wrapper

Adinai

Жалал-Абад ОИИБи: Дезинфекциялоочу туннелдер коюлууда


Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги тарабынан кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртуу жана алардын ден соолугуна кам көрүү максатында бир топ алгылыктуу жумуштар аткарылууда.
Атап айтсак, Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кире беришине дезинфекциялоочу туннелдер орнотулду. Туннелдерди орнотуунун максаты милиция кызматкерлеринин коронавирус илдетин жуктуруп алуусунун, оорунун таралуусунун алдын алуу жана санитардык эрежелерге ылайык коюлду. Милиция бөлүмдөрүнө кирген ар бир кызматкер жана атуулдар бул жай аркылуу өткөрүлөт.
Эл менен тыгыз иш барып, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жаткан милиция кызматкерлерине кам көрүү максатында алдыда башка ШРИИБдерге дагы дезинфекциялоочу туннелдерди орнотуу иштери улантылат.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Read more...

Сузак районунда милиция кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөргө карата рейд жүргүзүлдү


Сузак РИИБи тарабынан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, эмгекке тартылуусунун жана чоңдордун көзөмөлү жок түнкү убакытта көчөдө жүрүүлөрүнүн алдын алуу максатында тиешелүү кызматтар менен биргеликте алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул иш-чаранын алкагында 45 коомдук жайларга (дүкөн, тамактануучу жана эт сатуучу жайлар, баня), ишканаларга текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында коштоосуз түнү жүргөн 24 жашы жете элек өспүрүм аныкталып, ата-энелерине эскертүүлөр берилди. Милиция кызматкерлери жаш балдарды көзөмөлсүз калтырбоо жана татыктуу тарбия берүү керектигин түшүндүрүштү.
Мындан сырткары 4 өспүрүмдүн ата-энелерине материалдар топтолуп, аларга карата чара көрүү үчүн Сузак райондук администрациясынын алдындагы жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө комиссиясынын карамагына жөнөтүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Read more...

Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн өспүрүм балдар менен иштөөчү инспекциясынын кызматкерлери кайыр сураган баланын үй-бүлөсүнө жардам беришти

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өспүрүм балдар менен иштөөчү инспекциясынын кызматкерлери 22-июль күнү Ош шаарынын аймагында тилемчилик жасап жүргөн 12 жашар Адилетти(аты өзгөртүлдү) кармашкан эле. Анда Адилет оорукчан апасы үчүн дарыга акча топтоп жаткандыгын айткан. Кызматкерлер баланын убактылуу жашаган үй дарегин билишип, аны жашаган аймагы боюнча Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүп беришкен болчу.

Баланын зиректиги, апасынын ден соолугу үчүн көргөн камкордугу чын дилинен экендигин бала менен милиция кызматкерлери баарлашкан учурда байкалган. Ошондуктан, жергиликтүү милиция кызматкерлерине өткөрүп берип гана жөн койбостон 23-июлда аталган дарек боюнча Ак-Буура милиция бөлүмүнүн өспүрүм балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Кара-Суу шаарына барышып, кичинекей камкор баланын үй шарты менен таанышып келишти. Баланын апасы чындыгында оорукчан, иштегенге дарманы жок. Жашаган үйү аябай эски, шарты жок. Өз үйү жок. Убактылуу батирде турушат. Апасынын ден соолугуна байланыштуу врачтар жалпы суммасы 7 миң сомдук дары жазып берген. Адилет ошол акчаны топтоо үчүн тилемчилик жасап жүргөндүгү чын болуп чыкты. Бул үй –бүлөнүн оор шарты өзгөчө милиционер кыздардын көзүн жашылдантып, ал жерден келээри менен инспекторлор бул үй-бүлөгө жардам берүүнү чечишти. Кечинде аталган үй-бүлөгө кайра чогуу барышып, кичинекей Адилетке жана анын 5 жашар инисине таттууларды, ал эми апасына ошол рецепте жазылган 7 миң сомдук дары-дармекти жана азык-түлүк үчүн 5 миң сом акчалай жардам көрсөтүп келишти. Кичинекей жамааттын бул жасаганы башкаларга үлгү.

«Үй-бүлөнүн шарты оор. Апасы Асылгүлдүн (аты өзгөртүлдү) оорукчан экендиги көрүнүп турат. Буларга жардам берген жакын туугандары деле жок экен. Кайын журту болсо күйөөсү каза болгондон кийин үйдөн айдап чыгыптыр. Бул биз берген каражат түгөнгөндөн кийин бул Адилет апасын жана 5 жашар инисин багуу үчүн кайрадан эле көчөгө чыгышы мүмкүн. Буларга такай колдоо керек экен» дешет Ак-Буура милиция бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлору. Инспекторлор Адилетке балмуздак үчүн берген майда акчаны дагы балмуздак албастан апасына бергенин көрүп, жаш балага ыраазыболушуп, ошол эле мезгилде балалык доору үй-бүлө багуу менен өтүп жаткандыгына өкүнүштү.

Бул үй-бүлө колдоого муктаж. Жөнөкөй кийим кечектен тартып, азык-түлүккө дагы муктаждыгы көрүнүп турат. Кимде ким жардам көрсөтүүнү кааласаңыздар милициянын лейтенанты Айчүрөк Артыковага 0999-69-99-69 номери аркылуу кайрылып, бул үй-бүлө тууралуу маалымат алсаңыздар болот.

Ош ШИИБдин  Басма сөз кызматы

 

Read more...

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13