакка катыштыгы бар делип Ысык-Ата районунун 31 жаштагы жашоочусу Э.О. менен Бишкек шаарынын жашоочулары 30 жаштагы Д.А. менен К.Б. аттуу жашоочулары кармалды.
Бул факты Аламүдүн РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) боюнча катталган. Аламүдүн РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
Аталган сотко чейинки  өндүрүштү иликтөөнүн жүрүшү Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилиги тарабынан катуу көзөмөлгө алынгандыгын кошумча билдиребиз.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13