wrapper

Жалал-Абад ОИИБи

Жалал-Абад ОИИБи (199)

2020-жылдын 18-апрелине карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын, Нарын облусунун Наарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 21.00 эртең мененки 06.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 93 жаран жеткирилип, 8 автоунаа атайын жайларга токтотулду. Алардын ичинен:
Бишкек шаары боюнча – 74,
Жалал-Абад шаары боюнча – 5,
Ош шаары боюнча-6,
Ат-Башы району боюнча -5,
Кара-Суу району боюнча -3,
Ал эми, Нарын шаары, Ноокат жана Сузак райондорунда тартип бузуулар катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2798 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди.
ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.
Урматтуу биздин мамлекеттин жарандары! Өлкөбүздүн коопсуздугу, өзүбүздүн коопсуздугубуз, өзүбүздүн колубузда экендигин эске алуу менен бекем тартипти сактоого чакырабыз. Ар бирибиз обсервациянын жана үй карантиндин шарттарын кынтыксыз так жана туура сактоого милдеттүү экендигибизди унутпайлы. Ар бир тартип бузуунун аркасында –мыйзам чегинде жоопкерчилик деген бар. Ошол себептүү ар бир Кыргызстандык, ар бирибиз ушундай өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда жоопкерчиликтүү мамиле кылуубуз керек - бул ар бирибиздин - Ата Журтубуздун алдындагы парзыбыз жана милдетибиз экендигин таразалап туура түшүнөсүңөр деген ишеничтебиз. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.
ИИМдин Басма Сөз кызматы


 Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары, Сузак раойонунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду.
2020-жылдын 02-апрелден 03-апрелге караган бир сутка ичинде областын аймагында баары болуп – 31 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен - 4 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактын карамагында болгон. Ошондой эле “Коронавируска” тиешелүү такталбаган жалган маалыматтарды тараткан текшерүүнү талап кылган – 3 факты катталып (Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Тогуз-Торо), учурда текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 177 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген.
Белгилеп кетүүчү жагдай, Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймактарында жүргүзүлүп жаткан күчөтүлгөн тартиптеги алдын алуу иш-чараларынын жыйынтыгы өз найтыйжасын берип, өткөн сутка ичинде Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 1 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШИИБге жеткирилген. (2-апрелге карата – 7 атуул коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн кармалган эле).

Ошондой эле, ал калкка кайрылуусунда элдин ден соолугу мамлекеттин башкы байлыгы экендигин баса белгилеп өттү.

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданттын
басма сөз кызматы

Коронавируска байланыштуу Ноокен РИИБдин кызматкерлери район аймагына коюлган санитардык-карантиндик эпидемиялык посттордо айдоочуларга жана тургундарга түшүндүрүү иштерин алып барышууда. Милиция кызматкерлери жуктаждык жаралбаса көчөгө чыкоого, ар дайым беткап тагып жүрүүгө жана жарандар менен аралыктан саламдашууга чакырышууда. Ошондой эле жугуштуу илдетке байланыштуу ар кандай такталбаган маалыматтарды таратуудан оолак болуп, социалдык тармактар аркылуу тараган жалган билдирүүлөргө ишенбөөгө үндөшүүдө. Мындан сырткары жугуштуу илдетке байланыштуу бардык талаптарды так сактап, үйдө отуруу менен коомго пайда алып келе тургандыктары эскертилүүдө. Санитардык-карантиндик эпидемиялык посттордон азык-түлүккө, дарыканага жана ооруканага барчулар менен катар тиешелүү уруксат кагаздары барлар гана өткөрүлүп, негизсиз жолго чыккандар артка кайтарылууда.
Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы


Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары, Сузак районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду.
2020-жылдын 1-апрелинен 2-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында жана коменданттык саат киргизилген аймактарда баары болуп – 18 кылмыш окуялар катталган. Алардын ичинен “Коронавируска” тиешелүү такталбаган жалган маалыматтарды тараткан, текшерүүнү талап кылган – 2 факты катталып (Аксы, Чаткал), учурда текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 176 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, сутка ичинде Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 3, ал эми Сузак району боюнча – 4 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузушуп, ШРИИБге жеткирилген. Ошондой эле аталган аймактардан жалпы - 111 автоунаа кармалып, айып аянтчасына коюлган.
Ошондой эле, “өтө зарыл жүктөрдү өткөрүү жөнүндө” буйруктун негизинде күнүмдүк азык-түлүк жана керектелүүчү мөмө-жемиштерди ташыган автоунаалар Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек автожолундагы “Беш-Кепе” жана “Боз-Чычкан” блок-постторунан КРнын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин коштоосу менен өткөрүлүп жатат (өткөн сутка ичинде - 44 жүк ташуучу, - 6 жеңил унаалар өткөрүлгөн).

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы


2020-жылдын 16-мартынан 21-мартына чейинки аралыкта Жалал-Абад областынын аймагында ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо жана ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү багытында жүргүзүлгөн ыкчам алдын алуу жана түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, жалпы болуп – 13 факты аныкталып, 12 даана сайсыз ок атуучу курал жана 1 даана травматикалык тапанча алынган.
Белгилей кетүүчү жагдай, жергиликтүү тургундар арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери жакшы натыйжа берип, көпчүлүк учурда жарандар туура кабыл алышып, үйүндө чоң атасынан калып кеткен, же таап алышкандыктарын билдирүү менен ок атуучу куралдарды өз ыктыярлары менен милиция кызматкерлерине тапшырган.
Ал эми жыл башынан бери ок атуучу куралга байланышкан – 54 факты аныкталган болсо, былтыркы жылы бул көрсөткүч – 51 түзгөн.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы


Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери шаар аймагында азык-түлүктүн баасын негизсиз көтөрүүлөрдүн алдын алуу максатында сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Милицияга бул багыттагы жумуштарга элдик кошуундун өкүлдөрү көмөктөшүүдө. Алар шаар аймагындагы жана базар ичиндеги дүкөндөргө барышып, азык-түлүктүн баасын негизсиз көтөрбөөгө жана такталбаган жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырышууда.
Ошондой эле мектеп мугалимдери тарабынан көтөрүлгөн демилгенин арты менен окуучуларга карата күнү-түнү атайын рейддер жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери азыркы учурда билим берүү жайлары жабылгандыгына байланыштуу өспүрүмдөр өз үйлөрүндө ата-энесинин көзөмөлундө болуу керектигин эскертишүүдө.
Мына ушундай эле окуучуларга байланыштуу рейд Ноокен РИИБдин кызматкерлери тарабынан да өткөрүлүүдө. Жергиликтүү айыл өкмөттөрдүн, социалдык коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү, мугалимдердин катышуусундагы иштер район борборундагы базарларда жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери коронавируска байланыштуу жергиликтүү тургундарды жана өспүрүмдөрдү көчөгө чыкпай, өздүк гигиенаны сактоого чакырышууда.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы


Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата өткөн аптада Чаткал РИИБдин жетекчилиги тарабынан томолой жетимдерге акчалай жардам жана спорттук каражаттар берилди.
Ошондой эле үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында ата-энелер менен жолугушуулар өткөрүлдү. Милиция тарабынан эрте никеге туруунун терс жактары айтылып, ата-энелерге балдарына ар дайым көзөмөл салуу керектиги эскертилди.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Ала-Бука РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин демилгеси менен «Биз ыймандуу жаштарыбыз» аталышындагы иш-чара өткөрүлүп, анын алкагында демилгелүү жаштардын тобу куралып, Т.Балтагулов айыл аймагындагы карылардын үйүндө ишембиликтер уюштурулду.

Ишембиликте милиция кызматкерлери жаштар менен чогуу карылардын үйүндө короолорун ирээтке келтиришип, бак-дарактарын актап сырдашты. Жаз келип талаа жумуштары башталуу алдында тургандыктан чакан короо-жайдын ичиндеги жерлер тебилип, жашылча-жемиштердин орду даярдалды. Бул алгылыктуу жумуштарга ыраазы болгон карылар уюштуруучуларга жана жаштарга ак батасын беришип, аларга бекем ден соолук, иштерине ийгилик, узун өмүр каалашты.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы


Сузак РИИБи тарабынан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу багытында атайын рейд өткөрүлдү. Рейддин алкагында кайырчылык кылгандар менен катар 45 кожолук, 5 жер төлөө, 4 компьютердик клуб текшерилип, 3 жаш өспүрүм социалдык коргоо бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Түнкү убакыттарда коштоочусу жок оюн клубдарында жүргөн өспүрүмдөр райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, ата-энелерине эскертүүлөр берилди. Ошондой эле оюн-зоок клубдарынын ээлерине жаш өспүрүмдөргө чектөө коюу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы


Ала-Бука РИИБнин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен тыгыз кызматташкан билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жана мектеп окуучуларына милиция тарабынан ардак грамоталар тапшырылды. Сыйлыктарды тапшыруу убагында жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууда бул инсандардын салымы зор экендиги белгиленип, аларга ыраазычылык айтылды. Ошондой эле район аймагында тынчтыктын сакталуусуна алдыда дагы көмөктөшүүгө чакырышты.
Мындан сырткары жаштардын ынтымагын бекемдөө максатында Өрүктү айыл аймагына караштуу мектеп окуучуларынын арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Жалпы жыйынтыкта 1-орунду Үч-Терек орто мектебинин окуучулары багындырды. Жеңүүчүлөргө кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Милиция кызматкерлери сыйлыктарды тапшырып жатып жаштарды спортту жана мекенди сүйүүгө чакырышты.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

Страница 1 из 15

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13