wrapper

Жалал-Абад ОИИБи

Жалал-Абад ОИИБи (199)


Жалал-Абад шаарынын аймагында Жалал-Абад ШИИБнин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан 20-23-ноябрь күндөрү мектеп арасында топтошуп мушташуунун, сабак учурунда телефон колдонуунун жана ар кандай мыйзамсыз коомго жат көрүнүштөрдүн алдын алууда мектеп рекетчилигине каршы күрөшүүдө “Мектеп – коопсуз жана телефонсуз аймак” аталыштагы алдын алуу рейди жүргүзүлдү. Рейд эки бөлүктөн туруп, анда мектеп сыртында текшерүү жана лекция форматында түшүндүрүү болуп ишке ашырылды.
Аталган рейд учурунда мектептен сырткары коомдук жайда тамеки чегип олтурган окуучулар аныкталды. Аларды текшерүүгө алганда кол капчыктарынан тамекилер алынган. Ал эми соода түйүндөрүндө ата-энесинен адашып калган эки жаш өспүрүм ата-энесине кайтарылган. Рейддин жыйынтыгында телефон өз ээсине кайтарылып берилип, ал эми окуучуларга КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 53-беренеси ылайык айыптар салынды. Ошондой эле буга чейин катталган бир майда уурулук фактысынын бети ачылган.
Ал эми экинчи бөлүгүндөгү иш-чарада ШИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана мектеп мугалимдери, соц.адис кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлүп, өспүрүмдөр арасында мектеп рекетчилигин болтурбоо, өспүрүмдүн интернет аркылуу терс көрүнүштөргө азгырылбоо максатында лекциялар өтүлүп, кылмыштуулуктун жана телефонсуз мектеп туурасында алдын алуу иштери талкууланып, мектеп окуучуларын окуудан сырткары ата-энелери өз көзөмөлүнө алып, ар дайым камкордук көрүүсү зарыл экендиги айтылды. Милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү мекенди сүйүүгө, тартипти сактоого, бирин бири сыйлоого чакырышып, ар кандай терс көрүнүштөрдөн жана бөөдө кырсыктардан алыс болууга үндөштү.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпысынан 40 миңден ашуун өспүрүм 20 мамлекеттик жана 7 жеке менчик мектептерде билим алышат. Ал эми бул өспүрүмдөрдү жана мектептерде Жалал-Абад ШИИБнин 7 жашы жете электер менен иштөө инспекторлору өз кызматтарын өтөп келишет.
Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Майлуу-Суу ШИИБнин демилгеси менен шаар аймагындагы №7 жалпы билим берүүчү орто мектебинде "Кылмыштуулуктун алдын алуу биздин милдетибиз" деген темада семинар өткөрүлдү. Бул жыйынга жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, социалдык кызматкерлер жана ата-энелер катышышты. Алар менен биргеликте жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, суицидди, мектеп рекетчилигин, топтошуп мушташуунун жана жалпы эле терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча маектешүү, суроо- жооптор болду. Семинардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери ата-энелерди өз балдарына ар дайым көзөмөл салып, алардын аткарып жаткан иштерине жана мектепке барып келүүсүнө көңүл бурууга чакырышты.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Жалал-Абад областынын аймагында милиция кызматкерлери тарабынан «Камкордук» аталышындагы алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлүүдө. 20-21-ноябрь күндөрү Сузак, Тогуз-Торо, Таш-Көмүр ШРИИБдеринин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери мектептерде атайын жыйындарды уюштурушту. Жыйынга тиешелүү адистер, ата-энелер катышып, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иштери талкууланды. Мектеп окуучуларын окуудан сырткары ата-энелер өз көзөлүнө алып, ар дайым камкордук көрүү керектиги айтылды. Милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү мекенди сүйүүгө чакырышып, ар кандай кылмыш, кырсыктардан алыс болууга үндөштү.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


2019-жылдын башынан Кыргызстанда жаңы мыйзамдар күчүнө кирип, иштей баштаган. Буга байланыштуу калк арасында түшүндүрүү иштери милиция тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келүүдө. Жаңы кодекстердин алкагында Бузуулар боюнча протоколдорду туура толтуруу, иш кагаздарын алып баруудагы маалыматтар камтылган жыйындар областтын аймагындагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте уюштурулууда.
Бул багытта Сузак РИИБи тарабынан жергиликтүү администрацияда 20-ноябрь күнү атайын жыйын өткөрүлүп, жаңы кодекстер боюнча кеңири маалыматтар берилип, кызуу талкууга алынды. Бул иш-чарага район аймагындагы ар бир айыл өкмөттө түзүлгөн бузуулар комиссиясынын мүчөлөрү, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттар болуп жалпы 500гө жакын адам катышты. Аларга Бузуулар кодексиндеги жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына тиешелүү беренелер окутулуп, күнүмдүк ишмердүүлүгүндө колдонуу керектиги белгиленди.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

Бүгүн, 18-ноябрда Жалал-Абад ОИИБнин имаратында кызматтык милдетине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо кошкон зор салымдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн түзүлгөндүгүнүн күнүнө карата ИИМдин “Кадырман” медалы менен милициянын полковниги Куттубек Калназаров, ИИМдин “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалы менен милициянын подполковниги Айталы Уметалиев сыйланышты.
Мындан сырткары Ош шаарында болуп өткөн “Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө” карата уюштурулган бокс боюнча чемпионатта 69 кг салмакта 1-орунду багындырган атайын операциялык отрядынын (ОСО) кызматкери, милициянын старшинасы Мурасбек Шербаевге медал тагылып, диплом тапшырылды.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


12-ноябрда Аксы РИИБи Кербен шаардык мэриясы менен биргеликте жеңил атлетика боюнча жаштар биринчилигин өткөрүштү. Бул спорттук иш-чара 10-ноябрь бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнүн алкагында уюштурулду. Мелдешке Кербен шаарындагы 10 орто мектептердин 16 жаштагы улан кыздары катышып, аларды жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери коштоп жүрүштү. Жүгүрүүнүн жалпы узундугу 2 км түзүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, медалдар жана кубок ыйгарылды.
Мелдештин соңунда РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекторлору жаштарды дени сак жашоого, спортту жана Ата мекенди сүйүүгө чакырышып, ар кандай кылмыштуулук, кырсыктардан алыс болууга үндөштү. Ал эми катышуучулар бул спорттук иш-чараны демилгелеп, жаштарды достукка чакырган уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Бүгүн, 11-ноябрда ИИОдо 30 жылдан ашуун эмгектенген милициянын подполковниги Эрмек Абдрасуловго полковник чини ыйгарылып, ардактуу эс алууга узатылды.
Мындан сырткары бир катар кызматкерлерге кезектеги атайын наамдар ыйгарылып, кызматта жана спортто ийгиликке жеткендер медаль тагынышып, дипломдор менен сыйланышты.
Ошондой эле 7-ноябрь маалымат жана басма сөз күнүнө карата ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн кеңири, айкын чагылдырууда, коомдогу укук маданиятын жогорку деңгээлге көтөрүүдө, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук тартипти сактоодо ички иштер органдары менен терең кызматташтыгы үчүн бир катар журналисттерге “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалы, ИИМдин жана Жалал-Абад ОИИБдин Ардак грамотасы ыйгарылып, алкыш жарыяланды.
Басма сөз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен Жалал-Абад ОИИБнин начальниги, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов куттуктап, жоопкерчиликтүү жумуштарына ийгиликтерди каалап, аларды коомдун күзгүсү катары такталган, позитивдүү маалыматтарды көбүрөөк чагылдырууга чакырды.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Бүгүн 4-ноябрда, Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) тарабынан өткөрүлгөн “Нерушимое братство – 2019” бирдиктүү машыгуусуна активдүү катышып, өзүнө берилген милдеттерди так аткаргандыгы үчүн ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командиринин орун басары, милициянын улук лейтенанты Тынычбек Сейитовго “25 лет Договору о коллективной безопасности” юбилейлик төш белгиси ыйгарылды.
Ошондой эле өздөрүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыктары, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо зор салым кошкондугу үчүн жана 1-ноябрь Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдык мааракесине карата бир катар кызматкерлер ИИМдин жана Жалал-Абад ОИИБнин ардак грамоталары менен сыйланышты.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата Жалал-Абад областынын аймагында ар түрдүү иш-чаралар милиция тарабынан колго алынууда.
Атап айтсак, Тогуз-Торо РИИБнин кызматкерлери район борборундагы жана Арал айылындагы ИИМдин ардагери, милициянын генерал майору Т.Жээналиевдин ысымын алып жүргөн көчөлөрдү тазалашты. Илинген табличкалар иретке келтирилип, актап-сырдоо иштери жүргүзүлдү.
Мындан сырткары Ала-Бука РИИБи тарабынан жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөө максатында кичи-футбол уюштурулду. Ар улуттун өкүлдөрүнөн куралган жалпы 8 команда күч сынашып, жеңүүчүлөргө кубок, медаль, акчалай сылыктар ыйгарылды.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

1-ноябрь Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата, бул жума ичинде Жалал-Абад ОИИБдин КККнын Өзүнчө Ротасынын өздүк курамы бир күндүк талаа шартында (марш бросок) машыгуудан өтүштү.
Кесиптик майрамды утурлай, таң эртеден өздүк курам окуу машыгуу максатында түп көтөрүлүп, жүк каптарын даярдашып, атайын ок атуучу талаага 20 (жыйырма) чакырым аралыкка жөө чуркап барышты. Милиция кызматкерлери үчүн көнүмүш болгондой эле, айрыкча алардын күжүрмөн даярдыктарын, чыдамкайлыгын, дене тарбия машыгуусун жана күжүрмөн куралдан ок атуудагы тажрыйбаларын текшерүүгө багытталган «марш бросок» бул күнү спорттук иш-чаралар менен да коштолду. Тактап айтканда, КККнын ӨРнын өздүк курамы 4 командага бөлүнүшүп спорттун аркан тартыш, кол күрөш, таш көтөрүү жана башка түрлөрүнөн күч сынашышты.
Ал эми бул иш-чаранын сонунда машыгууда болгон кызматкерлер – Кыргыз милициясынын 95 жылдык майрамынын алдында мындай машыгуу аларга дем күч берип, эл-жер үчүн ак эмгек менен кызмат өтөөгө өбөлгө экендигин белгилешти.
Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Страница 4 из 15

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13