wrapper

ГУОБДД МВД КР

ГУОБДД МВД КР (76)

2-февралда Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 22 жаштагы Б.А. аттуу адам саат 04:00дөр чамасында денесине зазал келтиргендиги боюнча кайрылган.
Чүй ОИИББнын патрулдук милиция кызматкерлери менен Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери биргеликте 23 жаштагы Т.Т. аттуу Жалал-Абад облусунун тургунун кармашкан.
Кылмышка шектүүгө карата кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгы 16-январда Сокулук районунун Дача-Суу айылында учак кырсыгынан улам каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бир күндүк маянасын берет. Мындай чечим 17-январда Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын жыйынында кабыл алынды. Жыйын Кыргыз Республикасынын Чуй олусунун Дача-Суу айылында учак кырсыгынан каза болгон жарандарды эскерүү иретинде бир мүнөттүк тыныгуу менен башталды. Кыргыз Республикасынын Патрулдук милициянын өздүк курамы каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрү жана Дача-Суу айылынын бардык тургундары менен бирге кайгы-капасын терең бөлүшөт.

13-октябрда патрулдук милиция кызматкерлери Сокулук районунда рейд өткөрдү.Рейддин жүрүшүндө Чүй облустук патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматкери милициянын капитаны Тилек Исаевди саат 20:30дар чамасында “Субару-Легаси” үлгүсүндөгү унаа сүзүп кетти. Жабырлануучу денесинен жараат алып ооруканага жеткирилди. Унааны 24 жаштагы А.Т. аттуу Сокулук районунун тургуну башкарып бара жаткан. Унаа айдоочунун эжесине таандык болгон, ошондой эле айдоочулук күбөлүктөрү дагы болгон эмес.
Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу келип, иликтөө иштерин жүргүзүштү. Унаанын айдоочусу жана окуянын күбөлөрү тиешелүү көрсөтмөлөрүн беришти. Азыркы тапта жол кырсыгы боюнча Сокулук РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан иликтөө иштери башталды.
ИИМдин Басма сөз кызматы

2016-жылдын 9-декабрда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Нарын облусунун тоолуу райондорунда, Нарын-Казарман унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94 чакырымдарындагы (Ийри – Суу участкасынын 42-44 км) көчкү түшүү коркунучу күтүлүүдө. Жол кырсыктарын алдына алуу, көчкү түшүү коркунучун эске алуу менен Нарын облустук патрулдук милиция бөлүмү айдоочуларды, унааларын техникалык жактан жабдуу менен бардык жол эрежелеринин коопсуздугун сактоосун эскертет.

22-ноябрда “Афган” ардагерлеринин Россиялык Союзунун Кыргызстандагы өкүлү Николай Юрченко патрулдук милиция кызматкерлерин медалдар менен сыйлады.

Бишкек  шаардык  патрулдук  милиция  башкармалыгынын өздүк  курамын  “Афган”  ардагерлеринин  Россиялык  Союзунун  Кыргызстандагы  өкүлү Юрченко Николай Дмитрьевич, милиция  кызматкерлерин өтүп  кеткен кесиптик  майрамы  менен куттуктап  жаш  кызматкерлерге жылуу  сөздөрүн  айтып, кандай  кырдаал  болбосун ар  дайым милиция  кызматкерлери  менен  Афган  согушунун ардагерлери  бирдикте иш  алып  барып жүргөндөрүн  баса  белгиледи. Жаш  кызматкерлерге  туура патриоттук  тарбия  берүү  менен  кызматындагы  жетишкендиктери   үчүн патрулдук  милиция  башкармалыгынын  башчысынын  орун  басары  милициянын  полковниги  С.Бейшеналиев, ПМБнын  издөө  бөлүмүнүн башчысы  милициянын  подполковниги Майназаров А., ПМБнын  издөө  бөлүмүнүн  ага  инспектору  милциянын  капитаны Ч.Маматовдор “Жаштарды  мекенчилдикке  тарбиялоодогу  эмгеги  үчүн” медалдар  менен  сыйланышты.

Патрулдук  милиция  башкармалыгынын  башчысы  милициянын  полковниги Т.Барпиев,  патрулдук  милициянын кызматкерлеринин кызматын  жогору  баалап, сыйлыктарды  тапшыргандарына  терең  ыраазычылык  билдирүү  менен  мындан  ары  дагы кызматтык  милдеттерибизди  аткарууда   Мамлекетибиз  тарабынан алдыбызга  кандай  тапшырмалар койулбасын  так  аткаруу  менен Афган  согушунун  ардагерлер  Союзу  менен   ар  дайым  тыгыз  байланышта чогуу  иш  алып барылаарын белгиледи.

18-ноябрда жол кырсыгынан каза тапкандарды эскерүү күнү белгиленди.

Каза тапкандарды эскерүү күнүндө ИИМдин патрулдук башкы башкармалыгынын кызматкерлери иш-чараларды өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө №3 балдар ооруканасында жол кырсыгынан жабыр тарткан балдарга белектер берилди.

Иш-чара саат 08:30да башталды.

Андан соң жеңиш аянтында жол кырсыгынан каза тапкандарга арналган митинг болду. Уюштуруучулар жана иш-чаранын катышуучулары 2015-жылы жол кырсыгынан канча бала каза тапса, ошончо шарды асманга учурушту.

Иш-чарага ИИМдин патрулдук милиция башкы башкармалыгынын кызматкерлери, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери, коомчулуктун өкүлдөрү, жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн командасы катышты.

Мындан тышкары, уюштуруучулар тарабынан жол кырсыгынан каза тапкандарды эскерген социалдык ролик көрсөтүлдү.

Чүй облусунун патрулдук милиция кызматкерлери Токмок шаарында рейд өткөрүштү. Рейддин жүрүшүндө жалпысынан 49 айдоочу жол эрежесин бузган. 6 айдоочу мас абалында болсо, 11 айдоочунун документи жок болгон. 15 унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулду.

Патрулдук милиция кызматкерлери Абыл Джапаркулов аттуу Токмок шаардык кеңешинин депутаты “Хонда” үлгүсүндөгү  унаасын документи жок айдап жүргөн жеринен кармашты. Анын унаасы айып пул төлөөчү жайга коюлду.

Рейддин жүрүшүндө, “Ниссан-Алмера” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу тиешелүү документтери жок жүргөн.Айдоочу өзүн Азамат деп тааныштырып патрулдук милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, андан соң гана баш ийип берди. Унаасы айып пул төлөөчү жайга коюлду.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Чүй облусунун патрулдук милиция кызматкерлери Аламүдүн районунда  рейд өткөрдү. Рейддин жүрүшүндө 22 айдоочу жол эрежесин бузса, 8 унаа айып пул төлөөчү жайга коюлду. 3 адам мас абалында унаа башкарып бара жатып кармалды. 4 айдоочу тишелүү документтери жок унаа башкарып жүрүшкөн. Ал эми эки унаанын мамлекеттик номери жок болуп чыкса, 1 унаага башка унаанын номери салынып жүргөн.

Рейддин жүрүшүндө, Аламүдүн районунун Бер-Булак айылынын тургундары патрулдук милиция кызматкерлери өз ишин аткарып жаткан маалда келип, тоскоолдук жаратып, Бер-Булак айылында рейд өткөргөнгө акыңар жок деп жаңжал салышкан. Патрулдук милиция кызматкерлери айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканда  жергиликтүү тургун кызматкерлерге каршылык көрсөтүп тартипти бузган. Патрулдук милиция кызматкерлери тартип бузган адамга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

ИИМдин Басма сөз кызматы

12-октябрда Чүй облустук патрулдук милиция кызматкерлери Кара-Балта шаарында кезектеги иш-чараларын өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө 9 мас айдоочу, 6 документи жок айдоочу, жол эрежесин бузган 34 айдоочу кармалды. Ошондой эле 14 унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулду.

Иш-чаранын алкагында, мас айдоочулар унаалары менен дагы качып кетүүгө аракет кылышты. Бирок  патрулдук милиция кызматкерлери ыкчам иш алып барып айдоочуларды качырганга мүмкүндүк берген жок.

Иш-чаранын негизги максаты жол кырсыгын азайтуу болуп саналат. Чүй облустук патрулдук милиция кызматкерлеринин өздүк курамы жол кырсыгын болтурбоо үчүн мындай иш-чараларды тез-тез уюштурушууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

5-октябрда саат 20:00дөр чамасында Ош шаарындагы А.Масалиев жана А.Навои көчөлөрүнүн кесилишинен патрулдук милиция кызматкерлери “БМВ” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Айдоочу унаасынын терезелерин караңгылатып алган. Аны текшергене жатканда унаасын айдап качып кеткен.

Патрулдук милиция кызматкерлери табелдик курал колдонуп, эскертүү иретинде абага ок жаңырткан.

Унаа милиция бөлүмүнө жеткирилген. Айдоочунун документтери болгон эмес.Кармалган адам 16 жаштагы Ош шаарынын тургуну болгон. Унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулду.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Страница 5 из 6

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

Милиция: 102

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

+ 996 312 26 62 90 (тел/факс), +996 312 26 62 54