wrapper

Adinai

ИИМ: Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Москвадагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жана активисттер менен жолугушуу өткөрдү


2020-жылдын 22-июль күнү жаш адамдар тарабынан укукка каршы аракеттердин жасалышын болтурбоо жана эскертүү максатында Кыргыз Республикасынын РФдеги Элчилигинин имаратында диаспоралардын өкүлдөрүнүн жана активисттердин катышуусунда жолугушуу уюштурулду.
Аталган жолугушууга Россиянын ИИМдин Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгынын борборунун башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу, милициянын полковниги А. Рогожин, Кыргыз Республикасынан КМШнын уюшкан кылмыштуулук жана башка кылмыштардын коркунучтуу түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча бюросунун (БКБОП) директорунун орун басары, милициянын полковниги А. Алиев, Кыргыз Республикасынын РФдеги Элчилигинин кызматкерлери, аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү, диаспоралардын, спорттук клубдардын өкүлдөрү жана башка активисттер катышты.
Жолугушуунун катышуучуларына кыргыздар менен тажиктердин ортосунда болгон окуя боюнча туура маалымат жеткирилди. Андан соң, катышуучулар кайрылууларды жасап, жаштарды социалдык тармактарда жана ар кайсы мессенджерлерде улуттар аралык чыр-чатакты козуткан орунсуз билдирүүлөрдү токтотуп, улуттук маселелерге тиешелүү болгон такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырышып, жаш муундарга мындан ары түшүндүрүү иштерин жигердүү жүргүзүшөөрүн айтып өтүштү.
Чет өлкөлүктөр менен жолуккан Москавадагы кыздарды жазалоого чакырган адамдар Б.Б. менен А.А. социалдык тармактарда этиятсыз айтылган билдирүүлөрү үчүн Кыргызстандын элинен ачык түрдө кечирим сурашып, күнөөсүн моюндарына алышты. Андан соң аларды Россиянын ИИМдин Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгынын борборуна Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык юридикалык баа берүү үчүн чакырылды. Андан сырткары, бул жолугушуу «Facebook» аркылуу онлайн өткөрүлүп, жолугушуунун катышуучулары видео кайрылуу жасашты.
Ошондой эле, улуттар аралык чыр-чатакты болтурбоо үчүн Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин имаратында кыргыздар менен тажиктердин диаспораларынын жетекчилеринин жолугушуусу уюштурулду. Жолугушууда тараптар мындан ары Россия Федерациясынын көп улуттуу чөйрөсүндө улуттар аралык чатактарды болтурбоого багытталган достук мемилерин бекемдөөнү талкууга алышты. Катышуучулар жаштар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү колго алуу менен Москва облусунда жана шаарында жашаган башка улуттардын өкүлдөрүн дагы кошуп, маданий-спорттук иш-чараларды биргеликте өткөрүү керектигин белгилешти. Азыркы учурда жаштар арасында мессенджер жана социалдык тармактарда улуттар аралык чыр-чатактарды козутууга түрткөн, анын ичинде улуттук маселелерге тиешелүү жалган маалыматтарды таратпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Жалал-Абад шаарында "Өспүрүм-түн" аталышындагы рейд жүрүүдө


Тийиштүү тармактардан түзүлгөн топ кафе-барларды, компьютердик клубдарды текшерүүгө алышты. Көчөдө, тыюу салынган жайларда ата-энеси жок өз алдынча жүргөн балдарга көзөмөл жүргүзүлүп жатат.
Ошондой эле рейд учурунда кечки саат 20:00дөн кийин иштеп жаткан коомдук тамактануучу жайларга эскертүүлөр берилди.
Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Read more...

Ноокенде сууга түшүүлөр боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө


21-22-июль күндөрү Ноокен РИИБи тарабынан район аймагындагы суу кырсыктарынын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Шайдан, Арал, Сейдикум, Момбеков, Бүргөндү айылдарындагы сууга түшүүчү жайлар милиция тарабынан көзөмөлгө алынды. Кооптуу аймактарга сууга түшүүгө болбой тургандыгы жергиликтүү тургундарга жеткирилди. Сууга чөгүүлөрдү болтурбоо үчүн ар бир ата-эне өз балдарын кароосуз калтырбай, алардын кайда жүргөнүнөн кабардар болуп туруу керектиги эскертилди. Милиция кызматкерлери аптаптуу күндөрү сууга түшүүдө этият болуп, табигый кырсыктардан оолак болууга чакырышты.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Read more...

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13