wrapper

Криминалдык хроникасы

ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери тарабынан укукка каршы аракеттерди жасаган шектүү кармалды


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренесинин 3-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш иликтенип жатат.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына 28 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, укукка каршы аракеттерди жасаган чала тааныш адамга карата мыйзамдын чегинде чараларды көрүп берүүнү суранган. Тергөөнүн маалыматы боюнча ушул жылдын август айынын башында Каракол шаарынан белгисиз адам жабырлануучунун баасы 58 000 сом турган “Айфон” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун коркутуу менен тартып алган.
Аталган факты КЖБРге катталып, тоноо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Жогорудагы фактыны мындан ары иликтөөгө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тартылган.
Тергөөнүн тапшырмасынын негизинде ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери Ысык-Көл облусунун аймагына иш сапарга чыгышып, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган кылмыш ишине шектүү катары Каракол шаарында жашап келген мурда соттолгон А.А. аттуу жаран кармалды. Аланган маалыматтар боюнча кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Соттун чечими менен шектүү жаран камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Иликтөө иштери жүрүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан бейбаштыкка шектелген кылмыштуу топ кармалды

2020-жылдын 12-август күнү саат 23.30 чамасында Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынан белгисиз адамдар жергиликтүү тургунду адамдар жок жерге алып барышып, сабашып, тапанча менен коркутушуп, акча талап кылышкан. Бирок жабырлануучу качып кетүүгө үлгүргөн.
Андан сырткары ошол маалда кылмышкерлер башка 26 жаштагы жергиликтүү тургунду тапанча менен коркутушуп, акча каражатын талап кылышып, сабашып, денесине жаракаттарды келтиришкен. Андан соң, ошол эле күнү түнчүндө автоунаасын башкарып бара жаткан 26 жаштагы башка жергиликтүү тургунду токтотушуп, эч себепсиз сабап салышкан. Жогорудагы үч окуяда тең кылмышкерлер такталбаган ок атуучу куралды колдонушкан.
Бул фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) менен Кадамжай РИИБнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлө баштаган. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө шектүүлөрдүн өздүгү такталып, кармалды.
Кадамжай РИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында жогорудагы кылмыштарга шектүү катары Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургундары 1989-жылы туулган Т.А., 1999-жылы туулган Т.А., 1989-жылы туулган Т.Ж. жана Баткен облусунун Кадамжай районунун 1994-жылы туулган М.М. кармалды.
Соттун чечими менен шектүүлөр 2 айга Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 99-беренесинин талаптарына ылайык Кызыл-Кыя ШИИБнүн УКЖна киргизилди.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМдин БМЖКККнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери баңгизатын мыйзамсыз жүргүртүп келген шектүүлөрдү кармашты

 
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттын курамына кирген өсүмдүктөрдү ири көлөмдө өстүрүү менен алектенген топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Атайын ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында жогоруда көрсөтүлгөн топтун мүчөлөрү 1972-жылы туулган К.О. менен 1992-жылы туулган Р.В. кармалды. Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында энеси менен баласына караштуу үйлөрдү тинтүүгө алуу учурунда өстүрүп жаткан кара куурай түспөлүндөгү өсүмдүк, гашиш майын даярдоо үчүн заттар, марихуана жана баңги каражатын колдонуу үчүн жабдыктар (бульбулятор) табылып алынган. Жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 110 килограмм 450 грамм кара куурай алынды. Кармалган жарандар соттун чечими менен Тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда аталган кылмыштуу үтиешеси бар башка адамдардын өздүгүн аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар менен атайын тергөө амалдары жүрүүдө.

ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды ташуу менен алектенген каналга бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунунан Бишкек шаарына ири өлчөмдөгү баңги каражатты ташып киргизүү жана атайын жабдууланган цехте өстүрүү менен алектенген каналга бөгөт коюлду.
Тинтүү жана атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында ИИМдин БМЖКККнын Бишкек шаары боюнча кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жайгашкан үйлөрдүн биринде кара куурай жыттанган кочкул-жашыл түстөгү каражаттар марихуана жана баңгизатты даярдоочу шаймандар табылып алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4 кг 673 грамм гашиш жана 690 грамм марихуана алынган.
Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери уланууда.
ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы

Read more...

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13