wrapper

Жалал-Абад ОИИБи

Жалал-Абад ОИИБи (199)


2019-жылдын 16-июль күнү Жалал-Абад ОИИБде ушул жылдын 6 айында аткарылган жумуштардын жыйынтыгын чыгаруу максатында ыкчам кеңешме болуп өттү. Ыкчам кеңешмеге КРнын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги А.К. Орозалиев катышып, бүгүнкү күндөгү ИИОдогу бир топ орчундуу маселелерге токтолуп, милиция менен элдин ортосундагы мамилени чыңдап, элдин ишеничин актоо башкы багыт экендигине баса белгилеп өттү. Андан сырткары, Жалал-Абад областынын жаратылышы туристтерди көбүн эсе кызыктыргандыктан, учурдун талабы болгон «Туристтик милицияны» түзүү зарылдыгын айтып, бул багытта жумушту тездетүүгө талап койду. Ошондой эле кызматта өзгөчөлөнгөн бир топ кызматкерлер ИИМдин медалы жана төш белгилери менен сыйланышты.
Күндүн экинчи бөлүгүндө ыкчам кеңешмеге келген ШРИИБнин жетекчилери үчүн Таш-Көмүр шаарында көчмө семинар-кеңешме өткөрүлдү. Семинар-кеңешмени Таш-Көмүр ШИИБнин имаратында өткөрүүнүн негизги максаты – жаңы кабыл алынган мыйзамдардын талабына ылайык, заманбап жана кызматкерлердин толук кандуу иштөөсүнө шарт түзүү болуп саналып, бул багытта Таш-Көмүр ШИИБнин жетекчилиги тарабынан демилгеленип, өздүк курамы, демөөрчүлөр тарабынан колдоого алынып куруу жана оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн имараты үлгү иретинде практикалык колдонмо катарында көрсөтүлдү. Имаратка кирүүдөн баштап текшерип өткөрүү жайы, атуулдарды кабыл алуу бөлмөсү, тергөө-ыкчам тобунун жабдылышы жана окуя болгон жерге чыгуу үчүн атайын автоунаасы, нөөмөт бөлүмү андагы КЖБРдин иштөө системдери, жаңыланган жыйындар залы, тергөө жана кызматкерлердин эс алуу бөлмөлөрү келген жетекчилерге тааныштырылды.
Жалал-Абад ОИИБнин начальниги, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов - Таш-Көмүр ШИИБнин начальниги Азенбек Козукеев өзү жаш жетекчи экендигине карабастан, демилге көтөрүп, жергиликтүү бийлик жана жеке ишкерлер менен сүйлөшүп, демөөрчүлөрдү таап, анын натыйжасында ушундай деңгээлге жеткирип, өздүк курамдын иштөөсүнө мыкты шарт түзгөнүн айтып өттү. Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесин утурлай башка ШРИИБде да ушул сыяктуу жумуштар аткарылуусу керектигин белгиледи.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Жайкы эс алуу убагында сууга чөгүүлөрдүн, өрт кырсыктарынын жана жаш балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында милиция тарабынан түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан жайкы лагерлерде, элдер көп топтолуп сууга түшкөн жайларда атайын окуулар уюштурулуп, ар кандай кырсыктардан оолак болууга чакырышууда.
«Коопсуздук биргеликте» аталышындагы иш-чаранын алкагында Аксы районунун Сары-Челек жана Кашка-Суу лагерлеринде эс алып жатышкан 200дөн ашуун жаш өспүрүмдөргө жол эрежелери жөнүндө түшүнүктөр берилди. Райондук жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте атайын лекция өткөрүлүп, жаш эс алуучуларга оюн-зооктор уюштурулду.
Лагерде эмгектенип, балдарды жакындан карап жүрүшкөн тарбиячылар бул иш-чара мыкты жана сапаттуу уюштурулганын айтышты. Өспүрүмдөр табияттын койнунда эс алууда болсо дагы коопсуздук эң башкы маселе экенин жакшы түшүнүшкөнүн белгилешип, ыраазычылыктарын билдиришти.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

Аксы РИИБнин Ардагерлер кеңешинин базасында Жалал-Абад ОИИБне караштуу - 14 шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн Ардагерлер кеңештеринин төрагаларынын “Милиция менин кесибим жана өмүрүм” деген багытта семинар-кеңешмеси болуп өттү.
Семинардын жүрүшүндө Жалал-Абад ОИИБнин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Капарбек Исаков областтын аймагында милициянын ардагерлеринин аткарып жаткан ийгиликтүү иштерине токтолду. Ал өз сөзүндө ардагерлер милиция кызматкерлери менен тыгыз байланышта экенин белгиледи.
Милиция менен коомчулуктун ортосундагы байланышты чыңдоодо, кылмыштуулуктун алдын алууда жана бетин ачууда кошкон зор салымы үчүн - Токтогул Теңирбердиев, Эркин Түрсүн уулу, Өмүрбай Чүкөтаев ИИМдин буйругу менен “Кылмыш иликтөө кызматына 100 жыл” медалдары менен сыйланышты.
Семинардын экинчи күнүндө областтын ардагерлери үчүн Кыргызстандагы эң кооз жерлердин бири Сары-Челек көлүнө экскурсия уюштурулду.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы


Акыркы убактарда Кыргызстандын аймагында интернет тармагында, анын ичинде facebook, whatsapp аркылуу белгисиз атуулдар тарабынан аймактар аралык жаңжалды козутуу максатын көздөгөн аудио жазуулар таркатылып кеткен. Буга байланыштуу Жалал-Абад ОИИБнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы дин кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Алар Жалал-Абад облусунун шаар жана райондорундагы жума намазы окулган жана жамааты көп мечиттерде айтылуучу баян учурунда жергиликтүү тургундарга бул багыттагы маалыматтарды жеткиришип,  аймактарга бөлүнбөө, улуттар аралык мамилени чыңдоо жана башка ар кандай чагымчыл күчтөргө азгырылбоо менен провокацияларга алдырбоого чакырышууда.
Ошондой эле, улуттар аралык кастыкты козутууну көздөгөн атуулдар, ар кандай чагымчыл видеолорду таратышып, өлкө аймагында туруксуздукту көздөгөндөр - Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин беренелерине ылайык жоопкерчиликке тартылаарын эскертишти.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

Көп улуттуу өлкөбүздө эң башкы маселе бул албетте – ынтымак эмеспи. Улуттар арасындагы ынтымакты чыңдоонун дагы бир багыты катарында Жалал-Абад облусунун милициясы спорттук иш-чараларды тандап, спорт аркылуу жаштарды ынтымакка, мекенчилдикке, сергек жашоого чакырып жана ар кандай укук бузуу, кылмыштуулуктун алдын алууга, аны болтурбоого байма-бай үндөп келишүүдө.

Атап айтсак, буга чейин бул максатты көздөгөн иш-чаралар “Спорт – улуттар аралык ынтымактын жана биримдиктин белгиси” ураанынын алкагында Базар-Коргон, Ала-Бука жана Аксы РИИБдери тарабынан демилгеленип, жаштарга кичи-футбол боюнча райондук деңгээлде мелдешдер уюштурулду.
Ушул багыттагы иш-чара кече Кара-Көл ШИИБи жана шаардык мэриясы тарабынан колго алынып, - «Улуттар аралык ынтымак, достук жана биримдик» девизи менен спорттун үч түрү боюнча ар улуттан турган шаардын тургундарына мелдеш өткөрүлдү. Алар:
1. кичи-футбол - 11 команда
2. волейбол - 6 команда
3. шахмат
Мелдеш учурунда өз активдүүлүгүн көрсөткөн оюнчуларга атайын баалуу белектер ыйгарылды. Спорттун түрүнө карап жеңүүчүлөргө кубоктор тапшырылды. Алдыңкы орундуктан сырткары башка командаларга да Кара-Көл ШИИБи тарабынан белектер берилди.
Оюндун катышуучулары милиция тарабынан демилгеленип уюштурулган мелдеш жогорку деңгээлде өткөндүгүн, мындай спорттук таймаш менен ар улуттун өкүлдөрү ортосундагы ынтымак, достук бекемделерин белгилешти. Эл арасында ар кандай иш-чараларды колдоого алып, тынчтыктын болуусу үчүн күн-түн, ысык-суук дебестен, мекендин эртеңки келечегине жан аябастан ак кызматын өтөп жаткан милиция кызматкерлери экендигин айтышып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришип, аксакалдар баталарын беришти.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы


Ала-Бука РИИБнин жашы жете элек ѳспүрүмдѳр менен иштѳѳ инспекциясы тарабынан «Спорт - менин ден соолугум» аталышындагы таймаш ѳткѳрүлдү. Спорттук мелдешке Ѳрүктү айыл аймагына караштуу 5 мектептин окуучулары катышты.
Иш-чаранын негизги максаты – жаштар арасында кылмыштуулукту, тартип бузууларды токтотуу, ынтымакты сактоо, зордук-зомбулукка жол бербѳѳ, улуттар арасындагы чыр-чатактын алдын алуу болуп саналат.
Жеңүүчүлѳргѳ Ала-Бука РИИБнин сыйлоо барактары, атайын кубок тапшырылды. Спорттук таймаштын алкагында ийгиликке жетишкендерди милиция куттуктап, алдыдагы акыркы коңгуроо күнүндѳ окуучуларды тартиптүү болууга чакырды.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сѳз кызматы


25-май «Акыркы коңгуроо» салтанатын мектеп бүтүрүүчүлѳрү чыдамсыздык менен күтүп жатса, коомчулук бул күндү тынч ѳтсѳ экен деген тилекте турушат. Алардын катарында Сузак РИИБи мектеп окуучулары арасында терс жагдайлар жаралбасы үчүн түшүндүрүү иштерин алып барууда. Район аймагындагы мектеп окуучуларын 25-май күнү ар түрдүү терс кѳрүнүштѳрдѳн оолак болууга чакырышып, бул күндү эсте кала турган жакшы маанай менен ѳткѳрүүгѳ үндѳшүүдѳ. Мектептен сырткары ар түрдүү оюн-зоок, кечелерди уюштуруу, эс алуу жайларына барып кѳңүл ачуу, авто картеж менен шаар кыдыруу сыяктуу кѳрүнүштѳргѳ тыюу салынганын эскертишти.
Мындан сырткары район аймагында жайгашкан сууга түшүүчү жайларда сак болууга чакырып, мектеп окуучулары арасында түшүндүрүү иштерин алып барышууда. Ар түрдүү кырсыктардын алдын алуу максатында сууга түшүүгѳ кооптуу делген аймактарга атайын эскертүү кагаздары да илинди.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы


Жалал-Абад облусунун аймагында ушул жылдын 16-20-май күндѳрү, Кыргызстандын аймактарында, анын ичинен Жалал-Абад облусунда кеңири тараган “Хизб ут-Тахрир аль ислами”, “Акромия” диний экстремисттик жана “Йакын-Инкар” диний агымынын ишмердүүлүктөрү, алардын коомдогу жана мыйзамдагы терс көрүнүштөрү жөнүндө алдын алуу иш-чаралары Кыргыз Республикасынын ИИМнин жана Жалал-Абад ОИИБнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлдү.
Диний же расалык айырмачылыктарына карабастан жарандардын бирдей укуктарын камсыз кылуу, дискриминациянын алдын алуу, улуттар аралык чыр-чатактарга жол бербөө максатында “Барпы” атындагы маданият үйүндө, Сузак районунун маданият үйүндө, Жалал-Абад шаарындагы “Хазрати-Хизир” жума мечитинде экстремизм жөнүндө кенири түшүнүктөр берилип, алдын ала түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Жыйынга Жалал-Абад ОИИБнын ШРИИБнин ЭММКАКнын кызматкерлери, ички иштер органдарынын региондук түзүмдөрү, Жалал-Абад эл аралык университетинин студенттери, Сузак айыл аймагынын жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу органдары, билим берүү бөлүмдөрү, медресе, мечит имам-хатибдери жана жергиликтүү коомчулуктун башка өкүлдөрү катышты. Аларга Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний экстремисттик топтордун айырмачылыктары жөнүндө маалыматтар берилди.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан Кыргызстандын аймагында 21 экстремисттик жана террористтик топтордун ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө жана жайылтууга тыюу салынган.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сѳз кызматы


25-май «Акыркы коңгуроо» салтанаты жакындаган сайын айрыкча ата-энелер, милиция, билим берүү тармагы жана коомчулук бул күндү тыңдашып, тынч ѳтсѳ экен деген мааниде кѳнүл бурушат эмеспи.
Ушул багытта жер-жерлердеги ШРИИБдер ар кандай кырсыктардын, укук, тартип бузуулардын алдын алуу максатында, мектеп окуучулары жана ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин күчѳтүп алып барышууда.
13-16-май күндѳрү Ала-Бука РИИБнин башчысы, милициянын полковниги Р.А.Сулаймановдун катышуусунда, райондук мамлекеттик администрация ѳкүлдѳрү, билим берүү бѳлүмүнүн кызматкерлери жана айыл башчылар менен биргеликте атайын жыйындар уюштурулду. Иш-чарага ата-энелер да чакырылып, аларга акыркы коңгуроо күндѳрү балдарын кѳзѳмѳлгѳ алып, ар кандай ээн эркиндик мамиледен жана кечки кѳңүл ачуулардан оолак болууга чакырышты. Мындан сырткары район аймагындагы билим берүү мекемелерине Ала-Бука РИИБнин ѳздүк курамынан бирден кызматкер бѳлүнүп, алдыдагы күндѳрү үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштери жүргүзүлѳѳрү белгиленди.
Жыйын учурунда Ала-Бука РИИБнин башчысы, милициянын полковниги Р.А.Сулайманов сѳз сүйлѳп ата-энелерди жоопкерчиликтүү болууга чакырды. – «Урматтуу ата-энелер алдыдагы күндѳрү балдарыңыздардын кайда жүргѳндүгүн кѳзѳмѳлдѳп туруңуздар. Бүтүрүүчүлөрдүн кортеждерде тартипти бузуп жүрүүсү катталса, окуучулар арасында терс жагдайлар орун алса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. Кафе-ресторандар, район аймагындагы эс алуучу, оюн-зоок жайлары көзөмөлгө алынып, милиция күчѳтүлгѳн тартипте иш алып барат» - деди милициянын полковниги Р.А.Сулайманов.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сѳз кызматы


Улуу Ата-Мекендик согуштун 74 жылдыгына карата жер-жерлерде түрдүү иш-чаралар ѳткѳрүлүүдѳ. Алардын катарында Таш-Кѳмүр ШИИБнин демилгеси менен күч түзүмдѳрү арасында “Биримдик, ынтымак, достук үчүн” спорттук иш-чарасы болуп ѳттү. Салтанаттын ачылуу аземинде Таш-Көмүр ШИИБнин начальниги, милициянын подполковниги Азен Козукеев, Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри Айнакан Темирбаева, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасы Сулайман Сансызбаевдер сѳз сүйлѳп, 5-май Кыргыз Республикасынын Конституция күнү жана 9-май Жеңиш майрамы менен куттукташты. Азен Козукеев ѳз сѳзүндѳ бул спорттук иш-чаранын негизги максаты достук мамилени чыңдоо, дени сак жашоого үндөө экенин баса белгиледи.
Спорттук таймашка Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Таш-Көмүр шаарынын “Өзүнчө куткаруу” аскер бөлүгү, Ички Иштер Министрлигине караштуу Шамалдуу-Сай шаарчасында жайгашкан “Ички аскерлер бөлүгү”, Аксы РИИБнин жана Таш-Көмүр ШИИБнин өздүк курамы жана жаштар комитетинин командасы да катышты.
Мелдеш спорттун беш түрү боюнча ѳткѳрүлдү. Алар:
- Футбол;
- Волейбол;
- кол күрѳш;
- аркан тартыш;
- 24 кг. салмактагы гираны кѳтѳрүү.
Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, жалпысынан 100гѳ чукул спортчулар катышып, анын жыйынтыгында футболдо 1-орунду Таш-Көмүр ШИИБнин командасы алса, волейболдо биринчиликти Таш-Көмүр шаарынын “Өзүнчө куткаруу” аскердик бөлүгү (МЧС) багындырды. Аркан тартышта болсо Таш-Көмүр шаарынын 1991-жылы туулган жаштары күчтүүлүгүн кѳрсѳтѳ алышты.
Ал эми калган спорттун түрлѳрү боюнча жеңүүчүлѳр, күч түзүмдөрүнүн катышуучулары Таш-Көмүр ШИИБи тарабынан даярдалган медаль, кубок жана баалуу белектер менен сыйланышты.


Жалал-Абад ОИИБнин Басма сѳз кызматы

Страница 6 из 15

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13