wrapper

ГУОБДД МВД КР

ГУОБДД МВД КР (76)

Өткөн жумада патрулдук милиция башкы башкармалыгынын кызматкерлери 102 кызматына келип түшкөн 556 кайрылуу тейленген жана 48 кылмыштын бети ачылган. Коомдук коопсуздук боюнча бардыгы болуп 697 административдик протокол түзлгөн. Жол эрежелерин бузуу боюнча 11259 админстративдик протокол түзүлгөн. Унааны мас абалында башкаруу боюнча 168 протокол, документсиз унаа башкаруу 238, унааны жогорку ылдамдыкта айдоо 1020, унаанын терезелерин караңгылатуу боюнча 44, жол белгилеринин талаптарын бузуу 1434, кемер тагынбастан унаа башкаруу 3251, унаа башкарып бара жатып уюлдук телефон менен сүйлөшүү фактысы 2119 болгон. Ар түрдүү жол эрежесин бузгандар 2985 болгон. 337 унаа атайын унаа токтотуучу жайга коюлган. Республика боюнча 116 жол кырсыгы катталып, 163 адам жабыркаган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ПМББнын Басма сөз кызматы

Дүйнө жүзүндө ири эл аралык конференциялар, саммиттер өтүп, милиция кызматкерлери коопсуздук күчтөрүн күчөтүп жатышат. Мындай коопсуздук чаралары учурунда ченелүү убакыттарда жолдорду жапканга туура келет. Урматтуу шаар тургундары жана коноктору Бишкекте өтчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин отурумуна ЖККУнун мамлекет башчылары дагы бейрасмий түрдө катышат. Жол чектөөлөрүнө байланыштуу унааңыздарды үйүңүзгө калтырып, коомдук транспортту пайдалансаңыздар болот.

13-15-апрель аралыгында Жаш Гвардия, Фучик, Абдрахманов, Байтик Баатыр, Жибек Жолу, Чүй, Чыңгыз Айтматов, Тынчтык проспектилеринде убактылуу жол чектөөлөрү киргизилет.
Ошондуктан шаар тургундары жана коноктору убактылуу жол чектөөлөрүнө байланыштуу алдын ала башка жол каттамын тандап алууңузду өтүнөбүз.
ИИМдин ПМББнын Басма сөз кызматы

12-апрелде Нарын ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 57 жаштагы А.Э. аттуу Нарын шаарынын тургуну кайрылган. Анын айтымында, 12-апрелде саат 14:20лар чамасында белгисиз унаа Ленин көчөсү менен Мамбетаалы уулу Т. көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чийининен 10 жаштагы Ж.М.ны сүзүп из жашырып кеткен. Жабырлануучу алган жараатынан улам ооруканага жеткирилген.
Нарын облусунда атайын ыкчам иш-чаралары өткөрүлүп кылмышка шектүү катары 27 жаштагы Т.К. аттуу адам кармалган. Ал “Дайхатсу” үлгүсүндөгү унааны башкарып жүргөн. Кылмышка шектүүнүн унаасы убактылуу айып пул төлөөчү жайга токтотулган.
Бул факты боюнча КРнын мыйзамдарынын негизинде кылмыш жоопкерчилиги каралган.
ИИМдин ПМББнын Басма сөз кызматы

4-апрель күнү Чүй облустук патрулдук милиция башкармалыгы Токмок шаарында жана Чүй районунун аймагында “Абайла балдар” аталышындагы иш-чараларды уюштурушту.Чүй облустук патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан Токмок шаарынын мектеп окуучулар арасында класстык сааттарын уюштурушуп, жолдо жүрүү эрежелерин үйрөтүштү.

Аталган иш-чаранын максатынын себептеринин бири акыркы мезгилдерде жол кыймылынын катышуучуларынын арасында жаш өспүрүмдөрдүн катышуусу менен болгон жол кырсыктары көбөйгөндүгү байкалууда. Ошондуктан жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында Токмок шаарынын жана Чүй районунун башталгыч класстарынын окуучулары арасында жолдо жүрүү эрежелерин үйрөтүү ар бир мектептин жаш тескөөчүлөрдүн командаларынын коштоосунда өткөрүлдү.

Чүй облусунун аймагында жаш өспүрүмдөрдүн катышуусу менен болгон жол кырсыктары былтыркы жылга салыштырмалуу төмөн болгондугуна карабастан, окуучулар арасында алдын алуу иш-чаралары байма-бай уюштурулуп келүүдө.

Бишкек-Нарын-Бишкек каттамына чыгууга даярданып жаткан айдоочулар жана жүргүнчүлөр, Бишкек -Торугарт унаа жолунун 298 чакырымында ӨКМ тарабынан болжол менен 40000 куб кар көчкүсү атып түшүрүлүп жол жабылды, азыркы учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Тазалоо иштери болжол менен 6-8 саатка созулушу мүмкүн. Бөөдө кырсыкты алдына алуу максатында Нарын ОИИБ боюнча ПМБнун кызматкерлери эскертүү иштерин жүргүзүүдө.Туура түшүнүп кызматкерлердин сөзүн угуп, жолго чыга элек болсоңуздар, жолго чыгууну убактылуу токтотуп турууңуздарды өтүнөбүз.

ИИМдин Патрулдук милициясы тарабынын «Коомдук транспорт» жана «Техникалык абал» аттуу иш-чаралар өткөрүлүүдө. Текшерүү учурунда Республиканын аймагында жүргүнчүлөрдү ташып жаткан кичи автобустардын техникалык абалдарына көз жүгүртүлдү. Рейдтин учурунда 154 коомдук унаалардын административдик укук бузуулары катталган. Анын ичинен 136 фактысы ар кандай тетиктери оң абалда болбогондугуна байланыштуу жана өз алдынча автоконструкциясын өзгөртүп жабдуулагандыгы аныкталган, 15 айдоочу жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузгандыгы аныкталып, 3 кичи автобус тийиштүү документтери жоктугунан атайын унаа токтотуучу жайына киргизилген. Ар бир факт боюнча административдик протоколдору толтурулган. Бул иш-чаранын максаты коомдук транспорттун катышуусундагы жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо болуп саналат. Мындай иш-чаралар Республиканын аймактарында 2017-жылдын 24-мартынан 7-апрелге чейин улантылат.

ИИМдин ПМББнын Басма сөз кызматы

Өткөн жумада патрулдук милиция башкы башкармалыгынын кызматкерлери "102" кызматына келип түшкөн 695 кайрылуу тейленген жана 52 кылмыштын бети ачылган. Коомдук коопсуздук боюнча бардыгы болуп 890 административдик протокол түзлгөн. Жол эрежелерин бузуу боюнча 15173 админстративдик протокол түзүлгөн. Унааны мас абалында башкаруу боюнча 365 протокол, документсиз унаа башкаруу 403, мамлекеттик номери жок унаа башкаруу 45, унаны жогорку ылдамдыкта айдоо 1249, унаанын терезелерин караңгылатуу боюнча 50, жол белгилериндеги талаптарды бузуу 1766, кемер тагынбастан унаа башкаруу 4320, унаа башкарып бара жатып уюлдук телефон менен сүйлөшүү фактысы 3085 болгон. Ар түрдүү жол эрежесин бузгандар 3890 болгон. 635 унаа атайын унаа токтотуучу жайга коюлган. Республика боюнча 96 жол кырсыгы катталып, 147 адам жабыркаган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ПМББнын Басма сөз кызматы

Бир жума аралыгында патрулдук милиция башкы башкармалмалыгы тарабынан жарандардардан келген 745 кайрылуу тейленген.
15 кылмыштын бети ачылып, коомдук коопсуздук эрежелерин сактабагандарга карата 544 админстративдик протокол түзүлсө, жол эрежелерин бузуу боюнча 13354 админстративдик протокол түзүлгөн.376 унаа атайын унаа токтотуучу жайга коюлган. Унааны мас абалында башкаруу боюнча 169 протокол, документсиз унаа башкаруу 317, мамлекеттик номери жок унаа башкаруу 24, унааны караңгылатуу 31, унааны жогорку ылдамдыкта айдоо1203, жол белгилериндеги талаптарды бузуу 1857, кемер тагынбастан унаа башкаруу 3469, унаа башкарып бара жатып уюлдук телефон менен сүйлөшүү фактысы 3469, ошондой эле башка жол эрежелерин бузуу боюнча 3792 факты катталган. Республика боюнча 90 жол кырсыгы катталып, 118 адам жабыркаган.

27-февралда ОАО "Үмүт" фирмасынын айдоочусу Ысык-Ата районунун Кең-Булун айылынын тургуну 50 жаштагы К.И. арыз менен кайрылган. Себеби, 27-февраль күнү болжол менен саат 17:40дар чамасында Чүй районунун Арал айылынан Бишкек-Токмок жолунан ОАО "Үмүт" фирмасына тиешелүү "ЛАЗ 42021" үлгүсүндөгү жумушчуларды ташуучу автобусунун арткы оң каптал терезесин белгисиз азият улутундагы, болжол менен жашы 20-25 жаштагы бала таш менен сындырып кеткенин билдирген. Натыйжада ОАО "Үмүт" фирмасына келтирилген материалдык зыян такталууда.
Чүй облустук Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан, ыкчам иш-аракетинин натыйжасында, изи сууй электе, жогорудагы кылмышка шектүү делип мурда соттолбогон, убактылуу эч жерде иштебеген Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну 24 жаштагы Д.Э. аттуу жараны кармалып, Чүй РИИБнүн тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш процессуалдык кодексинин 94-беренесинин негизинде Токмок ШИИБнүн убактылуу жайына киргизилди.

Өткөн жумада патрулдук милиция башкы башкармалыгынын 102 кызматына келген 750 кайрылуу тейленген жана 25 кылмыштын бети ачылган. Коомдук коопсуздук боюнча бардыгы болуп 611 протокол түзлгөн. Жол эрежелерин бузуу боюнча 14072 админстративдик протокол түзүлгөн. Унааны мас абалында башкаруу боюнча 261 протокол, документсиз унаа башкаруу 344, мамлекеттик номери жок унаа башкаруу 24, унаны жогорку ылдамдыкта айдоо 1371, унааны караңгылатуу 33, жол белгилериндеги талаптарды бузуу 2039, кемер тагынбастан унаа башкаруу 3637, унаа башкарып бара жатып уюлдук телефон менен сүйлөшүү фактысы 2509 болгон. Ар түрдүү жол эрежесин бузгандар 3854 болгон. 503 унаа атайын унаа токтотуучу жайга коюлган. Республика боюнча 132 жол кырсыгы катталып, 169 адам жабыркаган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ПМББнын Басма сөз кызматы

Страница 4 из 6

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

Милиция: 102

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

+ 996 312 26 62 90 (тел/факс), +996 312 26 62 54