wrapper

ГУОБДД МВД КР

ГУОБДД МВД КР (76)

7-августта Ош ШИИИБине 28 жаштагы К.Н. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган.7-августта саат 14:00дөр чамасында Ош шаарынын бобордук базарынан белгисиз адам, күчкө салып “Нокиа” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алган. Ош ШИИБинин патрулдук милиция кызматкерлери изи сууй электе 28 жаштагы К.Т. аттуу Алай районунун тургунун кармашкан.Кармалган адам Ош ШИИБине жеткирилди. Тергөө амалдары башталды.

8-августта саат 02:00дөр чамасында Жумгал районундагы Кочкор-Арал унаа жолунан патрулдук милиция кызматкерлери “Ауди-С4” үлгүсүндөгү унааны  токтотушуп кароого алганда, 900 грамм баңгизаты табылган.

28 жаштагы Д.Н.аттуу Чаек айылынын тургуну,23 жаштагы Н.Т. аттуу Чаек айылынын тургуну,28 жаштагы К.К. жана 24 жаштагы К.К. аттуу Түп районунун тургундары кармалган. Кылмышка шектүү адамдар Жумгал РИИБине жеткирилишкен.Тергөө амалдары жүрүүдө.

56 жаштагы Ш.А. аттуу адам милиция кызматкерлерине кайрылган. Ал өзүнүн унаасы менен “Дизель” фирмасында таксист болуп иштейт. Кардарлар тарабынан чакыруу болгондуктан, дарек боюнча кардарды алып кетүүгө барган. Кардар мейманкананын ичинде бир аз күтүп туралы анан Манас аэпортуна кетебиз деген таксистке. Айдоочунун унаасынын ачкычын алдап сурап алып, унаа менен белгисиз тарапка багыт алып кеткен. Андан соң, Ш.А. 102 кызматына чалып, окуяны айтып берген.

5-августта саат 02:40дар чамасында патрулдук милиция кызматынын экипажы чыгып, Ден-Сяопин, Алыкул көчөлөрүнүн кесилишинен “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Бул фактыга байланыштуу 28 жаштагы М.А. кармалган. Тергөө амалдары жүрүүдө.

4-августта саат 02:50лөр чамасында 102 кызматына билдирүү келип түшкөн. Бишкек шаарынын Трудовая көчөсүндө адам өлүмү катталган. Окуя болгон жерге патрулдук экипаж барган. Патрулдук милиция кызматкерлери кароого алганда, 27 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Ал бул даректе убактылуу жашап келген.

Үйдө күйөөсү жана 6 жаштагы баласы болгон. Күйөөсүнүн айтымына караганда, буга чейин эле бир нече ирет үй-бүлөлүк чыр-чатак болгон. Чыр-чатактан соң, аялы уктап жатканда аны муунтуп салган.

Андан соң баласы ойгонуп тез жардам кызматына чалган. Кармалган адам Ленин РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүүдө.

21-июлда саат 07:30дар чамасында белгисиз унаа Кулиев көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинен “Хонда Фит” унаасы менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынан соң айдоочу окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Жол кырсыгынан улам “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаанын 7 жаштагы жүргүнчүсү жараат алып №3 балдар ооруканасына жеткирилген.

Бишкек ШИИБинин Патрулдук милиция башкармалыгы жол кырсыгынын күбөлөрүнөн өтүнүч катары суранат. Окуяга күбө болгондор унаанын айдоочусу тууралуу маалыматты нөөмөт бөлүмүнүн (0312) 53-22-33, 0701 102 681 телефондоруна күнү-түнү чалып кабарласаңыздар болот.

Бишкек ШИИБинин Патрулдук милиция башкармалыгы жол кырсыгына кабылган айдоочу өз ыктыяры менен келишин суранат.

18-июлдан 19-июлга караган түнү саат болжол менен 23:30 чамасында Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын тургуну 29 жаштагы А.Н. өзүнө таандык болгон “Ауди 80” үлгүсүндөгү автоунаасы менен Бакай-Ата айылынын Эркинбек көчөсү менен батыштан чыгышты карай башкарып бара жатып, жол жээкте кетип бара жаткан ошол эле айылдын жашоочусу 19 жаштагы А.ны койдуруп кетип, окуя болгон жерден белгисиз тарапка качып кеткен.

Натыйжада жабырлануучу денесинин жаракат алып, Бакай-Ата райондук ооруканасына жеткирилген.

Бакай-Ата РИИБнүн Патрулдук милиция  бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан  ыкчам иш алып барууларынын негизинде изи сууй электе жогорудагы кылмышты жасап, окуя болгон жерден качып кеткен автоунаанын айдоочусу кармалып ИИБнө өткөрүлүп берилген. Учурда текшерүү иштер жүргүзүлүүдө.    

                                   

ИИМдин Басма сөз кызматы                                                           

                                                                 

Страница 6 из 6

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

Милиция: 102

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

+ 996 312 26 62 90 (тел/факс), +996 312 26 62 54