wrapper

Жалал-Абад ОИИБи

Жалал-Абад ОИИБи (199)

Ушул жылдын январь айында Таш-Көмүр шаарынын Токтогул көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен үй ээси жоктугунан пайдаланып, белгисиз жарандар үйдүн ичинен тиричилик техникаларын уурдап кетишип, жабырлануучуга жалпы суммасы 30 000 сомдук материалдык зыян келтиришкен.
26-январь күнү бул факты боюнча Таш-Көмүр ШИИБге жабырлануучу арыз менен кайрылып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) менен козголгон кылмыш ишинин негизинде жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 1981-жылы туулган С.А. аттуу жергиликтүү тургун кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Кармалган жарандын шериктешинин өздүгүн аныктоо максатында кошумча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Таш-Көмүр ШИИБнин кызматкерлери тарабынан Таш-Көмүр шаарынын 1982-жылы туулган Я.А.Ф аттуу тургуну (аял киши ) кармалды.
Учурда кармалган жарандар ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

“Каракчы” операциясы учурунда милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-чараларын жүргүзүшүп, мурда катталган кылмыш иштеринин беттери ачылган.
Анда Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургундарынын сарайында байланып турган 5 баш малын 28 жаштагы эки жаран уурдап, Жалал-Абад шаарынын мал базарына алып келип, ар бир башын 6000 мин сомдон сатып жиберген. Шектүүлөрдүн бири Майлуу-Суу шаарынын 28 жаштагы тургуну болот.
Натыйжада, Аксы районунун тургундары 30 миң сомдук материалдык чыгымга учурашкан.
Бул факты боюнча Аксы РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, кармалган жарандардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экенин аныктоо максатында териштирүү иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле, Токтогул районун Ак-Тектир айылынын 65 жаштагы К.Т. аттуу тургундун үйүнөн айылдашы сарайында байланып турган 1 баш малын түн ичинде алып чыгып, мал базарга алып барып 40 миң сомго сатып жиберген.
Бул факты боюнча милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде уурдалган мал ээсине кайтарылган.
Ал эми аталган факт боюнча 65 жаштагы тургунга карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, сот тарабынан үй камагына чыгарылган.
Шектүү буга чейин бир да кылмышка тартылган эмес.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик Концепциясын ишке ашыруу боюнча 2014-2020-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы буйругу менен бекитилген иш-чаралар планын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстермизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү кызматы (ЭММКАК) Жалал-Абад облустук казыяты менен биргеликте Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун баардык имамдарына лекциялар өтүлдү.
Бул жыйналышта «Экстремизм, радикализм, терроризм: социалдык жана укуктук мүнөздөмөсү, Кыргызстандын аймагында коркунуч туудурган агымдар жана алардын өзгөчөлүктөрү (Салафийлер, Йакын инкарлар жана Хизбут-тахрирлер.) жана Кыргызстандын аймагында тыюу салынган экстремистик жана терорристик уюмдардын өзгөчөлүктөрү» боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЭММКАКтын өкүлү тарабынан лекция окулуп, талкуулар жүргүзүлдү. 5-март Сузак районунда, 6-7-март  күндөрү Базар-Коргон жана Ноокен районундагы мечиттерде баяндамалар өтүлүп, жалпысынан 200гө жакын имамдар катышышты.
Кыргызстанда 19 экстремисттик жана террористтик уюмдарга тыюу салынган. Алардын баарына токтолуп кетип, тыюу салынган себептерине да кенен түшүндүрмө берилди. Кошумча аларга видеороликтер көрсөтүлүп, талкуулар жүрдү.
ИИМдин кызматкерлерине укуктук жана теологиялык түшүнүктөр боюнча суроолор берилип жооптор алынды. Дин өкүлдөрүнүн да басымдуу көйгөйлүү суроолору интернеттеги экстремисттик маанайдагы маалыматтарга тыюу салуу, чара көрүү, башка агымдардын даваат кылуу тартиптерин жөнгө салуу сыяктуу суроолорду беришти. Жер жерлердеги мечит имамдарынын көпчүлүгү, жаштарга да ушул сыяктуу семинарларды, лекцияларды аймактарда өтүп берүүлөрүн суранышты.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

Базар-Коргон районунун Чек айыл аймагынын 18 жаштагы тургуну январь айында 35 жаштагы К.С. аттуу кошунасынын короосунда байланып турган бир баш малын түнчүндө уурдап кеткен.
Бул факты боюнча милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада шектүү катары Ж.Х аттуу кошунасы кармалган. Кармалган жаранга карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Ал эми, шектүү Базар-Коргон соту тарабынан үй камагына чыгарылган.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын Т.Тыныбеков атындагы филармониясында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдары жана 400дөн ашуун ата-энелердин катышуусунда өспүрүмдөрдүн келечегине кам көрүү жана алардын билим сапатын жогорулатуу, кылмыштуулуктан арылтуу менен диний экстремизмге каршы күрөшүү максатында жыйналыш өткөрүлдү.
Мында, алгач Жалал-Абад шаарынын №3 мектебинин окуучулары азыркы учурда рекетчилик көрүнүшүн чагылдырган спектакль көрсөтүштү. Бул спектаклди көргөн ата-энелер арасында көз жаш алгандар болду. Анткени, эне баланын ортосундагы мамилелер жана көйгөйлөр дагы чагылдырылган.
Андан соң, Жалал-Абад ШИИБи тарабынан облустун аймагында кылмыштуулукту алдын алууда жана өспүрүмдөр арасында мектеп жана окуу жайларда рекетчиликти алдын алуудагы докладдар окулду. Мындан тышкары, дин өкүлү менен социалдык адистер ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Жыйналыштын жыйынтыгында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен ата-энелердин ортосунда сунуштар айтылып, резалюциялар кабыл алынды.
Ал эми, Жалал-Абад шаарынын өспүрүмдөрдүн саны 37725 жетет. Алар менен шаар боюнча жаш өспүрүм менен иштөө инспексиясынын 7 кызматкери иштешет. Ошондой эле, ИИМдин жана ОИИБнин буйруктарынын негизинде милиция кызматкерлер тарабынан жыл башынан бери ай сайын “Түнкү өспүрүм”, “Лидер”, “Тартип” жана башка 54 жолу ар кандай рейддер, профилактикалык иш-чаралар кечки саат 22:00го чейин 18 жашка толо элек балдарга тыю салынган кафелер, компьютердик клубдар, көчөлөр жана башка жерлер текшерилген. Натыйжада, 323 жаш өспүрүмдөр кармалып, каттоого алынып, топтолгон материалдар Жалал-Абад шаардык жаш өспүрүмдөрдү кароо комиссиясына жөнөтүлгөн. Милиция кызматкерлердин каттоосунда 2017-жылы 12 ай ичинде 130 өспүрүм профилактикалык каттоого алынып, алардын 89 өспүрүм каттоодон чыгарылган.
Ал эми кылмыштуулук боюнча 2017-жылы 12 ай ичинде жаш өспүрүмдөр тарабынан 26 кылмыш катталып, алардын ичине 3 тоноо, 6 хулиганчылык, 17 уурулук кирет. Ал эми, 2017-жылы кылмыш жасаган өспүрүмдөрдүн саны 33 түзгөн. Ушундай көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн ИИМдин жана Жалал-Абад ОИИБнин буйруктарынын негизинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдары тарабынан байма-бай өткөрүлүүдө.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Бүгүн, эртең менен Жалал-Абад ОИИБнин жана Базар-Коргон РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында, өзгөчө оор кылмыш жасоо менен бир нече адамдардын денесине оор жаракат келтирип, изин жашырып качып жүргөн жаранды кармалды.
Шектүүнүн кылмыштуу иш-аракетинен бир адам каза болуп, беш адам аймактык ооруканага жаткырылган. Жабырлануучулардын ичинде 6 жаштагы бала дагы бар.
Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай айылында 1984-жылы туулган Б.М. аттуу мурда бир нече жолу соттолгон адам мас абалда мурдагы аялына келип, уруша кетишкен. Чыр-чатактын айынан мурдагы жубайын жана анын туугандарын ашкана бычагы менен сайып салган. Кошунасынын үйүндөгү чырды угуп, 1983-жылы туулган коңшусу жардамга келгенде, ага дагы бычак сайып, денесине оор жаракат келтирген. Коңшусу алган жаракатынан райондук ооруканага жетип каза болгон. Кылмышка шектүү (күйөө баласы) окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
Бул факты боюнча милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, натыйжада 22-февраль күнү эртен менен укук коргоо органдарынан жашырынып качып жүргөн жеринен кылмышка шектүү кармалды.
Азыркы учурда Базар-Коргон РИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш -жаза кодексинин 97-беренесинин 2-пунктунун 6-бөлүгү (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Ал буга чейин уурулук жана мал уурдоо фактылары менен бир нече жолу соттолгон. Ал эми шектүү Базар-Коргон РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

2018-жылдын 2-февраль күнү 13:00дөн 16:00 гө чейинки убакта Ноокен районунун Масы айылындагы үйлөрдүн бирине терезе аркылуу ичине кирип, уктоочу бөлмөдөгү темир сейфтин эшигин бузуп, ичинде сакталып турган 10 000 рубль, 100 АКШ доллар, 250 000 сомун жана кызынын 3 даана алтын шакектерин уурдап кеткен. Үй ээсине жалпы эсеп менен 295 300 сом олуттуу өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
Андан 3 күн өткөндөн кийин 5-февраль күнү түштөн кийин болжол менен саат 13:00 чамасында Ноокен районунун Көк-Таш айылындагы жаңы салынган үйлөрдүн биринен үй буюмдарын уурдап кеткен факты катталган.
Ошол эле күнү, болжол менен саат 7:00дөн 18:00гө чейинки аралыкта Ноокен районунун Сакалды айыл аймагына караштуу Чоң-Багыш айылындагы үйлөрдүн бирине белгисиз кылмышкер терезесин сындырып кирип, үйүнүн ичиндеги баалуу кийимдерин уурдап кеткен.
Жабырлануучулар Ноокен РИИБне кайрылып, райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерлерге кароо жүргүзүшүп, Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иштери козголгон.
Ноокен райондук милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш- аракеттеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары мурда уурулук менен бир нече жолу соттолгон, Ноокен районунун Масы айылынын 1985-жылы туулган М.М. аттуу тургуну кармалып, жасаган кылмыш иштерин бир топ далилдердин негизинде толук мойнуна алган. Азыркы учурда М.Мдин башка жасаган кылмыш иштери боюнча ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

2018-жылдын 16-февраль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы  Жалал-Абад ОИИБнин кызматкерлери менен биргеликте  ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Натыйжада, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынан Сакалды жана Бүргөндү айылынын Хамид жана Дамир аттуу тургундары жалпы салмагы 4 килограмм 500 граммды түзгөн күкүрт кислотасын мыйзамсыз сактап жүрүшкөн жеринен кармалышкан.
Аталган факты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) менен кылмыш иштери козголгон.
Азыркы учурда тергөө амалдары жургүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Жакында, жалпыга маалымдоо каражаттарында кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыгып, Өзбекстан Республикасынын чек арачылары мал багып жүргөн мал багуучу тарапка ок чыгаргандыгы тууралуу маалымат тараган. Ал эми, жабырлануучу Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун жашоочусу болуп чыккан.
Ушул жылдын 27-январь күнү болжол менен 19:30 чамасында Ала-Бука районунун Тенги айылынын 1979-жылы туулган жашоочусу мамлекеттик чек арага жакын болгон Көк-Серек айыл өкмөтүнүн Ажек аймагында мал жайып жүргөн жеринен Өзбекстандын чек арачылары ал тарапка ок чыгарышкан.
Жыйынтыгында, бел тараптан жаракат алып, Өзбекстан Республикасынын аймагындагы Чуст ооруканасына жеткирилген.
Өзбек тарап өздөрүнүн чек арачыларынын иш-аракеттери боюнча төмөнкүлөрдү билдирген. Чек арачылардын эскертүүлөрүнө көңүл бурбай койгон жаранга алар ок чыгарууга муктаж болгон жана караңгы убак болгондуктан, ал карапайым элдердин бири экендигин байкашкан эмес.
Кийинчерээк, өзбек тарап жаракат алган адамды Кыргызстанга өткөрүп беришкен. Жабырлануучунун ден-соолугунун абалы канаттандыраарлык болуп, дарылануусун улантууда. Жабырлануучунун сөзү боюнча, окуя болгон күнү ал чек арадан өткөн эмес.
Бул окуя боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука РИИБнин тергөө кызматы тарабынан кылмыштын курамына ылайык, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 2-бөлүмү (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүү) жана 28-97-беренелери (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) менен кылмыш иши козголду.
Азыркы учурда жогорудагы кылмыш ишин толук иликтөө үчүн кошумча ыкчам-тергөө иштери жүрүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Жаш өспүрүмдөр арасында жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу жана алардын “Коопсуздук эрежелерин сактоо” сабактары боюнча билим денгээлин жогорулатуу максатында Жалал-Абад ОИИБи боюнча ЖКККБнин кызматкерлери, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте 11- февралда шаар аймагындагы мектептерде "Мен жана менин ата-энем жол коопсуздугун билебиз!" аттуу кароо-сынак таймашын өткөрүүдө.
Сынакка ар бир класстан бирден команда түзүлүп (окуучу жана атасы же апасы болуп), жол кыймылынын эрежелери боюнча суроолорго жооп беришти.
Ошондой эле, жол эрежесин так сактоо боюнча тапшырмаларды аткарышты. Кароо-сынак таймашы эки айлампада өтөт.
1-айлампа - мектеп ичинде.
2-айлампа – 13 февралда мектептер аралык өткөрүлмөкчү.

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

Страница 9 из 15

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13