wrapper

Жалал-Абад ОИИБи

Жалал-Абад ОИИБи (199)


«Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине» карата, Жалал-Абад шаардык жана Жалал-Абад шаарынын Жаштар иштери боюнча комитети менен биргеликте шаардагы мектеп окуучулары арасында "Милициянын турмушу өспүрүмдүн көз карашы менен" аталышындагы сынак өтүп, окуучулар өз демилгелери менен сүрөттөрдү жана видеоролик тартышты.
Бул иш-чара мектеп рекетчилигинин алдын алуу, жаштарды кылмыштуулуктан жана ар кандай терс көрүнүштөрдөн алыс болууга чакыруу, ошондой эле өспүрүмдөр менен жакындан иш алып баруу максатында жүргүзүлүүдө. Видеоролик тартууда көркөм окуу менен кооздолгон Жалал-Абад шаарынын №19 орто мектебинин окуучуларына калыстар тобу тарабынан өзгөчө баа берилди. Ал эми жаштар өз учурунда көз караштарын сүрөткө түшүрүүдө - милиция тынчтыктын, тартиптин тиреги жана анын коомдогу ролу зор экендигин белгилешти.
Конкурстун жыйынтыгында эң мыкты видеоролик жана мыкты сүрөттүн жеңүүчүлөрү аныкталды, ал эми сыйлыктар болсо милиция күнүнө карата салтанаттуу түрдө тапшырылат.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы


Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата жер-жерлерде ар түрдүү алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. 16-18-октябрь күндөрү Ала-Бука РИИБнин демилгеси менен 8 айыл аймактын мектептеринде “рекетчиликке жана зомбулукка каршы” аттуу иш планы түзүлүп, түшүндүрүү иштери алып барылды. Бул иш-чарага жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, райондук прокуратура, билим берүү, балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү жана айыл башчылар катышышты. Милиция кызматкерлери мектеп окуучуларын ар кандай кылмыштардан алыс болуп, мыкты билим алууга чакырышты. Ошондой эле жаштар арасындагы рекетчиликтин алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Мектеп рекетчилигин алдын алуу жана жаштарды кылмыштуулуктан алыс болууга чакырган иш-чара Сузак районунда өткөрүлдү. РИИБдин кызматкерлеринин катышуусунда уюштурулган иш-чарага аялдар жана жаштар комитети, социалдык адистер катышышты. “Сен ты you” долбоору менен биргеликте “Мигрант үй-бүлөлөрдүн балдарынын зордук-зомбулукка кабылуусунун алдын алуу” аталышындагы сүрөт тартуу сынагы уюштурулду. Мектеп окуучуларына ата-энелери да көмөктөшүштү. Жыйынтыгында бул көйгөйдү эң мыкты сүрөт менен чагылдырган байгелүү 3 орунга диплом жана сыйлыктар тапшырылды.
Мындан сырткары Сузак РИИБнин кызматкерлери ЖКККБнин кызматкерлери менен биргеликте жолдо жүрүү эрежелерин сактоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүштү.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдык мааракесине карата Майлуу-Суу шаарындагы Борбордук Азия Колледжинде студенттер менен жергиликтүү милиция кызматкерлери жолугушту. Милиция тарабынан демилгеленген иш-чарага Майлуу-Суу ШИИБнин жетекчилиги, шаардын имамы, мэрия жана социалдык коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү, активдүү студенттер жана мугалимдер катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз милициясынын тарыхы жана бул убакыттар аралыгындагы басып өткөн жолу тууралуу маалыматтар берилди. Мындан сырткары студенттер менен биргеликте кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган атайын конференция өткөрүлдү. Милиция кызматкерлери жаштарды мекенчилдикке чакырып, ар кандай кылмыш, кырсыктардан алыс болуп, татыктуу билим алууга үндөштү.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


1-ноябрь Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата спорттун волейбол оюну боюнча бүгүн 15-октябрда Жалал-Абад ШРИИБдеринин ортосундагы мелдештердин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул спорттук иш-чарага областтагы милиция бөлүмдөрүнөн жалпы 12 команда катышып, биринчилик үчүн күч сынашууда. Беттештердин жадыбалы чучугулактын жыйынтыгы менен түзүлүп, 2 тайпада оюндар жүргүзүлүүдө. Бардык команданы жеңгендер Жалал-Абад ОИИБнин начальнигинин волейбол боюнча кубогуна ээ болушат. Сыйлыктарды тапшыруу аземи 1-ноябрда өткөрүлөт.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Октябрь айынын башынан тартып Жалал-Абад ОИИБдин ШРИИБи тарабынан карылардан кабар алуу, аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү боюнча бир топ алгылыктуу иш-чаралар жүргүзүлүп келүүдө. Бул максатта жана Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата, Токтогул РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Замирбек Ормонов өздүк курамдын атынан Кыргыз Республикасынын ИИОнун 77 жаштагы 2 ардагеринен жана көп жылдар бою билим берүү тармагында эмгектенип, учурда ардактуу эс алууда жүргөн 70 жаш курактагы Букенова Элизаветанын үйүнө барып кабар алышып, ар бирине 2000 сомдук күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдү берип, ак батасын алып кайтышты.
Ошондой эле, Токтогул районунда жайгашкан карылар үйүнө да барышып, ал жердеги карыялардын ден соолук, ал-акыбалдарын сурашканча белек катары 7000 сомдук азык-түлүк тапшырылды. Милициянын карыларга карата көрүлүп жаткан камкордугун баалашып, ыраазы болгон карыялар көздөрүнө жаш ала кубанышып, РИИБдин жетекчилигине жана кызматкерлерине ийгилик каалашып, ыраазычылыктарын билдиришти.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы


Бүгүн,  14-октябрда Жалал-Абад ОИИБнин имаратында кызматка дайындалган бир катар кызматкерлер өздүк курамга тааныштырылып, ошондой эле спортто ийгиликке жеткендер сыйланышты.
“Кыргыз милициясынын 95 жылдык” мааракесине утурлай спортчуларыбыз ийгиликтерди багындырышууда. Тактап айтканда, 10-13-октябрь күндөрү Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарында болгон Эл аралык «кол урушу» боюнча ачык биринчилигине «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери катышышып, байгелүү орундарды камсыздашып, командалык эсепте 1-орунду ээлешип, кубок жана дипломдор берилди.
Ошондой эле 80 кг. салмакта милициянын ага сержанты Асылбек Адылбеков кол урушу боюнча чеберлердин арасында өткөн атайын кур үчүн болгон беттеште 1-орунду багындырып, диплом жана чемпиондук кур менен сыйланды.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Бүгүн, 7-октябрда Жалал-Абад ОИИБнин имаратында милициянын кезектеги атайын наамы берилип, эл аралык спорттук мелдештерде жеңгендер жана кызматта өзгөчөлөнгөндөр сыйланышты.
Өздөрүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө кошкон зор салымдары жана Кыргыз милициясынын Кылмыш иликтөө кызматынын 101 жылдыгына карата бир катар кызматкерлер ИИМдин сыйлыктарына татыктуу болушту. Алар «Кыргыз милициясына 90 жыл», «Кылмыш иликтөө кызматына 100 жыл» юбилейлик медальдары, «ИИМдин мыкты кызматкери», «Кылмыш иликтөө кызматы» юбилейлик, «Кылмыш иликтөө кызматындагы артыкчылыгы үчүн» төш белгилери жана ИИМдин Ардак грамотасы менен сыйланышты.
Мындан сырткары «Волейбол» боюнча Азиянын зоналдык биринчилигинде 1-орунду ээлегендиги үчүн дагы бир кызматкер Кыргыз дене тарбия спорттук «Динамо» коомдук бирикмеси 90 жыл медалына ээ болду. Ошондой эле Индияда өткөн күжүрмөн самбо боюнча мелдеште ийгиликке жеткендер жана Таластагы Көчмөндөр оюнунда күрөш боюнча 1-орунду алган кызматкер медаль менен сыйланышты.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата Жалал-Абад областындагы милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жер-жерлерде ИИОнун ардагерлеринен жана улгайган карыялардан кабар алышууда. Бул иш-чаранын негизги максаты карылардын бул жашоодо өз орду жана алардын сый-урматка татыктуу экендигин белгилөө болуп саналат.
Карыларга камкордук көрүүнүн алкагында бүгүн 4-октябрда Чаткал РИИБи тарабынан район аймагында жашаган Аваз Рүстөмовго колдоо көрсөтүлдү. Чаткал РИИБнин начальниги, милициянын полковниги Азизбек Айдарбеков аксакалга бекем ден соолук каалап, күнүмдүк керектелүү азык-түлүктөр менен кошо акчалай белегин тапшырды. Абалын сурап келип, карыларга кам көрүп жатышкан милиция кызматкерлерине аксакал батасын берип, ыраазычылык билдирди.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата Жалал-Абад областындагы милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жер-жерлерде ИИОнун ардагерлеринен жана улгайган карыялардан кабар алышууда. Бул иш-чаранын негизги максаты карылардын бул жашоодо өз орду жана алардын сый-урматка татыктуу экендигин белгилөө болуп саналат.
Карыларга камкордук көрүүнүн алкагында 3-октябрь күнү Майлуу-Суу ШИИБнин ардагерлеринин арасындагы эң улуусу 75 жаштагы Давлет Парпибаевге колдоо көрсөтүлдү. ШИИБдин жетекчилиги тарабынан аксакалга сый белектер берилип, алкыш айтылды. Ардагердин төрдүн көркү болуп, жаштарга акыл-насаатын айткан кадырман карыя болушун каалашты. Кубанып турган аксакал милиция кызматкерлерине ак батасын берип, абалын сурап келишкенине ыраазычылык билдирди.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

Страница 5 из 15

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13