wrapper

Adinai

Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара ИИМдин “Шумкар” АБПсында өттү

1-ноябрь Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдык мааракесине арналган иш-чара “Шумкар” атайын багыттагы полкунда болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага полктун ардагерлери жана кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү катышты. Иш-чара полктун плацында Кыргыз Республикасынын гимнин ырдоо менен башталды. Андан кийин Кыргыз милициясынын өсүп өнүгүшүнө жана коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоодо кошкош салымдары үчүн Мамлекеттик сыйлык менен 3 кызматкер, Ички иштер министринин буйругу менен 98 кызматкер 9 ардагер ар кандай медаль грамоталар менен сыйланышты жана мөөнөтүнөн эрте 4 кызматкерге атайын наам ыйгарылды. Полктун буйругу менен 81 кызматкер, 10 ардагер сыйланды жана кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин 11 үй-бүлө мүчөлөрүна акчалай жардам көрсөтүлдү. Салтанаттуу күндүн дагы бир негизи атайын багыттагы бөлүкчөлөрдүн символу болуп эсептелген “кызыл беретти” татыктуу ээлерине тапшыруу болду. Буга чейин “Кызыл беретти” алуу үчүн атайын багыттагы полкунун атайын операциалар отрядынын кызматкерлери, атайын баскычтардан өтүп жыйынтыгында “Кызыл беретти” кийүүгө 3 кызматкер татыктуу ээлери болушту. Полктун командири жана ардагердлер өздук курамды кыргыз милициясынын түзүлгөн күнү менен куттуктап ар бир кызматкердин үй-бүлөсүнө ден-соолук каалап Ата Мекен үчүн кылган ак кызматтарына чон жетишкендиктерди, ошондой эле кызматтык тартипти жана жарандардын коосуздугун сактоого кылган кызматына чоң жетишкендиктерди каалады. Андан кийин майрамдык иш-чараны полктун кызматкерлери даярдаган коеңерттик программа коштоду

ИИМнын "Шумкар" атайын багыттагы полку

Read more...

ИИМ: Милиция кызматкерлери тарабынан өзгөчө оор кылмыштын бети ачылды


2019-жылдын 23-октябрда "Манас" аэропортунун акысыз унаа токтотуучу жерде турган "Хонда-Торнео" үлгүсүндөгү автоунаанын багажынан киши колдуу болуп өлгөн Чүй облусунун тургуну, 1980-жылы туулган таксист К.Х.А. жансыз денеси табылган. Ал жүргүнчүлөрдү ташуу менен гана алектенбестен, буюмдарды ташуу менен дагы алектенип жүргөн.
Аталган факты Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүндө (Кылмыштуу ойлорун ишке ашыруу үчүн каракчылык менен коштолгон өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча КЖБРге катталган.
Аталган кылмыш ишинин бетин ачуу үчүн ИИМдин жана Чүй ОИИББдин, Сокулук РИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам топ түзүлгөн.
Ычкам-тергөө тобу тез арада өзгөчө оор кылмыш ишинин бетин ачууга багытталган комплекстүү иш-чараларды жүргүзө башташкан.
Сотко чейинки материалдардын алкагында Талас, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустары менен Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында комплекстүү тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Анын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектүү катары бир нече жолу уурулук жана зордуктоо менен соттолгон Чүй облусунун тургуну, 1992-жылы туулган Б.Ч., аткезчилик жана баңгизаттарды сактоо үчүн соттолгон Ош облусунун тургуну, 1987-жылы туулган И.А. аттуулар кармалышкан.
Тергөө тарабынан, Б.Ч Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын Кемин районунда жайгашкан №38 жатак абагында жазасын өтөп жаткандыгы, И.А. Аламүдүн районунун Молдовановка айылында жайгашкан №26 жатак абагында жазасын өтөп жаткандыгы аныкталган. Экөө тең, жатак абактарына 2018-жылдын октябрында которулган.
Ошондой эле, жогорудагы кылмышка шектүү катары карактоо жана бейбаштык үчүн соттолгон Ош облусунун тургуну, 1991-жылы туулган М.А. аттуу аныкталып, аны кармоо боюнча тиешелүү чаралар жүрүп жатат.
Өзгөчө зөөкүрлүк менен К.Х. өлтүргөндөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын жаза аткаруу мекемесинде жазаларын өтөп жатышкан. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын жогоруда аталган жетекчилигинин көзөмөлүнүн жоктугунан шектүүлөр тарабынан каракчылык менен коштолгон өлтүрүү жасалган.
Андан сырткары, шектүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагында ушул сыяктуу өзгөчө оор кылмыштарды жасоого тиешеси барлары териштирилүүдө.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМдин Ички Аскерлери ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматы болуп түзүлдү


Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички Аскерлерин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматы болуп кайрадан түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койду. Белгилүү болгондой, 2014-жылы аскердик реформанын алкагында Ички Аскерлер Ички иштер министрлигинин карамагынан чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн тутумундагы Улуттук гвардиянын курамына киргизилген. Турмуш көрсөткөндөй, Ички Аскерлердин Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын курамында болуусу алардын өлкөнүн ички коопсуздугун камсыздоо боюнча күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларын аткарууда мүмкүнчүлүктөрүн чектеп койгон. Ушуга байланыштуу, коомдук тартипти, коомдун жана жеке инсандын коопсуздугун камсыздоо мамлекеттик тутумун жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы №183 сандуу Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясына мурда берилген штаттын, документтердин, имараттардын, курулуштардын, материалдык-техникалык каражаттардын жана башка мүлктөрдүн эсебинен Ички иштер министрлигинин Ички Аскерлерин түзүү сунушталган. Ошондой эле, жүрүп жаткан ички иштер органдарын реформалоонун жана алардын ишмердүүлүгүнүн өркүндөтүүнүн алкагында Ички Аскерлерди ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматы кылып түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13