wrapper

Жалал-Абад ОИИБи

Жалал-Абад ОИИБи (199)


Бүгүн, 27-январда Жалал-Абад ОИИБнин имаратында 2019-жылдагы ишмердүүлүгүндө жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгон ШРИИБдерди сыйлоо аземи өттү. Ошондой эле кезектеги атайын наам ыйгарылып, кызматта өзгөчөлөнгөндөргө медаль тапшырылып, алкыш жарыяланды.
Жыл жыйынтыгы менен эски жылда кылмыштуулук менен күрөшүүдө, алдын алууда, коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кызматкерлердин иштөөсүнө шарт түзүүдө жогорку деп саналган Таш-Көмүр ШИИБи «Мыкты ички иштер бөлүмү» деп табылып, I даражадагы диплом жана өтмө тууга татыктуу болду. Ал эми 2-орун Сузак РИИБне, 3-орун Базар-Коргон РИИБне ыйгарылды.
Сыйлыктарды тапшырып жатып Жалал-Абад ОИИБнин начальниги, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов сөз сүйлөп, сыйлык алгандарды жаңы жылдын жыйынтыгы менен дагы жогорку көрсөткүчтөргө ээ болушун айтып, алардын иштерине жана өздүк курамына ийгиликтерди каалады.
Эске салсак 2019-жылы Таш-Көмүр ШИИБнин имараты жергиликтүү бийлик жана жеке ишкерлердин колдоосу менен толук капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Ошондой эле атуулдарды кабыл алуучу жайы заман талабына ылайык болуп ишке киргизилген. Мындан сырткары 2019-жылдын декабрь айында жеке ишкердин демилгеси менен ШИИБге үч даана автоунаа тапшырылган.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Бүгүн 17-декабрда Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев тарабынан ыйгарылган «Кыргыз волейболуна 90 жыл» юбилейлик медалы өз ээлерине тапшырылды. Алар:
– Жалал-Абад ОИИБнин начальниги, милициянын полковниги, түштүк региону боюнча волейбол федерациясынын президенти, спорттун чебери – Кылычбек Жолдошов;
– «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири, милициянын подполковниги, Жалал-Абад областынын волейбол федерациясынын президенти – Равшанбек Кожобеков;
– Жалал-Абад ОИИБнин КЧБнүн начальниги, милициянын майору, ИИМдин «Динамо» волейбол клубунун президенти, спорттун чебери – Кыялбек Орозалиев.
Мындан сырткары Жалал-Абад ОИИБнин начальниги Кылычбек Жолдошов Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинин директору Канат Аманкулов тарабынан «Ардак грамота» менен сыйланды.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Ала-Бука РИИБнин демилгеси менен район аймагында жайгашкан 39 мектепте, лицей, колледждерде жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул иш-чараларга райондук администрация өкүлдөрү, үй-бүлө жана балдарды коргоо, билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү айыл өкмөт башчылары, ата-энелер жана окуучулар катышууда. Милиция кызматкерлери тарабынан эрте никеге туруунун терс жактары, суицид, топтошуп мушташуулардын алдын алуу, мектеп рекетчилигин болтурбоо, телефондордогу терс таасир берүүчү видео ролик жана оюндардын зыяндуулугу, түнкүсүн зарыл жумуш болбосо көчөгө чыкпоо керектиги тууралуу маалыматтар берилди.
Мына ушундай эле иш-чара Аксы РИИБи тарабынан да жүргүзүлүүдө. Атайын түзүлгөн графиктин алкагында 12 айыл өкмөттөгү 65 орто мектептерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жолугушуулар уюштурулуп, терс окуялардан алыс болуу керектиги эскертилүүдө. Аксы райондук аскер комиссариатына алгачкы аскердик каттоого коюу учурунда Ак-Суу жана Жаңы-Жол айыл аймактарынын 15 жаштагы уландарына РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан курал-жарактар, алардын иштөө механизмдери көрсөтүлдү. Милиция кызматкерлери мектеп окуучуларын мекенди сүйүүгө жана коргоого чакырышып, мыкты билим алууга үндөштү.
Ал эми Ноокен РИИБи тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген жаш балалуу үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлүп, кышкы суук күндөрдө жылуулук үчүн көмүр түшүрүлүп берилди. Өз кезегинде ыраазы болгон район тургуну милиция кызматкерлерине алкыш айтып, ак батасын берди.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Тогуз-Торо районунун аймагында жаш өспүрүмдөр арасында топтошуп мушташуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында №2 А.Абдраимов атындагы орто мектебинде тегерек стол болуп өттү. Ага район акими А.Кожошов, РИИБдин начальниги Т.Сабырканов, райондук соттун судьясы А.Төлөнбаев, прокурордун жардамчысы Д.Асанов, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев, мектеп мугалимдери, ата-энелер жана окуучулар катышышты. Тегерек столдо учурдун көйгөйлүү маселери талкууга алынды. Милиция кызматкерлери тарабынан окуучуларга эрте турмушка чыгуу, тамеки тартуу, спирт ичимдиктеринин зыяндуулугу тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле, ата-энелер мектептен сырткары өз балдарын ар дайым көзөмөлгө алуу керектиги айтылып, алардын туура жолго түшүүсүнө өбөлгө түзүү керектиги белгиленди. Мындан сырткары окуучуларды мыкты билим алып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошуп, ар кандай кырсык, кылмыштардан алыс болууга үндөштү.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


10-11-декабрь күндөрү Жалал-Абад ШИИБи тарабынан кыш мезгилинде суукка тоңуулардын алдын алуу максатында «Селсаяк» рейди жүргүзүлдү. Анда Жалал-Абад шаарында коомдук жайларда, эс алуучу бактарда, көчөлөрдө таң эртеден кечке чейин ыңгайсыздык жаратып, аракечтикке байланып, үй-бүлөсүз жана кароосуз калгандарды аныктоо иштери уюштурулду. Рейд учурунда жалпысынан 17 адам текшерүүгө алынып, өздүгү такталып, бармак издери алынып, тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Алардын ичинен 12 жаран райондордон келгендиги белгилүү болуп, туугандары менен милиция кызматкерлери байланышып, жакындарына өткөрүлүп берилди. Ал эми 5 атуул шаар тургундары экендиктери такталып, Жалал-Абад мэриясынын алдындагы суук түшкөндө селсаяктар үчүн каралган жылуу жайга жайгаштырылды.
Белгилей кетсек арасында тагдырдын оор сыноосуна туш болуп, аракечтикке алдырып койгон жарандардын ичинде аялдар да бар. Алар бул жолго түшкөндүктөрүнүн себебин жакырчылык жана бала кездеги жаңылыштыктан улам деп айтып кейишти.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Бүгүн 10-декабрда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын буйругунун негизинде “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө 25 жыл” юбилейлик медалы менен Жалал-Абад ОИИБнин башчысы милициянын полковниги Жолдошов Кылычбек Нурмаматович сыйланды.
Аталган төш белги Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Түштүк аймактык башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан салтанаттуу түрдө тапшырылды. Генералдык штабдын өкүлү өз учурунда Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракеси менен куттуктап, областтык милицияны жетектөөдө жакшы натыйжаларга жетишкендигин баса белгилеп, коомдук коопсуздукту камсыз кылууда мындан ары да ийгиликтер коштоло беришин, ал эми жеке үй-бүлөсүнө бакубат жашоону каалап өттү.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Бүгүн 9-декабрда Сузак РИИБи тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу максатында мектеп окуучуларына «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү. Ага окуучулар менен кошо мектеп мугалимдери да катышышты. Алар милициянын күнүмдүк иштөө тартиби менен таанышып чыгышты.
Мындан сырткары Сузак районунун Жерге-Тал жана Жалгыз-Жаңгак айылындагы мектептерде окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жаштарды тамеки тартуудан, топтошуп мушташуудан, спирт ичимдиктеринен алыс болууга чакырышты.
Ал эми Ноокен РИИБи тарабынан жарыяланган зордук зомбулукка каршы 16 күн акциясынын алкагында Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 9-11-класстарынын окуучулары жөө жүрүшкө чыгышты. Алар колдоруна зомбулукка каршы плакаттарды көтөрүп район борборундагы көчөлөрдү кыдырышты.
Мына ушундай эле иш-чара Базар-Коргон РИИБи тарабынан да колго алынып, район аймагында жайгашкан №11, №12, №14, №31 мектептеринин окуучуларынын катышуусунда жөө жүрүш болуп өттү. Бул иш-чаранын алкагында мектеп окуучуларына кылмыштуулуктун алдын алуу, ар кандай кырсыктарды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Бүгүн 9-декабрда Жалал-Абад ОИИБнин имаратында спортто ийгиликке жетишкен бир катар кызматкерлер сыйланышты.
Казахстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин дүйнөлүк кубогу үчүн Нур-Султан шаарында өткөрүлгөн күжүрмөн самбо боюнча мелдешке Жалал-Абад областынын «Динамо» командасы да катышып, байгелүү орундарды ээлешти. Атап айтсак:
- 68 кг салмакта Эмилбек Мурзабаев 2-орун;
- 82 кг салмакта Бектур Идирисов 2-орун жана жылдын мыкты спортчусу наамы;
- 90 кг салмакта Нурсултан Тайлаков 3-орун жана спорт чебери наамы.
Ошондой эле, Ош шаарында өткөрүлгөн «Алыш» ден соолукту чыңдоо борборунун күжүрмөн самбо боюнча ачык биринчилигинде КРнын ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери Искендер Абдикаимов 68 кг салмакта 1-орунду ээлеп, медал тагынды.
5-6-декабрь күндөрү бокс боюнча Ош шаарында болуп өткөн оор атлетика спорт мектебинин кубогуна арналган мелдеште 69 кг салмак өлчөмүндө 2-орунду ээлегендиги үчүн Атайын операциялык отрядынын (ОСО) кызматкери Мурас Шербаев медаль жана диплом менен сыйланды.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Сузакта ведомстволор аралык түзүлгөн пландын негизинде РИИБдин кызматкерлеринин катышуусу менен мектеп окуучуларына туура багыт берүү максатында иштер жүргүзүлүүдө. 2019-2020-окуу жылында район аймагындагы мектептерде укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар графиктин алкагында өткөрүлүп жатат. Бул жыйындарга жергиликтүү бийлик, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, имамдар катышууда. Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү ар кандай кылмыш, кырсыктардан алыс болуп, мыкты билим алууга үндөшүүдө.
Ал эми Базар-Коргон РИИБи тарабынан окуучулар арасында топтошуп мушташуулардын алдын алуу максатында мектептер аралык волейбол оюну өткөрүлдү. Бул спорттук мелдеште район аймагындагы №9, №44, №49 мектептеринин 8-11-класстарынын окуучу кыздары таймашышты. Спорттук оюндардын жүрүшүндө милиция тарабынан мектеп рекетчилигинин алдын алуу, эрте турмушка чыгуунун терс жактары боюнча маалыматтар берилип, спорт аркылуу дени сак жашоо образын түптөөгө, мекенге кызмат кылууга чакырышты.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Тогуз-Торо РИИБи тарабынан мектеп окуучулары арасында топтошуп мушташуулардын жана түрдүү кырсыктардын алдын алуу максатында атайын графиктин алкагында ар бир мектепте жолугушуулар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Район аймагындагы №3, №4, №6 орто мектептеринде аймактык участкалык инспекторлор, жашы жете электер менен иштөө инспекциясы жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери окуучуларды мыкты билим алып, мекенибиздин тынчтыгы, өнүгүүсү үчүн салым кошууга чакырышты.
Ошондой эле Казарман айылындагы №1 Тоту Мойдунов орто мектебинде мугалимдер менен биргеликте “Кылмыш, кылмыштын арты жаза, жазанын арты өкүнүч” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Жолугушууга 40 ата-эне, 50 окуучу катышып, жаш өспүрүмдөр арасында орун алып жаткан учурдун көйгөйлүү маселелери талкууга алынды.
Мындан сырткары Ноокен РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулукка каршы 16 күн акциясы башталды. Алгачкы жыйын Ноокен районунун акиминин орун басары Зияда Юлдашева жана ата-энелердин катышуусунда болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөр арасында эрте никеге туруунун терс жактары айтылып, мектептен сырткары убакыттарда ата-энелерди өз балдарына көзөмөл кылуу керектиги белгиленди.
Ал эми Чаткал РИИБи райондук аскер комиссариаты менен биргеликте Каныш-Кыя айыл аймагында жайгашкан С.Байдөөлөтов орто мектебинин 10-11-класстарын ок атуучу куралдар менен тааныштырышып, иштөө механизмдерин көрсөтүштү. Милиция кызматкерлери жаштарды мекенди коргоого жана сүйүүгө, эр жүрөктүүлүккө чакырышып, келечекте мыкты кесиптин ээси болууга үндөштү. Мындай профилактикалык иш-чаралар алдыңкы күндөрү район аймагындагы башка мектептерде да улантылмакчы.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

Страница 3 из 15

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13