wrapper

ГУОБДД МВД КР

ГУОБДД МВД КР (76)

2018-жылдын 8-март күнү болжол менен 19:35 чамасында белгисиз айдоочу белгисиз унаа менен “Балыкчы-Ананьево-Каракол” унаа жолунун 166-чакырымындагы Ой-Булак айылынан 55 жаштагы А.Ж аттуу жергиликтүү тургунду сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
Ал эми, жабырлануучу алган жаракаттарынын кесепетинен окуя болгон жерден каза болгон.
Жол кырсыгы Түп РИИБде катталып, чогултулган иш-кагаздар райондук тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Ыкчам-издөө иштеринин негизинде, Түп РИИБнин жана ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан кылмыштын изин суутпай “Нива-Тайга” үлгүсүндөгү унаасы кармалып, 37-жаштагы К.А. аттуу айдоочу, Бишкек шаарынын тургуну Түп райондук ИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

Мектеп окуучуларынын жазгы эс алуу күндөрүнүн алдында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери 28-февралдан 14-март күнүнө чейин “Абайлагыла балдар!” аталышындагы иш-чара өткөрүшүүдө.
Жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында Чүй облусунун Аламүдүн районунун жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү 2018-жылдын 9-март күнү район аймагындагы мектептерде жол эрежелерин сактоо боюнча сабактарды өтүштү.
Ошону менен бирге район аймагында авто-жүрүш өткөрүлдү. Жүрүштүн катышуучулары коомдук унаалардын акыркы аялдамаларына токтоп айдоочулар менен дагы түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүшүп, коомдук унааларга атайын стикерлерди чапташты.
Эске алсак, жаш өспүрүмдөр жол кырсыктарына дал ушул эс алуу маалдарында улуулардын көзөмөлү аз кезде учурайт. Мунун баары өспүрүмдөр арасында жол эрежелерин билбегендик жана улуу муундун өспүрүмдөргө болгон кайдыгерлигинен келип чыгып жатат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери өспүрүмдөр алдында улуу муундун жана ата-энелердин жоопкерчилигин көтөрүү жана жаш кезинен тийешелүү иш алып баруу менен жоюга аракеттенүүдө.
Сабак өтүүнүн жана жүрүштүн негизги максаттары жол кырсыктарын алдын алуу, болтурбоо жана ошондой эле, жаш өспүрүмдөргө жолдо жүрүү эрежерин эске салуу жана үйрөтүү.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББы айдоочуларды бала-бакчалардын, мектептердин жандарынан, жөө жүргүнчү өтүүчү жайлардын жанынан, аялдамалардан, өспүрүмдөр ойноп жүргөн короолордон жолдо жүрүү эрежелерин так сактоого чакырат.

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

Москва району боюнча ЖКККБнын кызматкерлери 2018-жылдын 9-март күнү ар бир мектептердин окуучуларына жол эрежелери боюнча сабак өтүштү.
Сабак учурунда окуучуларга жол чырактар, жол белгилер, жолдон өтүүдө жөө жүргүнчүлөрдүн милдеттери жана жол кыймылынын эрежелери тууралуу түшүндүрмөлөрдү беришти.
Андан соң, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жол кыймылынын жаш тескөөчүлөр командасы менен бирге Беловодск шаарчасынын көчөлөрүндө жөө жүргүнчүлөргө жолдон туура өтүү боюнча түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзүштү.
Бул иш чара – жол кырсыктарын алдын алуу максатында уюштурулуп, улуу жана кичүү муунду жолдо жүрүү эрежелерин сактоого үндөө үчүн өткөрүлдү.

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

Жакында, Бишкек шаарынын Түштүк магистраль аймагында ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп жаткан учурда автоунаа башкарып бара жаткан айдоочу шектүү катары токтотулган.
Мас абалында автоунааны башкаргандыгы үчүн шектелип, 1983-жылы туулган С.Ч. аттуу айдоочу кармалып, алкоголдун белгилерин текшерүү үчүн экспертизага алып барышканда, канында баңгизаттын курамы бар экендиги аныкталган.
Азыркы учурда баңгизатты колдонуп, мас абалында автоунааны башкарган айдоочуга карата административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.
Ошол эле күнү, айдоочу Кыргыз Республикасынын УКМКга чакырылган.
Жогорудагы факты боюнча тиешелүү кызматтар ыкчам иликтөө иштерин жүргүзө башташты.

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

2018-жылдын 22-февраль күнү болжол менен түнкү саат 21:10 чамасында Чүй облусунун  Ысык-Ата районунун  «Бишкек-Нарын-Торугарт» унаа жолунун 44-чакырымында белгисиз айдоочу белгисиз унааны башкарып келе жатып, азият улутундагы болжол менен 40-45 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
Жол кырсыгынын кесепетинен жөө жүргүнчү оор жаракат алып, окуя болгон жерден каза болгон.
Бул жол кырсыгы Ысык-Ата РИИБде катталып, бул факты боюнча Чүй облустук ЖКККБнын издөө бөлүмүнүн башчысы жана Ысык-Ата райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчылары тарабынан ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүп, жол кырсыгы болгон жерде калган унаанын алдынкы бамперлеринин сыныктары чогултуп, жакын жайгашкан видео-көзөмөл камераларын карап чыгып, болжол менен ошол маалда өткөн унааларды иликтөө менен “Мерседес” үлгүсүндөгү унааны аныкташкан.
Унааларды текшерүү менен күбөөлөрдү сурамжылоонун натыйжасында, Чүй облусунун Токмок шаарынын 28 жаштагы И.А. аттуу тургуну «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жаткан жеринен токтотулуп, айдоочуну суракка алган учурда, ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.
Ал эми, “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаа Ысык-Ата РИИБнин атайын токтотулуучу жайына киргизилип, айдоочу тергөө кызматынын тергөөчүсүнө өткөрүлүп берилди.
Жол кырсыгы боюнча бардык тийиштүү экспертизалар жүргүзүлүп, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан 2018-жылдын 12 -февралынан 18- февралына чейин республика аймагында жол кыймылынын эрежелерин бузган 23566 айдоочуларды аныкталып, аларга карата административдик протоколдор түзүлдү.
Алардын ичинен;
• Мас абалда автоунааны башкаргандар-284;
• Токтоого мүмкүн эмес жерге токтоткондор-495;
• автоунаанын алдынкы айнегин караңгылатып алгандар - 78,
• айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузгандар – 4807,
Ал эми, ЖКККББнын убактылуу атайын автоунаа токтотуучу жайына - 1171 унаа токтотулду.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББы айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактоону эскертет!

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

 

Чүй облусу боюнча ЖКККБгы тарабынан Чүй облусунун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында үгүт-насаат иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.
Ушунун негизинде Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан 2018-жылдын 12-февраль күнүнөн 18-февралга чейин бир жумалык рейд жүргүзүлгөн.
Иш-чаранын негизги максаты-облус аймагында болуп жаткан жол кырсыктарын азайтуу, алдын алуу, болтурбоо жана жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу.
Аталган рейддик иш-чаранын алкагында облус аймагында жалпы жонунан жол эрежесин бузган 5230 факты аныкталып, анын ичинен мас абалда автоунаа башкарган 35 айдоочу кармалган. Ал эми, 1061 айдоочуга автоунааларын жогорку ылдамдыкта башкаргандыгы, 9 айдоочуга унааны мамлекеттик белгиси жок башкаргандыгы, 7 айдоочуга унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатып башкаргандыгы, 87 айдоочуга тийиштүү документтери жок унаа башкаргандыгы үчүн, ошондой эле, андан башка жол кыймылынын эрежелерин бузган 3835 айдоочуга административдик протоколдор түзүлүп, 162 автоунаа атайын айып пул төлөнүүчү аянтчаларга токтотулду.

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

14-февраль күнү Бишкек шаары боюнча ЖКККБнын кызматкерлери бир күн ичинде 1156 жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларды аныкташты.
Мас абалында автоунаа башкарган 13 айдоочу, автоунаанын терезелерин караңгылатып айдаган 5 айдоочу, токтоо жана автоунааларды токтотуучу жерлердин эрежелерин бузган 480ден ашык айдоочу аныкталып, 40 автоунаа алынып кетти.
Жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочулардын 25 автоунаасы айып пул төлөөнүчү аянтчага жеткирилди. Аларга карата Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик кодексине ылайык тиешелүү чаралар көрүлдү.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББсы жол кыймылынын катышуучуларын жол кыймылынын эрежелерин сактоону чакырат.
Транспорт каражаттарын мас абалында же баңгизаттарды колдонуу менен башкаруу 10 000 сом өлчөмүндө айып пул салынып же 1 жыл автоунаа айдоо укугунан айрылат.

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

%PM, %15 %386 %2018 %14:%Фев

Абайлагыла, балдар!

Written by

Талас облусу боюнча ЖКККБ тарабынан 2018-жылдын 8–февралынан 13– февралга чейин облустун аймагында «Абайлагыла, балдар» аталышындагы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Рейддин негизги максаты жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыгын алдын алуу жана жол эрежелерин үйрөтү болуп эсептелет.
Иш-чаранын жүрүшүндө Талас облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери мектептерге барышып, жаш өспүрүмдөргө жол кыймылынын эрежелери тууралуу маалымат беришти.
ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

Акыркы убакта көк түстөгү жаркылдоочу маягы же үн чыгаруучу атайын сигналы иштетилген транспорт каражаттары жакындап келе жаткан учурда тоскоолдуксуз өтүшү үчүн айдоочу жолду бошотуп бербей жатканына байланыштуу Чүй облусунун аймагында Чүй облусу боюнча ЖКККБнын өздүк курамы “Маяк” аталышындагы рейдин уюштурушту.
Рейдтин максаты жаркырак маякчалар жана атайын бийик үн чыгаргычтар менен жабдылган атайын багыттагы автоунаанын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо, андан сырткары, айдоочуларга атайын бийик үн чыгаргычтары бар унааларды тоскоолдуксуз өткөрүүнү эстетүү.
Бул иш-чара 2018-жылдын 13-февраль күнү республиканын түштүк-түндүгүн байланыштырып кошуп турган Бишкек-Кара-Балта-Сосновка унаа жолунда өткөрүлдү. Рейдтин жыйынтыгы менен 200дөн ашык ар кандай жол кыймылынын эрежелерин бузуулар катталып, эки унаа атайын унаа токтотуучу жайга коюлуп, 54 айдоочуга жол кыймылынын эрежелеринин 3.3 бөлүмүн (Көк түстөгү жаркылдоочу маягы же үн чыгаруучу атайын сигналы иштетилген транспорт каражаттары жакындап келе жаткан учурда алардын жана алар коштогон, фараларынын жакынкы жарыктары иштетилүүгө тийиш болгон башка транспорт каражаттарынын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылуу үчүн айдоочулар жол берүүгө тийиш) бузгандыгы үчүн протоколдор толтурулуп, 500 сом өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик кодексинин 231-берененин 1-бөлүгү: Транспорт каражаттарынын жолдо жүрүү эрежелерин бузушу же жол кыймылына тоскоолдук кылышы, ошого тете болгон жаркырак маякчалар жана атайын бийик үн чыгаргычтар менен жабдылган атайын даярдалган автоунаалар менен мотоциклдердин тоскоолдуксуз жүрүшүн камсыз кылбаса -эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө административдик айып салууга алып келет. Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган ушул эле аракет, жашы жетпеген өспүрүмдөрдүн тарабынан жасалганда - эскертүү берүүгө алып келет.

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

Страница 2 из 6

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

Милиция: 102

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

+ 996 312 26 62 90 (тел/факс), +996 312 26 62 54