wrapper

Криминалдык хроникасы

ИИМ: Рейддик жана ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунда 200 килограммдан ашык баңгизаты табылып алынды


2019-жылдын 16-апрель күнү Ысык-Көл облусунун аймагында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кылмыштардын бетин ачууга, анын ичинде баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо, сактоо, сатуу менен алектенген жарандарды аныктоо жана кармоого багытталган комплекстүү ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддик жана ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 200 килограммдан ашык баңгизаты табылып алынды.
2019-жылдын 16-апрель күнү Балыкчы шаарында милиция кызматкерлери 32 жаштагы Б.А. аттуунун башкаруусундагы “Ауди А6” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, автоунаанын ичине кароо жүргүзүү учурунда 455 грамм гашиш табылган.
Андан сырткары, БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери баңгизаттарды мыйзамсыз сактоого жана сатууга шектелген төрт жарандын жашаган жерин мыйзамдын чегинде текшерүүгө алышкан. Ысык-Көл облусунун Каракол шаары менен Ак-Суу районунда жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 200 килограмм марихуана жана 1 килограмм 600 грамм гашиш баңгизаты табышкан.
Аталган факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жеткирүү) боюнча катталды.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери уурдоого аракет жасаган жаранды кармашты

Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн милициянын кызматкерлери тарабынан кайтарууда турган Бишкек шаарынын Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан Жогорку окуу жайдын биринин имаратына кирип, мүлкүн уурдоого аракет жасаган жаранды кармашты.
2019-жылдын апрель айынын 14нөн 15не караган күнү кызматка милиция батальонунун милиционери кызмат өтөөгө чыгышкан. 2019-жылдын апрель айынын 14-күнү болжол менен саат 20:15 чамасында милициянын кызматкери тарабынан жогорку окуу жайдын аймагын кечки кароо мезгилин өткөрүп чыкканда имараттын чыгыш тарабында жайгашкан кампалардын ичинде жайылып турган темирлерди уурдап бара жаткан жаранды байкап калышкан. Кармалган жаран Бишкек шаарынын 1970-жылы туулган Л.М. аттуу тургуну болуп чыккан. Ал Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБне жеткирилип, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

ИИМдин МАККББнын Басма сөз кызматы

Read more...

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Өкүлчүлүгү өзүнүн жашы жете элек балдарын багууга каражат бербей качып издөөдө жүргөн жаранды Москвадан табышты

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү тарабынан балдарын багууга жумшала турган акча каражатын төлөбөгөндүгү үчүн издөөдө жүргөн Кыргызстанды жаранынтабылды.
Ал жаран Ош облусунун Өзгөн районунун 1982-жылы туулган Б.А. аттуу тургуну 2018-жылы балдарын багууга жумшала турган акча каражатын төлөбөгөндүгү үчүн издөөгө алынган. Мурдагы жубайы ички иштер органдарына жардам сурап кайрылгандан кийин издөө иши козголгон. Ушул убакка чейин ал Россияынын аймагында жүргөн. Б.А. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан анын кайда жүргөндүгү аныкталган соң балдары тууралуу эстеген.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери ишкер аялга каракчылык менен кол салышкан жарандарды кармашты

Милиция кызматкерлери тоноочулардын тобунун кылмыштуу оюна бөгөт коюшту. 2019-жылдын 31-мартында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда белгисиз адамдар тарабынан ишкер аялга карата карачылык жасалган. Болжол менен саат 18:45 чамасында айылдардын бириндеги көчөдөн азият түспөлүндөгү медициналык бет капчан белгисиз адамдар 40 жаштагы аял кишиге кол салышкан.
Кылмышкерлер өзүнүн курмандыгын аңдып жүргөндөй, ошол күнү ишкер аял үйүнө товарлар жана калган акча каражаты менен келе жаткан учурунда кол салышкан.
Тоноочулар, тапанча менен коркутушуп, физикалык күч колдонушуп, 200 000 сом акча каражаты жана 600 000 сомдук алтын жасалгалары, андан сырткары паспорт жана жеке буюмдары салынган сумкасын тартып алышып, белгисиз тарапка качып кетишкен. Ал эми, кол салгандар Хонда-Аккорд же БМВ үлгүсүндөгү автоунаа менен жүрүшү мүмкүн деген маалымат бар болгон.
Аталган факты КЖБРге катталып, Сузак РИИБси тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин 2-бөлүмү (Каракчылык) боюнча сотко чейинки иликтөөлөр башталган.
Ишкерге каракчылык менен кол салган фактыны иликтөөгө Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгы киришип, шектүүлөр кайсы багытка кетишкендигин аныктоого мүмкүн болгон. Жакында ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын жана Сузак РИИБдин КМКнын ыкчам кызматкерлери тоноочулардын кайда жүргөндүгүн аныкташкан.
2019-жылдын апрель айында шектүүлөр Бишкектин борборундагы ижарага алган батирлердин биринен кармалышкан. Кармалган жарандардын бирөөсү мурда соттолгон Чүй облусунун Кемин районунун 1982-жылы туулган Т.И аттуу жашоочусу болуп чыкса, экинчиси Бишкек шаарында жашаган 1994-жылы туулган А.А. аттуу жаран болгон.
Кармалган жарандарга кароо жүргүзүү учурунда мурда уурдалган алтын зер буюмдары табылды. Шектүүлөр кийинки ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Сузак РИИБдин КМКсына өткөрүлүп берилди.
Азыркы убакта кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы иликтенүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы

 

Read more...

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13