wrapper

ГУОБДД МВД КР

ГУОБДД МВД КР (76)

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан Чүй облусунун Жайыл районунун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында рейд жүргүзүшүп, жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларга карата тиешелүү чараларды көрүштү.
Жогорудагы рейд Чүй облустук ЖКККБгы тарабынан 2018-жылдын 7-февраль күнү саат 10:00дон кечки 18.00 чейин өткөрүлгөн. Иш-чаранын негизги максаты район аймагында болуп жаткан жол кырсыктарын азайтуу, алдын алуу, болтурбоо жана жол кыймылынын катышуучуларынын арасында одоно жол бузган айдоочуларга карата тиешелүү чараларды көрүү.
Аталган рейддик иш-чаранын алкагында район аймагында жалпы жонунан жол эрежесин бузган 178 факты аныкталса, анын ичинен мас абалда автоунаа башкарган 2 айдоочу кармалып, тиешелүү чаралар көрүлгөн. Ал эми, 31 айдоочуга автоунааларын жогорку ылдамдыкта башкаргандыгы, 1 айдоочуга унааны мамлекеттик номуру жок башкаргандыгы, 2 айдоочуга унаанын терезелерин караңгылатып башкаргандыгы, 18 айдоочуга тийиштүү документтери жок унаа башкаргандыгы үчүн, ошондой эле, андан башка жол кыймылынын эрежелерин бузган 125 айдоочуга административдик протоколдор түзүлүп, 28 автоунаа атайын айып төлөнүүчү аянтчаларга токтотулду.

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

2018-жылдын 24-январында Бишкек ШИИББнин ЖКККБнын штабынын кызматкерлери жол-трансорт кырсыктарын алдына алууга жана балдардын жолдон жаракат алуусун азайтуу максатында Бишкек шаарынын №81 орто мектебинин 1-классынын окуучуларына ачык сабак уюштуруп өткөрүштү.
Мектеп окуучуларына жол коопсуздугун камсыз кылуу жана жол пайдалануучулардын милдеттери, ошондой эле жол эрежелери боюнча терминдер менен тааныштырып, жолдо жөө жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын ортосунда өз ара аракеттенүү жөнүндө сабак өткөрүштү.
ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

Нарын облусунун аймагында жол эрежесин бузган айдоочуларды аныктоо максатында Нарын ОИИБнин ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан 2018-жылдын 13-январынан 24-январга чейин «Бахус» аталыштагы рейд өткөрүлдү.
Рейд убагында жол эрежесин бузгандарга 795 административдик протокол түзүлүп, анын ичинен спирт ичимдигин ичип автоунаа башкарган 16 айдоочу аныкталды. Тийиштүү документтери жок 21 айдоочуга административдик протоколдор түзүлгөн. Атайын айып пул төлөчү аянтчага ар кандай жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулардын 21 автоунаасы токтотулду. Токтоого тыюу салынган жол белгисинин талабына баш ийбегендиги үчүн 37 айдоочуларга административдик протоколдор түзүлдү.

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

2018-жылдын 20-январь күнү болжол менен саат 19.30 чамасында “Бишкек-Нарын-Торугарт” унаа жолунун 59-чакырымында Чүй районунун Арал айылынан белгисиз айдоочу белгисиз унааны башкарып келе жатып жол тилкесинен түштүктү карай өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Жол кырсыгынын кесепетинен, Токмок шаарынын 42-жаштагы тургуну алган жаракаттарынан жол кырсыгы болгон жерде каза болгон.
Жол кырсыгы Чүй РИИБде катталып, бул факты боюнча Чүй облустук ЖКККБнын Чүй, Кемин райондук жана Токмок шаардык ЖКККБнын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам-издөө иштерин жүргүзүп, жол кырсыгы болгон жерге жакын жайгашкан видео-көзөмөл камераларын карап чыгып, болжол менен ошол маалда өткөн унааларды иликтөө менен, күмүш түстөгү унааны аныкташкан. Унааларды каттоо бөлүмүнөн эки жүздөн ашык автоунаалардын каттоо тизмесин алып, ар бирине текшерүү жүргүзүүнүн натыйжасында, Кемин районунун айылдарынын биринен маңдайы ийилген, жарык берүүчү фарасы алмашылган “Ниссан-Примьера” үлгүсүндөгү автоунаа шектелип, ээсин суракка алган учурда, күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.
Ал эми, “Ниссан-Примьера” үлгүсүндөгү автоунаа Чүй райондук ИИБнин атайын токтотулуучу жайына киргизилип, 52 жаштагы А.С. ааттуу унаанын ээси тергөө кызматынын тергөөчүсүнө өткөрүлүп берилди.
Жол кырсыгы боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси менен кылмыш иши козголуп, айдоочу убактылуу камалуучу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Чүй облустук ЖКККБнын Басма сөз кызматы

Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 568-1 беренесине ылайык “Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу” ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги “Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоонун, аларды атайын унаа токтотуучу жайларына жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруу боюнча сынак жарыяланып, жыйынтыгында “Портал групп” ЖЧКсы жеңүүчү аталган.
“Портал групп” ЖЧКсы эвакуациялоого мажбур болгон автотранспорт каражатын жеткирүүну колго алат. “АЮ Гарант” ЖЧКсы жана “Портал групп” ЖЧКсы бекитилген камсыздандыруу полисине ылайык транспортту көчүрүүдө мүлккө зыян келтирилсе “АЮ Гарант” ЖЧКсы жана “Портал групп” ЖЧКсы (камсыздандыруучу компаниясы тарабынан) унаа ээсине келтирилген чыгымды төлөп берет.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББсы айдоочулар унааларын талапка жооп бербеген жерге токтоткон учурда эвакуацияланарын эскертет. Автоунаалар 7.21 “Эвакуатор”» жол белгиси коюлган жерлерде эвакуация кылынат. Белгилер унаа жолдун көйгөй жараткан тилкелерине, соода борборлорунун жанына, транспорт каражаттарынын өтүүсүнө тоскоолдук жараткан жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерлерге коюлат. Маалыматта белгиленгендей, эвакуацияланган унааларды ташууга жана сактоого кеткен чыгым административдик эреже бузган жаран тарабынан төлөнөт. Унаа ээлери эвакуациланган учурда 1350 сом төлөйт.
ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

2017-жылдын 12-декабрь күнү саат 06:45до Кыргыз Республикасынын ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өздүк курамы таңкы саптан өтүштү.
ЖКККББнын кызматкерлери үчүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдын талаптарын аткаруу, аймактардын ыкчам абалдарын көзөмөлгө алуу, кызмат учурунда жеке коопсуздукту камсыз кылуу, жол кыймылынын эрежелерин бузууну алдын алуу боюнча маалымат берилди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттар аныкталып, коомдук аялдамаларда токтоо эрежелерин жана автоунаанын терезелерин караңгылатуу эрежелерин бузгандарды, мас абалында автоунааны башкаргандарды аныктоо боюнча тапшырмалар берилди.
Бишкек шаарынын аймагында бул иш-чараны өткөрүү үчүн ЖКККББнын борбордук аппаратынын, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын кызматкерлери катышты.
Жогоруда аталган иш-чаранын негизинде бир катар жол кыймылынын эрежелерин бузган фактылар аныкталган.
- Мас абалында автоунааны башкаруу-34;
- Жол өтмөгүнөн өтүү эрежелерин бузган, жарышуу, карама-каршы тарапка өтүү, жол белгилеринин, токтоо эрежелеринин талаптарын аткарбоо-1499;
- Ылдамдык эрежелерин бузуу-239;
- Коопсуздук курун тагынбастан автоунааны башкаруу -568;
- Автоунааны башкаруу учурунда байланыш каражаттарын (уюлдук телефон) колдонуу-562;
- Транспорттук каражаттардын терезелерин караңгылатуу -25;
- Автоунаанын мамлекеттик номурун өзүм билемдик кылып алып салуу-24;
- Автоунааны жасалма мамлекеттик номур менен башкаруу - 37;
- Тиешелүү документтери жок автоунааны башкаруу-23;
Атайын токтотуучу аянтчага 155 автоунаа киргизилип, жалпысынан жол кыймылынын эрежелерин бузган 3011 факты катталды.

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

Республиканын аймагында ЖКККББнын кызматкерлери жол-транспорттук кырсыктардын санын азайтууга, жол кыймылынын катышуучуларынын маданиятын жогорулатууга, жол абалын турукташтырууга багытталган алдын алуу иш-чараларын өткөрүп жатышат.
Ушул жылдын 4-10-декабрга чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери “Рульдамын” аталышындагы иш-чараны өткөрүштү.
Аталган иш-чара автоунааны мас абалында башкаруу менен жол кырсыктарына дуушар болууну алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.
Алардын ичинен: 199 айдоочу автоунааны мас абалында башкаргандар, жол кыймылынын ылдамдык эрежелерин аткарбаган 1006 айдоочу, жолдон өтүүдө жол чырактын белгилерине баш ийбеген 466 айдоочу, автоунааны техникалык кароодон өткөрбөгөн 228 айдоочу, жол белгилеринин талаптарын аткарбаган 2059 айдоочу, автоунааны айдоо күбөлүгү жок айдаган 210 айдоочу аныкталып, 522 айдоочунун автоунаасы айып пул төлөөчү аянтчага токтотулган.
ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери эскертет: Автоунааны мас абалында башкаруу бир гана айдоо күбөлүгүнөн ажыратпайт. Автоунааны мас абалында башкаруу менен кырсыкка кабылуу оор кесепеттерге алып келет. Ошондуктан, мас абалында автоунааны башкаруудан мурда ар бир айдоочу өзүнүн жана башка жарандардын өмүрүн коркунучка алып келээрин ойлонуу керек. Бул иш-чара ар бир аймактарда уланууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

2017-жылдын 29-ноябрь күнү болжол менен саат 23:45 чамасында Кадамжай районунун Майдан айыл аймагына караштуу Сары-Алтын айылынын 33 жаштагы М.Т аттуу тургуну өзүнө таандык “Дэу-Нубира” үлгүсүндөгү автоунаасында 67 жаштагы М.Ж аттуу апасы, 30 жаштагы М.Б. аттуу жубайы, 3 жашар Т.А. аттуу кызы жана туугандары Марказ айыл аймагына караштуу Көк-Талаа айылынын 76 жаштагы А.С. жана 56 жаштагы С.А. аттуу тургундары болушуп, Кызыл-Кыя шаарындагы “Алтын-Казына” тойканасында болгон тойдон үйлөрүнө кайтып келе жатып жол кырсыкка кабылышкан. Бул кырсык Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылынын Хасанобод көчөсү аркылуу өтүүчү Ош-Исфана автоунаа жолунун 87-чакырымында катталган. М.Т. аттуу айдоочу автоунааны башкара албай бетон тосмону, андан кийин эт сатуучу дүкөндү сүзүп автоунаа оодарылып кеткен. Натыйжада “Дэу-Нубира” үлгүсүндөгү автоунаанын М.Т. аттуу айдоочусу, М.Ж. аттуу апасы жана А.С. аттуу тайэжеси жол кырсыгынан алган оор жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болушкан. Ал эми айдоочунун М.Б. аттуу жубайы, Т.А. аттуу кызы жана С.А. аттуу тайэжеси денелеринен жарат алышып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген.
Бул факт боюнча соттук-медициналык жана соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалып, текшерүү иштерин жүргүзүлүүдө.

Баткен ОИИБнин Басма сөз кызматы

2017-жылдын 24-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында өтүүчү Кыргыз Республикасынын башчысы кызматына расмий түрдө киришүү аземин өткөрүүгө байланыштуу автоунаалар үчүн Бишкек шаарынын кээ бир көчөлөрү убактылуу жабылат.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин патрулдук милиция башкы башкармалыгы 2017-жылдын 24-ноябрь күнү Бишкек шаарынын айрым көчөлөрү, анын ичинен Ч. Айтматов, Манас жана Чүй проспектилери автоунаа каражаттары үчүн убактылуу жабылаарын эскертет.
Ушуга байланыштуу борбор шаарыбыздын жарандары жана коноктору түшүнүү менен кабыл алып, мүмкүн болушунча башка жолдорду тандоону сунуш кылат.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ПМББнын Басма сөз кызматы

Ушул жылдын 4-сентябрь күнү болжол менен саат 18:22 чамасында Бишкек шаарынын Фучика-Манас көчөлөрүнүн кесилишинен Э. А. аттуу жаш өспүрүмдү сүзүп алып, жол-транспорттук кырсык болгон жерден белгисиз айдоочу изин жашырып качып кетүүгө аракет кылган.
Кырыз Республикасынын ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын иликтөө кызматынын жетекчилиги алдында уюшулган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2004-жылы чыккан “Lexus RX-300” үлгүсүндөгү автоунанын ээси, 32 жаштагы Бишкек шаарынын М.Н. аттуу жашоочусу кармалган. Автоунаасы айып пул төлөө үчүн атайын токтотуучу жайга жеткизилген.
Чогултулган материалдардын негизинде унаанын ээси Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгы жогорудагы кылмыш ишинин бетин ачууга жардам көрсөткөн Жака аттуу жаранга ыраазычылыгын билдирет.

ИИМдин ПМББнын Басма сөз кызматы

Страница 3 из 6

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

Милиция: 102

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

+ 996 312 26 62 90 (тел/факс), +996 312 26 62 54