wrapper

Жалал-Абад ОИИБи

Жалал-Абад ОИИБи (199)

Бүгүнкү күндѳ, Кыргызстанда диндин радикалдашуу тенденциясы, тактап айтканда ислам динине жамынган радикалдуу агымдарынын пайда болуусу байкалууда. Бул тенденция белгилүү бир мерчемде чет өлкөлөрдөн трансформацияланган диний экстремисттик уюмдардын таасири менен өнүгүүдө.
Жаштардын жана аялдардын диний радикалдашуусу күчөп бараткандыгы, дин тутунган аялдардын, өзгөчө жеке үйлөрдө окуган, ар түрдүү топторго биригип алып диний таалим алып жаткан кыз-келиндердин бар экендиги айгинеленүүдө.
Жогорудагыларды эске алуу менен, аялдар жана кыздар жергиликтүү «хужраларда» диний билим алуу процессинде билип-билбестен «Хизбут-Тахрир» партиясынын халкаларына, салафиттик же такфирчилик топтордун катарына кошулуп калуусун токтотуу, экстремизм жана радикализм пикирлеринин жайылуусун, ошондой эле диний же расалык айырмачылыктарына карабастан жарандардын бирдей укуктарын камсыз кылуу, дискриминациянын алдын алуу, бардык коомдук топтордун ортосунда ынтымакты орнотуу максатында, Жалал-Абад ОИИБнин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ѳкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасынын МУККнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын ДИМКнын Жалал-Абад облусундагы казыяты менен бирдиктүү иш-мерчеминин негизинде, ушул жылдын апрель айы ичинде Жалал-Абад ОИИБнин ЭММКАКнын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Таш-Кѳмүр, Токтогул, Аксы жана Ала-Бука районунун ЖӨБ органдары, ИИОнын региондук түзүмдөрү, билим берүү бөлүмдөрү, имам хатибтерге жана жергиликтүү коомчулуктун башка өкүлдөрүнүн катышуусунда алдын ала түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.
Укук коргоо органдарынын маалыматтары боюнча, Сириядагы согушка катышуу үчүн кеткен Кыргызстандык жарандардын 20 пайызын кыз-келиндер түзөт. Көпчүлүгү Сирияга мурда кеткен туугандарынын же күйөөлөрүнүн чакыруусунан баш тарта алышпай, ошол жакка сапар тартышкан. Айрымдары романтикага, акча табууга же жалган диний баалуулуктарга кызыгып, азгырылуулардын курмандыгы болушууда. Кээ бир аял-кыздар интернет аркылуу бейтааныш адамдар менен таанышышып, сүйүүгө чалдыгышып, өздөрү жакындан тааныбаган адамдардын алдап чакыруусу менен жолго чыгышкан.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сѳз кызматы

2019-жылдын 9-апрель күнү Таш-Көмүр ШИИБдин жетекчилигинин демилгеси менен жалпы билим берүү окуу жайларынын бүтүрүүчү класстарынын окучууларына “Милиция кесиби ардактуу” аталышындагы ачык эшик күнү уюштурулду.
Анда ИИМдин Э. Алиев атындагы Академиясы тууралуу толук маалымат берилип, окучууларды мекенчилдикке тарбиялоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Таш-Көмүр ШИИБдин башчысы А.Р. Козукеев соттук-укуктук реформанын алкагында 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген жаңы кодекстер менен мыйзамдар тууралуу кенен түшүндүрмө берип, окуучуларды кылмыштардан алыс болууга, укук бузгообо чакырды. Ал эми, Таш-Көмүр ШИИБдин башчысынын орун басары Т.Н. Сулайманов окучуулар менен милиция кесиби тууралуу маектешип, тартип сакчыларынын күнүмдүк иши тууралуу айтып берип, окуучулардын сууроолоруна жооп берди.
Эң кызыктуусу, ачык эшик күнүнө келишкен окуучулардын арасынан Токтоматова Арууке менен Ыманалы Юсуповдор кичинекей кезинен бери милиция кызматкери болууну кыялданып келгендерин, окууну бүтүшсө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Э. Алиев атындагы Академияга тапшырышып, окуу жайды аяктагандан кийин мекенине кызмат кылган милиция кызматкерлери болобуз деген ойлорун атышты.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

2019-жылдын 10-январь күнү саат 03:00 чамасында Чаткал районуна Бишкек шаарынын тургуну К.У. жүк ташуучу унаа менен келген. Белгисиз жаран такталбаган ок атуучу курал менен К.У. аттууну атып жиберген. Натыйжада К. У. Ала-Бука райондук ооруканага жетпей алган жаратынан улам жолдо каза болгон.
Бул факты боюнча Чаткал жана Ала-Бука РИИБдин жетекчилиги, тергөө-ыкчам тобу жана тиешелүү кызматкерлери менен бирге тез арада окуя болгон жерге барышып, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, жыйынтыгында шектүү катары Терек-Сай айылынын тургуну Э.А. экендигин аныкташкан.
Жогорудагы факты боюнча кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) менен өндүрүшкө алынды.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин жыйынтыгында төмөнкүлөр маалым болгон. Чаткал районунун Терек-Сай айылынын Ак-Там участкасында Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 1994-жылы туулган Э. А. аттуу тургуну өзүнүн “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаасында отурган. Ошол учурда Ош облусунун Өзгөн районунун Кайрат айылынын 1983-жылы туулган А.Э. аттуу тургунунун башкаруусундагы “Вольво-FH 12” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасы келе жаткан. Айдоочунун жанында шериги К.У. болгон. Автоунааны токтотуп, К.У. аттуу чыгып, өтүп кетүү үчүн жолдо турган Аскаттын автоунаасын жол четине жылдырып коюну талап кылган. Ортодо келишпестик пайда болуп, Э.А. аттуу автоунаасындагы ок атуучу куралы менен жүргүнчү катарында бара жаткан У. К. аттууну көкүрөк тарабын атып жиберип, окуя болгон жерден качып кеткен. Эскпертиза көрсөткөндөй Э.А. мас абалында болгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштын изин суутпай бир нече сааттан кийин шектүү кармалып, Чаткал РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

Тил – улуттун баа жеткис зор байлыгы. Тил – улуттук руханий курал, ал улуттун мүнөзүн, өз алдынчалыгын айкындайт дегендей, Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө тескөөчүлөрү тарабынан мектептер жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөө үчүн окуучулар арасында 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата атайын жөө жүрүш жана 100 суроо акциясын өткөрүштү.
Аталган иш-чара жаш өспүрүмдөрдү өз эне тилин билүү менен кадырлап-сыйлоого үгүттөйт. Ага райондогу мектептердин окуучулары келип катышты.
Мамлекеттик тил күнүнө карата атайын жөө жүрүш жана 100 суроо акциясы учурда Жалал-Абад облусунун ар бир райондорунда өтүп жатат.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын аймактардагы бөлүмдөрү тарабынан эл арасында мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды аныктоо максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында Тогуз-Торо районунан 2 даана жана Ноокен районунун аймагынан 1 даана сайлуу ок атуучу курал алынды.
Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 2 даана сайлуу ок атуучу курал жана ок дарысы менен алынды. “Арсенал” ыкчам алдын алуу иш-чарасы учурунда Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагында 1981-жылы туулган Н.Бактыбек аттуу жергиликтүү тургун 2 даана сайлуу (ТОЗ-8) ок атуучу курал жана ок дарылары менен кармалды. Текшерүү учурунда куралдарга тиешелүү документтери жок болуп чыкты. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын 241-беренесинин (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) негизинде кылмыш иши козголду жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ушул сыяктуу факты Ноокен РИИБдин криминалдык милиция кызматы тарабынан аныкталган. Анда 19-сентябрь күнү Масы айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын тургуну 35 жаштагы Абдрахман аттуу тургундан эч кандай документи жок мыйзамсыз сактап жүргөн ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралы алынып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары акыркы 7 күн ичинде 11 сайсыз ок атуучу курал алынды.
Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы


Жалал-Абад шаарындагы өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун санын азайтуу, балдар коопсуздугун камсыз кылуу багытында “Өспүрүм” аталышындагы үч күндүк профилактикалык рейд өткөрүлүүдө. Аталган иш-чарада Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү мектептерде, атайын жана жогорку окуу жайларында окуган окуучу-студенттердин эсебинен шаарда өспүрүмдөрдүн саны көбөйүп жаткандыктан ар кандай терс жагдайлардын келип чыгышын алдын алуу үчүн тиешелүү чараларды көрүшүүдө.
Кыргыз Республикасынын “Балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу чаралар жөнүндөгү” атайын мыйзам кабыл алынган. Аны жетекчиликке алуу менен шаар аймагында жашы жете элек өспүрүмдөрдү түнкүсүн белгиленген убакыттан кийин чоң адамдардын коштоосу жок көчөгө чыгуусу көзөмөлдөнүүдө. Өткөрүлүп жаткан рейд 8-сентябрга чейин уланат.
-Рейддин алгачкы күнүндө шаардын көчөлөрү, интернет-клуб, ар түрдүү көңүл ачуучу жайлар текшерүүгө алынып, инспекция кызматкерлери тарабынан беш өспүрүм кармалды. Аларга жана ата-энелерине эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпы 37 миң 725 жашы жете элек өспүрүм бар. Ал эми шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында жети кызматкер эмгектенет. Жаңы окуу жылынын башталышы менен өспүрүмдөрдүн коопсуздугун алдын алуу аракеттери күчөтүлгөн тартипте иш алып барылууда.

Жаңы окуу жылынын башталышы менен Жалал-Абад ШИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясы окуучулар арасындагы терс көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзө башташты.
Ушул жылдын 4-сентябрь күнү жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө тескөөчүлөрү Жалал-Абад шаарынын мектептеринде окуучулардын жүрүм-турумун жакшыртууга багытталган   түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Аталган иш-чарада жашы жете электер менен иштөө тескөөчүлөрү окуучулар окуу убагында сабакты үзгүлтүккө учуратпай барууларын айтып, окуучулардын арасындагы чыр-чатактардын келип чыгуусуна бөгөт коюга, кылмыштуулукту алдын алууга жана топ-топ болуп массалык урушууну токтотууга үгүттөп, соцпедагогдор, милиция кызматкерлери тыгыз иш алып барыш керектигин окуучуларга лекция түрүндө түшүндүрүштү.
Азыркы учурдагы эң биринчи максат окуучулар арасындагы рекетчиликти жоюу, ар кандай терс көрүнүштөрдөн оолак болуу эсептелет. Ал эми Жалал -Абад шаарында жалпы 20дан ашуун мектеп бар. Ал мектептерди 6 жашы жете электер менен иштөө инспекциясы көзөмөлдөп, тейлешет.

Бүгүн Жалал-Абад ШИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери  тарабынан жайкы каникул мезгилинде өспүрүмдөр кайсы жерде эс алып жатканын көзөмөлдөө боюнча профилактикалык иш-чаралар өткөрүлүүдө. Анда өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана алдын алуу максатында жер-жерлерде барып сууга түшүү жайлары менен бассейиндерде сууга түшүп жүргөн өспүрүмдөргө сууга түшүү эрежелерин эскертишип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.  Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаары боюнча 5 бассейн жайгашкан. Ал эми шаар боюнча 37 миңден ашуун өспүрүм бар.   Жалал-Абад ШИИБи эскертет: Ар бир ата-эне балдарды кароосуз калтырбай, сууга түшүп жатканда көзөмөлсүз калтырбагыла!!!!


Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Ушул жылдын 27-июнь күнү алынган маалыматын негизинде, Базар-Коргон РИИБнин кызматкерлери ыкчам иш алып барышып, натыйжада Сейдукум айылынын 25 жаштагы тургунунун үйүнөн ак капка салынган 3 килограмм салмактагы баңгизатын табышкан.
Табылып алынган баңгизатка карата соттук-химиялык экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусу менен марихуана баңгизаты болуп чыкты.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголуп, жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Аталган факты боюнча тергөө тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Аксы РИИБнин кызматкерлери 26-июнь күнү алынган маалыматтын негизинде Аксы районунун Миң-Булак жайлоосунда 41 жаштагы тургун мыйзамсыз ок атуучу куралын сактап жүргөн жеринен кармалды.
Кармалган жаран атасынан калган курал экенин билдирген.
Бул факты боюнча милиция кызматкерлер тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө жана алынган ок атуучу куралга карата соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалган.
Ал эми шектүү жаран буга чейин мурда соттолгондугу аныкталган.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Страница 7 из 15

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13