wrapper

Жалал-Абад ОИИБи

Жалал-Абад ОИИБи (199)

Өткөн жылдын 22-сентябрь түнү Таш-Көмүр шаарынын Юлдашев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен 2 баш эчкиси уурдалган. Андан кийин, 21-ноябрь күнү Таш-Көмүр шаарынын Нарын көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жашоочусу эртең менен мал сарайына кирип бир баш коюн издеп таппай калган.
Ошондой эле, 15 күн өткөндөн кийин ошол эле Нарын көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бириндеги мал сарайынан 2 кой, 19-декабрга караган түнү Осмонбеков көчөсүндөгү үйдөн дагы 1 баш кой уурдалган.
Мал ээлери Таш-Көмүр ШИИБне жазган арызынын негизинде, милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 19-январь күнү жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 34 жаштагы М.И. аттуу жергиликтүү тургун кармалып, тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш иштерине тиешеси бардыгы толугу менен далилденген.
24-январь күнү Таш-Көмүр шаарынын Чыныбаев көчөсүнүн тургуну короосунун сыртында турган 2 жашар бир баш букасын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкен. Үй ээси дароо милицияга кабарлоо менен 1 күн өтпөстөн кылмыштын изин суутпай Таш-Көмүр ШИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмыш ишине тиешеси бар убактылуу эч жерде иштебеген 1978-жылы туулган Таш-Көмүр шаарынын Т.Э. аттуу тургуну кармалып, суракка алуу учурунда жасаган кылмыш ишин толук мойнуна алган.
Азыркы учурда жогорудагы аталган 5 мал уурулук фактылары боюнча кармалган 2 жаран Таш-Көмүр ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун териштирүү үчүн иликтөө иштери уланууда.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

2018-жылдын 17-январь күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Кара-Көл шаарында Бишкек-Ош автожолундагы Кара-Көл ШИИБнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн стационардык постунан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү менен Кара-Көл ШИИБнин ыкчам өкүлдөрү жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде, Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Д.К. аттуу тургуну башкарган “Хонда-Одиссей” үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулуп, текшерген учурда автоунаада жүргүнчү катары бара жаткан Ош облусунун Ноокат районунун 29 жаштагы С.А. аттуу тургунуна таандык болгон сумка табылып, анын ичинен кагаздарга оролуп салынган кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар, “гашиш” баңгизатына окшогон 75 даана болжол менен салмагы 1 килограммдан ашык зат табылып, ошол эле учурда ага өздүк кароо жүргүзгөн учурда, анын жанынан 95 грамм салмактагы шектүү зат табылып алынган.
Алынган заттарга соттук-химиялык экспертиза даярдалып, жалпы салмагы 1 килограмм 140 граммды түзгөн “гашиш” баңгизаты экендиги аныкталган.
Жогорудагы факты боюнча Кара-Көл ШИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин 3-бөлүмүнүн 4-пунктуна ылайык (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекусорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) кылмыш иши козголгон.
Аталган кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн иш-чаралардын негизинде, 18-январь күнү Токтогул районунун Ничке-Сай айылынын Т.Т. аттуу тургундун үйүнө кароо жүргүзүүлүп, сарайынан баңгизаттарын атайын (формага келтирүүчү) калыпка салуучу ар кандай буюмдар далил зат катарында алынган.
Азыркы учурда кылмышка шектүүлөр Кара-Көл ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

Ушул жылдын 8-январь күнү Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын көчөлөрүнүн биринде эс-учун жоготуп койгон жаранды жергиликтүү тургундар көрүп, тез жардам чакырып Кочкор-Ата ооруканасына алып келишкенде эсине келбей каза болгондугу тууралуу Ноокен РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө кабар келип түшкөн.
Бул окуя боюнча милиция кызматкерлери ооруканага барып каза болгон жарандын өздүгүн аныктоо максатында маркумга соттук-медициналык экспертиза дайындашкан. Жыйынтыгында жарандын ээриндеринде жана башынын артында көгөргөн тактар бар экендиги аныкталган. Ошондой эле, каза болгон жаран Кочкор-Ата шаарынын 43 жаштагы К.А. аттуу тургуну болуп чыккан.
Бул факты боюнча милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада Кочкор-Ата шаарынын 45-жаштагы тургуну кылмышка шектүү катары кармалып көрсөтмө берген. Шектүү 2018-жылдын 8-январь күнү Кочкор-Ата шаарында жайгашкан кафелердин биринде каза болгон К.А аттуу жаран менен спирт ичимдигин ичип олтурушуп, пикир келишпестиктин айынан өз ара урушуп кетишкен жана шектүү К.Аны бет тарапка урган кезде ал мүдүрүлүп жыгылган. Маркумду ошол жерге таштап кеткендигин билдирген.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-пункту менен кылмыш иши козголуп, шектүү Ноокен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда териштирүү жана тергөө амалдары жүрүүдө.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

Жалал-Абад ОИИБне Сузак районунунГулистан айылынын 47 жаштагы жашоочусу (аял киши) арыз менен кайрылган. Себеби, 2018-жылдын 13-январь түнү саат 02.00 чамасында беттерине кара түстөгү бет кап кийген 4 белгисиз жаран арыз ээсинин үйүнө кирип, тапанча менен коркутуп, колун, бутун, жана оозун скотч менен байлашып, “акчаӊды жана алтындарыӊды бер” – деп коркутушкан. Жабырлануучу өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугун ойлоп, алтын жасалгаларын жана сумкасынан 1000 сомдук акчасын берген соң, кылмышкерлер окуя болгон жерден издерин жашырып качып кетишкен.
Окуя болгон жерге Жалал-Абад ОИИБнин жана Сузак РИИБнин ыкчам-тергөө тобу жана жооптуу жетекчилери келишип, иликтөө иштерин жүргүзүшкөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Жалал-Абад аблусунун 1977-жылы туулган А.Ш., 1992-жылы туулган А.С., 1994-жылы туулган С.М. жана 1999-жылы туулган Р уулу О. аттуу жашоочулары кармалышкан. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин каракчылык менен кылмыш иши козголуп, кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

Жалал-Абад ОИИБнин жетекчилик курамынын, шаар-райондук ички иштер органдарынын жетекчилеринин катышуусунда 2017-жылдын ыкчам-кызмат ишмердүүлүгүнүн абалы боюнча ыкчам кеңешмеси  болуп, ага облустун прокурору жана УКМКнын башчылары катышты.
Алгач жакында жол кырсыгынан каза болгон Токтогул РИИБнин кызматкери, милициянын майору Түгөлбай уул Нургазынын жаркын элесине 1 мүнөттүк эскерүүсү менен башталып, андан соң жыл жыйынтыгыда “Кесиби боюнча мыкты” кызматкер, “ИИОнын мыкты Ардагерлер кеңеши” наамдары боюнча жылдын мыктылары аныкталып, ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Андан соң, негизги делген Жалал-Абад облустук ички иштер органдарынын 2017-жылдын 12 ай ичинде аткарган ыкчам-кызмат ишмердүүлүгүнүн абалы боюнча маселелер каралды.
2017-жылдын 12 ай ичинде Жалал-Абад облустук ички иштер органдарынын өздүк курамы тарабынан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту камсыздоодо, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын-алууда, элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу максатында жаштарды патриоттуулукка үндөө, уюшулган кылмыштуу топторго, диний-экстремисттик уюмдарга аралашуусуна бөгөт коюу жана улуттар арасында ынтымакты чыңдоо багыттарында, коомчулук менен тыгыз байланышта жүргүзгөн ыкчам жана алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында, Жалал-Абад облусунун аймагында криминогендик кырдаал жана коомдук-саясий абал толук көзөмөлгө алынып, туруктуу сакталып турду.
Жыл башында Жалал-Абад ОИИБнин жетекчилиги алмашып, аны менен катар бир топ жооптуу жетекчилер, ШРИИБнин башчылары жаңы дайындалды. Жалал-Абад ОИИБи үчүн 2017-жыл жемиштүү жылдардан болду. Алсак, Жалал-Абаддын тарыхында ички иштер органдары үчүн алгачкы жолу турак үй курулуп пайдаланууга берилди. Көп кабаттуу 100 батирлүү үйдүн ачкычтарын тапшыруу аземине Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Исраилов менен кошо Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаев өзү катышып, жалпы милиция кызматкерлерине болгон ишенимин жана ыраазычылыгын билдирип кетти. Азыркы учурда 10 батир алыстан келип иштеп жаткан кызматкерлерге убактылуу кызматтык батир катары, калган 90 батир 90 кызматкерге турак-жай комиссиясынын чечими менен берилди. Албетте, арасында кызмат учурунда каза болгондордун үй-бүлөөлөрү, ИИМдин ардагерлери да бар.
Мындан сырткары, өздүк курамдын иштөөсүнө жакшы шарттарды түзүп берүү максатында, көп убакыттан бою иш-жүзүнө ашырылбаган жана аткарылбаган, ОИИБнын жана ШРИИБнин имараттары толук ремонттон өткөрүлүп, жаңы аймактык милиция бөлүмчөлөрүн куруу маселелери колго алынды.
Тактап айтканда, Сузак РИИБнин Барпы аймактык милиция бөлүмчөсүнүн имаратын 2 жыл ичинде фундаменти курулуп токтолуп калган. Азыркы күндө анын куруу иштери жандандырылып керектүү курулуш материалдар жетиштүү түрдө камсыз кылынып 2018-жылдын май айларында пайдаланууга берилет. Таш-Көмүр ШИИБнин Шамалдуу-Сай аймактык милиция бөлүмчөсүнүн имаратынын үстүлөрү жаңыдан жабылып, короосундагы майда куруу иштери жүргүзүлүүдө. Буга чейин курулушу токтоп калган Ноокендеги Сакалды АМБсү жана Сузактагы Атабеков АМБсү кайра жандана баштады.
Ошондой эле, Аксы районунун Ак-Суу айылындагы АМБсү, Сузак районундагы 80 000ден ашуун калкты тейлеген Кызыл-Туу АМБсү курулуп бүтүп ишке кирди, жакынкы күндөрү Токтогулда Жол кайгуул кызматынын райондук бөлүмүнүн жаңы имараты толук курулуп бүтүп пайдаланууга берилди.
Баса белгилеп кетүүчү жагдай, жогорудагы курулуштардын баары мамлекеттин казынасынан эмес, ИИОнун жергиликтүү жетекчилери, өздүк курамы демилге көтөрүп, ашар жолу менен жалпы жергиликтүү бийлик жана элдин колдоосу астында бүткөрүлдү.

Ыкчам кеңешмеде жетишкендиктен сырткары айрым шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүндө кетирген кемчиликтери үчүн башкармалыктын башчысы тарабынан тартиптик жазалар берилди.
Жыл жыйынтыгында Жалал-Абад ОИИБнин башчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Ички иштер министринин көрсөтүлгөн талаптарын так аткарууну эскертти.
Ошондой эле, жыйында Жалал-Абад ОИИБнин 2018-жылдын жарым жылдыгына карата негизги уюштуруучулук иш-чараларынын жана ыкчам-кенешмесинин иш-мерчемдери бекитилди.
Жалпы алганда, Жалал-Абад ОИИБнын 2017-жыл ичинде ыкчам-кызмат ишмердүүлүгүнүн абалы канааттандыраарлык деп табылды.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук милиция кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүү фактысы боюнча тергөө иши жүрүп жатат.
Аксы РИИБнин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, 14-январь күнү саат 14:00 чамаларында аймактык ооруканага жетпей жолдон Ак-Суу айылынын 40 жаштагы Б.Т аттуу тургуну каза болгондугу аныкталган. Аталган кылмыш ишине шектүү катары 29 жаштагы жергиликтүү тургун (аял киши) кармалган. Маалымат боюнча алар  спирт ичимдигин ичишип, ортосундагы пикир келишпестиктен улам чыр чыгып, жыйынтыгында бирөөсү бычактан оор жаракат алган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык жана башка тийиштүү экспертизалар дайындалды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилип, окуянын кандай болгондугу такталууда. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

2017-жылдын 16-декабрь күнү “Бишкек-Ош” унаа жолунун 299-чакырымында, тактап айтканда Токтогул районунун Торкен айылында жол кырсыгы  катталган. Анда Бишкекти көздөй бара жаткан “Хендай Клик” үлгүсүндөгү автоунаа каршы багытта бара жаткан “Хонда Степвагон” үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан. Бул каргашалуу жол кырсыгынан 10 адам жабыркап, анын ичинен 7 адам каза болушкан. Каза болгондордун ичинен Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык ыйгарымдуу ага өкүлү, милициянын майору Түгөлбай уулу Нургазы жана анын келинчеги, кызы, ымыркай баласы менен каза болушкан.
Катардагы мыкты кызматкерибизди жоготууда ички иштер органындагы кызматкерлердин да кабыргасы кайышты. Албетте, айтырбай келген ажалдан көз жумган кесиптешибиздин жакындарынан кабар алып аларга материалдык жана моралдык жардам көрсөтүү боюнча демилге көтөрүп, 9-январь күнү Жалал-Абад ОИИБнин башчысы, милициянын полковниги Акылбек Мамсейитов жана башчынын орун басарлары, ошондой эле, Токтогул РИИБнин башчысы каза болгон кесиптешибиздин үйүнө барышып, куран түшүрүшүп, ата-энеси менен артында калган 4 баласынан кабар алып келишти. Тирүүлүктүн тиричилиги өтүп, кайгынын кабары алыстап, үшкүрүп көз жаш кылып олтурган Түгөлбай уулу Нургазынын ата-энесин жана 4 баласын көргөндө ар бир адам көз жашын жашытпай койбойт. Алардын кайгы-капасын тең бөлүшүп, дем күч берип Жалал-Абад ОИИБнин башчысы А.Мамасейитов өз сөзүндө Түгөлбай уулу Нургазынын аткарган иштерин баса белгилеп жана ал кызматкерлер арасында кадыр-баркка ээ болгонун, Кыргыз Республикасынын ИИМнин, Жалал-Абад ОИИБнин бир канча төш белгилери менен сыйлыктарына ээ болгонун айтып өттү.
Ошондой эле, “Нургазынын артында калган кыздары Айпери, Мээрим, Сайкал жана уулу Элмырза силер сабырдуу болуп, жакшы окуп, ата-энеңердин аткарбай калган иштерин аткарууга аракет кылышыңар керектигин, силер жалгыз эмессиңер, облустук ички иштер кызматкерлери дайыма силер менен бирге болушат”,-деп өзүнүн атынан жана өздүк курамдын атынан 205600 сом акчалай жардамды Нургазынын атасына тапшырды.
Ал эми Токтогул РИИБнин өздүк курамы 71 000 миң сом акчалай жардам көрсөттү. Жалал-Абад ОИИБнин башчысы мындан аркы балдардын жашоосу көзөмөлдөнүп, келечегине жана социалдык абалдарына кам көрүү боюнча Нургазынын жакындарына убада берди. Эске салсак, Түгөлбай уулу Нургазы 2003-жылдан бери ички иштер органдарында кызмат өтөп келген. Кесиптешибиздин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Жалал-Абад ОИИБнин Басма Сөз кызматы

Бүгүн Токтогул районундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн имаратынын ачылыш аземи болду. Ачылуу аземине Жалал-Абад ОИИБнин башчысы, милициянын полковниги А. Мамасейитов, Токтогул РИИБнүн өздүк курамы, Токтогул районунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундары катышышты.
Аталган райондо буга чейин жол коопсуздук кызматкерлеринин атайын өзүнчө имараты болгон эмес.
2017-жылдын жаз айларынан тартып Токтогул РИИБнин демилгеси менен мамлекеттик казынадан акча кетирбей ашар ыкмасы менен райондук администрация, айыл өкмөттөрү, мекеме- ишканалардын, жергиликтүү элдин колдоосу астында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын имараты толук бүтүп ишке берилди.
Токтогул районунда 6000ге жакын автоунаа каттоодо турат. Ошондой эле, “Бишкек-Ош” автожолунун 137 чакырымын тейлейт. Учурда райондо 7 кызматкер, 2 кызматтык автоунаа менен жумуш алып барууда. Жалал-Абад ОИИБнин башчысы белгилегендей, жаңы ачылган имарат кызматкерлердин шартынын жакшырышы менен жол коопсуздугун камсыздоо багытында тез чара көрүүчү жери болуп саналып, жол транспорт кырсыктарын алдын алууда жана болтурбоодо бирден бир таяныч пункт болооруна ишеничин билдирди. Ошондой эле, Жалал-Абад ОИИБнин жетекчилиги Токтогул районунун Чычкан капчыгайында курулган Токтогул стацианардык постунда болду. Эске салсак, бул пост 2017-жылдын 15-ноябрынан бери Ички иштер министринин демилгеси менен “Ош-Бишкек” автожолуна коюлуп, ар кандай кырдаалдарда өз жумушун жүргүзө алат.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Бүгүн Жалал-Абад ОИИБнин башчысы А.Мамасейитов жаңы жылга карата Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтчасында горнизондук саптык жүрүш өткөрдү. Жалал-Абад ОИИБнин башчысы милиция кызматкерлерди кирип келе жаткан 2018-жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Мындан тышкары ИИМдин буйруктарын жана талаптарын аткаруу максатында иш пландарды айтып күчөтүлгөн тартипке өтүү боюнча тапшырма берди. Анда, ОИИБнин башчысы 30-31-декабрда Жалал-Абад шаарынын борбодук аянтчасында жана облустук, райондук, шаардык жаңы жылдык майрам учурунда жалпысынан 1300дөн ашуун милиция кызматкерлери элдик кошуундар менен биргеликте күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну буйруду. Ошондой эле, майрамдык салтанатта тартип бузууларга, коомдук жайларда терс көрүнүштөрдү алдын алууга, кылмыштуулукту өз убагында ачып ыкчам иш алып барууга, жол кырсыктарын алдын алууга жана атуулдар менен сылык мамиледе болуп, коомдук жайда иш алып барып жаткан учурда баш аламандыкка жол бербөөгө чакырып, бөлүм башчыларына эскертүү берди. Белгилей кетсек, жаңы-жылга карата милиция кызматкерлери түзүлгөн дислокациянын негизинде 2018-жылдын 2-январына чейин бөлүнгөн участкалык жерлерде күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.
Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

Аксы районунун Авлетим айылынын 45 жаштагы тургунунун мал сарайында байланып турган эки баш жылкысын түн ичинде уурдап чыгышып, “Портер” үлгүсүндөгү унаага салып, уурдап бара жаткан жеринен жергиликтүү тургундар кармашкан.
Кармалган жарандарды жергиликтүү тургундар Аксы РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө чалышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бул кылмышка шектүү катары Ө.Т. жана К.Б аттуу ушул эле айылдын жашоочулары, ошондой эле 40 жаштагы У.К аттуу айдоочу кармалган. Аларга карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Уурулук кылган топтун ичинен бирөөсү үй камагына чыгарылып, ал эми эки шериктеши Аксы РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр жалпысынан 3 жылкы жана 1 үй бодо малдарын уурдагандыгы аныкталган.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

Страница 10 из 15

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13