wrapper

Жалал-Абад ОИИБи

Жалал-Абад ОИИБи (199)


Бүгүн 21-февралда Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда 23-февраль – Ата мекенди коргоочулардын күнүнө жана региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата уюштурулган спорттук иш-чара жыйынтыкталды. Бул мелдеш Жалал-Абад ОИИБнин демилгеси менен уюштурулуп, Жалал-Абад шаардык мэриясы менен биргеликте өткөрүлдү.
Буга чейин Жалал-Абад областынын аймагындагы ШРИИБдер тарабынан өткөрүлгөн тандоо турунда мыкты көрсөткүчтөргө жетишкендер бүгүн Жалал-Абад ОИИБнин биринчилиги үчүн күч сынашышты. Жаш өспүрүмдөр арасындагы спорттук оюндарды өткөрүүнүн негизги максаты кылмыштуулуктун алдын алуу жана жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо болуп саналат.
Мелдештин катышуучулары спорттун аркан тартыш, 100 жана 3000 метр аралыкка чуркоо, турникке тартынуу, граната ыргытуу, таш көтөрүү, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча күч сынашышты. Район шаарлардан өспүрүмдөрдү коштоп келген милиция кызматкерлери ортосунда дагы мелдештер орун алды.
Белгилей кетүүчү жагдай спортчуларга жана күйөрмандарга жалпы 500 адамга талаа ашканасы уюштурулуп, ошол менен бирге катышуучуларга атайын техникалар жана ок атуучу куралдар тааныштырылды.
“Карегимде Мекеним” спорттук иш-чарасынын жалпы байге фонду 100 миң сомду түзүп, жеңүүчүлөргө кубок, дипломдор жана баалуу белектер ыйгарылды.
Областтын аймагындагы район шаарлардан келген командалар жалпы көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй орундарды камсыздашты.
1-орун – Токтогул РИИБи. Компьютер, кубок, диплом менен сыйланды.
2-орун – Ала-Бука РИИБи. 3х1 мүмкүнчүлүгү бар принтер, кубок, диплом менен сыйланды.
3-орун – Базар-Коргон РИИБи. Түстүү телевизор, кубок, диплом менен сыйланды.
Мындан сырткары спорттук иш-чарада эрежеге ылайык бирдиктүү, өзгөчөлөнгөн форма жана мыкты уюшулган команда номинациясы Кара-Көл ШИИБнин «Энергетик» командасына ыйгарылып, интерактивдүү доска тапшырылды. Ошондой эле Жалал-Абад ШИИБнин «Манас» командасына шаардык мэрия тарабынан компьютер берилди.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Сузакта бүгүн 20-февралда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган атайын жыйын болуп өттү. Бул иш-чараны Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, Жалал-Абад ОИИБнин жана Сузак РИИБнин кызматкерлери Ювеналдык юстициянын балдарды коргоо уюмунун өкүлдөрү менен биргеликте уюштурушкан. Жыйындын жүрүшүндө өспүрүмдөрдүн кызыктырган суроолоруна Жалал-Абад ОИИБнин Коомдук коопсуздук бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги Алмазбек Жусупов жооп берди. Милиция кызматкерлери жаштарды кылмыштуулуктан, баңгизаттардан, спирт ичимдиктеринен жана темеки тартуудан алыс болууга чакырышты. Кылмыштын арты эч качан жакшылыкка алып келбей тургандыгын, жаман иштин арты өкүнүч менен аяктаары камтылган атайын видеоматериал өспүрүмдөргө көрсөтүлдү. Мындан сырткары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, кыргыз желегин желбиретип жүргөн спортчулар, жергиликтүү кеңештин депутаттары да өспүрүмдөргө акыл-насааттарын айтышып, жаштарды терс көрүнүштөрдөн оолак болууга үндөштү.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүндөгү №5 А.Кабаев орто мектебинде кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында чоң масштабдагы жыйын болуп өттү. Бул иш-чарага Аксы РИИБнин начальниги, райондук администрация башчысынын орун басары, райондун прокурору, билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси, 12 айыл өкмөттүн башчылары, 65 мектептин директорлору жана социалдык педагогдору катышышты. Жыйындын жүрүшүндө учурдун орчундуу маселелери талкууга алынып, тармактар аралык иш алып баруу менен көйгөйлөрдү биргеликте чечүү жана кемчилдиктерди жоюу сунуштары берилди.
Жыйындан соң Аксы РИИБнин кызматкерлери ички иштер органдарында үзүрлүү эмгектенип, учурда ардактуу эс алууга чыккан Ооган согушунун катышуучулары менен жолугушту. Милициянын отставкадагы подполковниги Жолдошбек Кыдыровду жана милициянын капитаны Акпаралы Аспердиевди майрамдары менен куттукташып, акчалай колдоо көрсөтүлдү.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

“2020-жыл – Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына" карата Жалал-Абад областынын аймагында милиция кызматкерлери тарабынан профилактикалык иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абад ШИИБи тарабынан “Бүгүн тагдырыңды талкаласаң, эртен кеч болуп калат” аталышындагы түшүндүрүү жумуштары колго алынып, спорттук оюндар менен коштолду. Ошондой эле 15-февраль – Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 31 жылдыгы эскерилди.

Жалал-Абад шаарынын мектептеринде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан демилгеленген тегерек столдор өткөрүлүп, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар катышышты. Балдарга тарбия берүүдө ата-эненин ролу чоң экендиги белгиленип, сабактан сырткары ар дайым балдарына туура багыт көрсөтүп, өспүрүмдөрдү ар тараптуу колдоо керектиги белгиленди. Ошондой эле үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту жана мектеп рекетчилигин алдын алуу меселелери талкууланып, жаштарды интернет клубдарынан жана интернет желелеринен алыстатып, коомчулук менен кенен байланышта болуу керектиги айтылды.

Мындан сырткары медицина кызматкерлери менен биргеликте коңшу өлкөдө тарап жаткан коронавирус жана кыш мезгилинде көп катталуучу сасык тумоо тууралуу маалыматтар кеңири айтылып, алардын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Чаткал РИИБнин кызматкерлери “Лидер” аталышындагы иш пландын негизинде район аймагында эл менен жолугушууларды өткөрүшүүдө. Анын алкагында милиция райондук оорукананын кызматкерлери менен биргеликте коронавирустун алгачкы белгилери, алдын алуу жолдору тууралуу түшүндүрүү иштерин алып барышууда. Жаш өспүрүмдөргө бул жугуштуу дарт боюнча маалыматтар берилип, андан коргонуу жолдору айтылды. Ошондой эле милиция кызматкерлери жаштарды спортту сүйүүгө жана мекенди коргоого чакырышты.
Бул сыяктуу иш-чара Аксы РИИБи тарабынан дагы улантылып жатат. Атап айтсак Жерге-Тал айыл өкмөтүндөгү мектептерде ата-энелер жана окуучулар менен жолугушуулар өткөрүлдү. Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана участкалык инспекторлор тарабынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун жана ар түрдүү кырсыктардын алдын алуу, укук бузууларды, жоруктарды болтурбоо багытындагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ата-энелерге сабактан сырткары өз балдарына ар дайым көзөмөл кылуу керектиги эскертилди.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Тогуз-Торо РИИБнин кызматкерлери Казарман айылындагы №2 мектептин мугалимдери менен биргеликте «Зордук-зомбулуксуз тарбиялоо» аталышындагы ата-энелер катышкан тегерек стол уюштурушту. Жыйындын жүрүшүндө балдарды зомбулуксуз тарбиялоо, мектеп рекетчилиги, топтошуп мушташуулардын алдын алуу багытындагы маселелер талкууга алынды. Милиция тарабынан ата-энелерге балдарын айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа айдатпоо керектиги, түнкү убакыттарда зарыл жумуш болбосо көчөгө чыгарбоо, сабактан сырткары өспүрүмдөргө көзөмөл салып туруу керектиги эскертилди.
Жаштарды туура жолго багыттоо жана ата-энелерге балдарын зомбулуксуз тарбиялоо максатындагы алдын алуу иштери район аймагындагы Табылгы жана Кара-Суу айылдарында дагы улантылды. Милиция кызматкерлери мектеп окуучуларын интернет тармагына көп көңүл бурбай, мыкты билим алып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошууга чакырышты. Ошондой эле мекенди сүйүүгө, кызмат кылууга жана ата-энелерге сылык мамиледе болууга үндөштү.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Токтогул РИИБнин кызматкерлери жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу тарабынан даярдалган атайын баракчаларды таратышты. Коңшу өлкөдө жайылып жаткан коронавирус, кыш мезгиленде көп катталчу сасык тумоо тууралуу маалыматтар, алардын алдын алуу жолдору камтылган баракчалар айыл жерлерине дагы жеткирилди. Милиция бул кагаздарды эл көп топтолгон жайларга, соода түйүндөрүнө, ашканаларга илишип, мектеп окуучуларына, мугалимдерге таратышып, ошол менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ошондой эле Ноокен РИИБнин кызматкерлери жергиликтүү врачтар менен биргеликте район аймагындагы мектептерде окуучулар жана ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүштү. Алар учурда дүйнө коомчулугун дүрбөлөңгө салып жаткан коронавирустан сактануу, алдын алуу багытында эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Андан сырткары милиция тарабынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, мектеп рекетчилиги, топтошуп мушташууларды болтурбоо максатындагы жумуштар алып барылып, ата-энелерге өз балдарын ар дайым көзөмөлгө алуу керектиги эскертилүүдө. Ал эми жол кырсыктарынын алдын алуу максатында мектеп окуучулары жөө жүрүшкө чыгышып, жол эрежелерин сактоо боюнча атайын даярдалган сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Ала-Бука РИИБнин сунушу менен аялдар кеңешинин отуруму өткөрүлдү. Жыйынга район акими Э.Абдыкадыров, прокуратура өкүлдөрү, 8 айыл өкмөттүн аялдар кеңештери, мектеп директорлору катышышты. Милиция кызматкерлери 2020-балдарды колдоо жылында өспүрүмдөргө ар тараптуу көмөк көрсөтүп, татыктуу кесип тандоодо аларга жардам берүү керектигин белгилешти. Жыйындын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу, жашы жете элек өспүрүмдөргө карата ырайымсыз мамилелерди болтурбоо сунуштары айтылып, кенен талкууга алынды.
Ушундай эле зордук-зомбулуктун алдын алууга багытталган иш-чара Сузакта дагы өткөрүлдү. Ага айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештин депутаттары, мектеп жана бала бакча директорлору катышышты. Жыйындын катышуучуларына мектеп окуучулары тарабынан атайын даярдалган видео роликтер, сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү. Сузак РИИБнин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун алдын алууда коомчулукту милиция менен көмөктөшүүгө чакырышты.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


11-февралда Аксы РИИБнин өздүк курамына райондук оорукананын терапевт врачы Айнура Наркулова атайын сабак өтүп, курч дем вирустук оорулардын анын ичинде короновирустан коргонуу жолдору тууралуу айтып берди. Учурда коңшу өлкөдө кулачын жайып жаткан жугуштуу оорунун баштапкы белгилери, анын алдын алуу боюнча кеңири маалыматтар берилди.
Аксы РИИБнин кызматкерлери жыйындан соң Кербен шаарында, Үч-Коргон, Жаңы-Жол, Кашка-Суу айылдарында ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүштү. Мектеп мугалимдери, окуучулар катышкан жыйындарда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана топтошуп мушташуулардын, маңзат, спирт ичимдиктери, тамеки чегүүлөрдүн, суициддин, ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу маселелери талкууга алынды.
Ошондой эле окуучулар арасындагы спорттук мелдештер уюштурулуп, жеңүүчүлөргө кубок, медалдар ыйгарылып, сабактарга активдүү катышып, тартиби жакшы жана мыкты окуган окуучуларга ардак грамоталар тапшырылды.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Ноокен РИИБи тарабынан мектеп окуучулары арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатындагы ата-энелер менен жолугушуулар байма-бай өткөрүлүп келүүдө. Атап айтсак, Кочкор-Ата шаардык милиция бөлүмчөсүнүн жетекчилигинин катышуусундагы мектеп рекетчилигин жана топтошуп мушташууларды болтурбоо багытындагы жыйындар өткөрүлдү. Өспүрүмдөр интернет тармагына көп көңүл буруп, ар түрдүү терс жагдайларга күбө болуп жатышкандыгы милиция тарабынан айтылып, бул учурдун көйгөйлүү маселесин чечүүдө ата-энелерди кайдыгер болбой өз балдарына көзөмөл кылууга чакырышты. Жаштардын интернет желесине тартылуусу окууга болгон мамиленин төмөн болуп жаткандыгы менен түшүндүрүлдү. Ошондой эле эрте турмуш куруунун терс жактары айтылып, айдоочулук күбөлүктөрү жок балдарын автоунаа айдатпоо керектиги эскертилди.
Мындай алдын алуу иштери Сакалды айыл өкмөтүндөгү мектептерде дагы уюштурулду. Бул сыяктуу түшүндүрүү иштери район аймагындагы башка билим уяларында атайын түзүлгөн графиктин алкагында билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте алдыда дагы улантылмакчы.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

Страница 2 из 15

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13