wrapper

Жалал-Абад ОИИБи

Жалал-Абад ОИИБи (199)

Жалал-Абад облусунда автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алган жаран кармалды

22-майда саат 17:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы коомдук такси тейлөө мекемесинин 19 жаштагы И.Х. аттуу айдоочусу өзүнүн “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаасын уурдатып жибергендиги боюнча милицияга кабар берген. Себеби, жабырлануучу шаар ичинде жөө жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын көрсөтүп, иштеп жүргөн учурда белгисиз бир жаран жабырлануучунун автоунаасына отуруп, бир топ жерлерге барган соң, айдоочудан дүкөнгө кирип суусундук алып чыгып берүүсүн өтүнүп, акчасын берген. Ал эми, айдоочу дүкөнгө кирип кеткенде автоунааны айдап, белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен. Бирок, автоунаада GPS системасы бар болгондугуна байланыштуу, автоунаанын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болуп, жабырлануучунун кесиптештеринин (таксисттер) жардам менен шаардан болжол менен 20 чакырымдагыдай алыстыктагы Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Боз-Чычкан айылы тарапка айдап барган учурда жергиликтүү милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү менен биргеликте кармалган. Кармалган жаран Сузак районунун Барпы айылынын 1992-жылы туулган А.Ү. аттуу жашоочусу экендиги аныкталып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Ушул жылдын 19-май күнү ыкчам маалыматтардын негизинде Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы үйлөрдүн бирине тинтүү жүргүзгөн учурда үйдүн жер төлөөсүнөн 64 даана октор табылган.
Ошондой эле, 2018-жылдын май айынын чинде Жалал-Абад облусунун аймагынан 9 ок атуучу курал алынды. Анын ичинен 1 даана сайлуу, 8 даана сайсыз ок атуучу куралдар болуп, 4 ок атуучу курал мыйзамсыз (документтери жок) сакталгандыгы аныкталып, ал эми 5 ок атуучу куралдын ээлери түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, өз ыктыярлары менен милиция кызматкерлерине тапшырган. Алыган ок атуучу куралдарга, окторго экспертизалар дайынталып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Майлуу-Суу шаарынын милиция кызматкерлери ыкчам маалыматтын негизинде иш алып барышып, натыйжада Майлуу-Суу шаарынын 50 жаштагы тургундун үйүн текшерүү учурунда үйүнөн ак баштыкчага оролгон шектүү зат табылган. Алынган затка соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, жалпы салмагы 250 граммды түзгөн марихуана баңгизаты болуп чыккан.
Бул факты боюнча Майлуу-Суу ШИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Ал эми, 50 жаштагы кармалган жаран мурда соттолгон эмес.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Жергиликтүү тургундар Аксы жана Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмдөрүнө арыз менен кайрылышып, үйлөрүнүн сарайларында байланып турган жалпы 3 баш малды белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин билдиришкен.
Бул факты боюнча райондук милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, натыйжада жабырлануучуларга жалпы суммасы 100 миң сомдук чыгым келтирилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө, Аксы районунун 45 жаштагы А.Б. аттуу тургуну 1 баш малды 50 миң сомго, ал эми Ала-Бука районунун 30 жаштагы Т.М аттуу тургуну 2 баш буканы 50 миң сомго баалап, мал базардан сатып жиберген жеринен кармалышкан.
Аталган факты боюнча жергиликтүү ички иштер бөлүмдөрүнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, Аксы жана Ала-Бука райондук соту тарабынан санкция берилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Жалал-Абад ОИИБнын Басма сөз кызматы

Таш-Көмүр РИИБнын милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө 10-май күнү саат 2:00 чамаларында Аксы районунун аймагынан 66 жаштагы Ч.Т. аттуу жаран 1955-жылы чыккан “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралын эч кандай тиешелүү документи жок мыйзамсыз алып жүргөн жеринен кармалган. Ч.Т. аттуу жарандын көрсөтмөсүндө аталган ок атуучу куралды 1969-жылы атасы Шамалды-Сай шаарчасында жайгашкан ок атуучу куралдарды сатуучу дүкөнүнөн тийиштүү документтери менен кошо сатып алгандыгын, кийин аталган ок атуучу куралынын тийиштүү документтерин жоготуп жиберип, ушул учурга чейин колдонуп жүргөндүгүн билдирген. Окуя боюнча Таш-Көмүр ШИИБи тарабынан соттук баллистикалык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.
Ал эми Чаткал районунун Каныш-Кыя айылынын 1982-жылы туулган О.А аттуу тургуну өзүнүн үйүндөгү сарайын бузуп жатып, белгисиз ок атуучу куралдын бөлүктөрүн таап алып, Чаткал РИИБне өз ыктыяры менен тапшырган.
Алынган ок атуучу куралдарга тиешелүү эскпертизалар дайындалып, ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактаган жарандарды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Бүгүн Жалал-Абад ОИИБнин башчысы, милициянын полковниги К.Жолдошев 9-май Уулу Жеңиш күнүнө карата Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтчасында горнизондук саптык жүрүш өткөрдү. Жалал-Абад ОИИБнин башчысы милиция кызматкерлерди бүгүнкү 9-май майрамы менен куттуктады.
Анда, К.Жолдошев элдин тынчтыгын коргоодо Уулу Ата Мекендик согуштан кайтпай калгандарды эске салып, алардын эрдигин эскерүү менен жыл сайын согушка катышып келген аталардын саны азайып баратканын, алардын көзү тирүүсүндө сыйлап, урматтоолорун айтып, кыргыз элине жана кызмат өтөгөн өздүк курамдардын ар биринин үйүнө тынчылык, бакуубат жашоо каалады.
Мындан тышкары, ИИМдин буйруктарын жана талаптарын аткаруу максатында иш-пландарды айтып, күчөтүлгөн тартипке өтүү боюнча тапшырма берди. Анда, ОИИБнин башчысы Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтчасында жана облустук, райондук, шаардык майрам учурунда жалпысынан 1300дөн ашуун милиция кызматкерлери элдик кошуундар менен биргеликте күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну буйруду.
Ошондой эле, майрамдык салтанатта тартип бузууларга, коомдук жайларда терс көрүнүштөрдү алдын алууга, кылмыштуулукту өз убагында ачып, ыкчам иш алып барууга, жол кырсыктарын алдын алууга жана атуулдар менен сылык мамиледе болуп, коомдук жайда иш алып барып жаткан учурда баш аламандыкка жол бербөөгө чакырып, бөлүм башчыларына эскертүү берди. Белгилей кетсек, май айындагы майрамга карата милиция кызматкерлери түзүлгөн дислокациянын негизинде түнкү 2;00 гө чейин бөлүнгөн участкалык жерлерде күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

Ала-Бука районунда мектеп окуучуларына Ала-Бука РИИБнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инцпексиясы жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте өспүрүмдөрдүн жол кырсыктарына кабылуусун алдын алуу максатында “Айдоочу абайла” аталышындагы иш-чара өткөрүлүүдө. Аталган иш-чарада окуучуларга жолго жакын жерде жайгашкан мектептерде, автоунаалар көп жерде жана катуу ылдамдык менен жүргөн жерлерде кырсыктар катталарын эске салып, Ала-Бука районунун мектеп окуучулары тарабынан жол кыймылынын жаш досу деп түзүлгөн тобу кооптуу болгон жолдорду көрсөтүшүп, жолдо жүрүүнүн эрежелерин окуучуларга үйрөтүштү.
Белгилей кетсек, Ала-Бука району боюнча райондук дээңгелде жалпы 45 мектеп болсо, анын ичинен 35 мектеби орто мектеп, 5 мектеби негизги мектеп, 5 мектеп башталгыч мектеп. Аталган мектептерде 17,308 окуучу билим алышса, өспүрүмдөрдүн саны 36,634 түзөт. Ала-Бука РИИБнүн 9 өспүрүмдөр менен иштөө тескөөчүлөрү райондогу өспүрүмдөр менен иш алып барышат.
Ушундай эле иш-чаралар ИИМдин жана Жалал-Абад ОИИБнын буйруктарын аткаруу үчүн Жалал-Абад облусунун аймагында жыл сайын үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.

Жалал-Абад ОИИБнын Басма сөз кызматы

Бүгүн, Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын жана ардагерлердин колдоосу боюнча Сузак райондук билим берүү башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн отличниги, ИИМдин ардагери, милициянын отставкадагы подполковниги Аззам Ниязбаев менен биргеликте май айларындагы кош майрамдарга утурлай, "Ынтымак Достук” эстафетасы  колго алынып, спорттук жана тарбиялык маанидеги иш-чара катары өткөрүлдү. Аталган иш-чара 2012-жылдан 4-майынан бери өткөрүлүп келүүдө.
Быйыл, “Ынтымак Достук” эстафетасы 9-май “Улуу Ата Мекендик согушту жеңген күнгө” карата “Баатырлар! Элесиңер эсибизде” деген ураан менен уюштурулуп, окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын алуу, профилактикалык иштерди жүргүзүү, жаштарды массалык түрдө спортко тартып, шыктандыруу максатында №9 И.В. Мичурин атындагы мектебинде өтүп, 23 мектептен келген 322 окуучу катышты.
Алгач спорттун ар кайсы түрү (гиракөтөрүү, волейбол, аркан тартуу, кыргыз күрөш жана башка оюндар) боюнча 23 мектептен келген командалар атандаштары менен күч сынашты. Ал эми, Уулу Ата Мекендик согуштан аман кайтып келип, жаштарга үлгү болуп, кылым карытып жашап жаткан аталарыбызга Жалал-Абад ОИИБы, Сузак РИИБы жана мектеп жааматы элди, жерди коргоп, жыргал жашоого алып келгендиги үчүн терең таазим этишип, сый-тамак уюштурушуп, ыраазычылыгын билдиришти.
Андан сырткары, бул спорттук иш-чара жогорку деңгээлде өткөндүгүн баса белгилейбиз.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы


Ала-Бука РИИБнын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте окуучулар арасында “Жол кыймылынын жаш тескөөчүсү ” аталышындагы сынак өткөрүштү. Андагы сынак эки этап менен өткөрүлүп, 1 этапта жалпы 35 мектеп катышып алардын ичинен 6 мектеп жеңишке ээ болушкан. Ал эми экинчи этабында 6 мектептин ичинен Ала-Бука районунун № 1 Т. Балтагулов атындагы мектеп 1-орунду, 2-орунду №3 Н.Орозалиев атындагы мектеп, ал эми 3-орунду №4 А.Акбаралиев атындагы мектеп окуучулары жеңишке ээ болушту.
Аталган иш-чаранын максаты өспүрүмдөр арасында жол кырсыктарын болтурбоо, кылмыштуулукту алдын алуу, жол эрежелерин сактоо жана өспүрүмдөр арасында пикир келишпестиктерди алдын алуу болуп саналат. Белгилей кетсек, Ала-Бука району боюнча райондук дээңгелде жалпы 45 мектеп болсо, анын ичинен 35 мектеби орто мектеп, 5 мектеби негизги мектеп, 5 мектеп башталгыч мектеп болуп саналат. Аталган мектептерде 17,308 окуучу билим алышса, өспүрүмдөрдүн саны 36,634 түзөт.
Мындай иш-чаралар  ИИМдин жана ОИИБнын буйруктарынын негизинде жыл сайын өткөрүлөт. Райондогу өспүрүмдөргө Ала-Бука РИИБнын 9 жаш өспүрүмдөр менен иштөө тескөөчүлөрү тынымсыз иштерди жүргүзүп келишүүдө.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Жалал-Абад облусунун Аксы жана Сузак районунда март жана апрель айларында белгисиз адамдар айыл тургундарынын малдарын сарайларында байланып турган жерлеринен түн ичинде уурдап кетишкен. Уурдалган малдын жалпы чыгымы 30 миң сомду түзгөн.
Арыздардын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-аракеттери жүргүзүлүп, натыйжада 18 жаштан 23 жашка чейинки 4 жаран кармалган. Аларга карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен кармалган жарандар үй камагына чыгарылды. Иликтөө иштери жүрүп жатат.
Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Страница 8 из 15

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13