wrapper

Криминалдык хроникасы

ИИМ: Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын жана Бишкек ШИИББнин ыкчам кызматкерлери тарабынан өзгөчө оор кылмыштын бети ачылды

2019-жылдын 9-декабрь күнү болжол менен саат 19:35 чамасында Бишкек шаарынын Гагарин-Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар кара түстөгү такталбаган автоунаа менен «Тойота-Авенсис» автоунаасынын ичиндеги үч жаранды бир нече жолу аткылап, батыш тарапка качып кетишкен.
Андан сон, «Тойота-Авенсис» автоунаасынын ичиндеги жарандар, белгисиз автоунаанын артынан түшүп, бир нече жолу жол эрежелерин бузушуп жыйынтыгында жол кырсыгына учурашкан.
Аталган факт, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 39-130 (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу) беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Окуя болгон жерден “Макаров” үлгүүсүндөгү пистолеттин 6 даана гильзасы табылып алынган.
Мындан тышкары автоунаа изилденип, жабырлануучулардын кийим кечеси табылган. Бишкек шаарынын 4-шаардык ооруканасына жабырлануучулар жеткирилген. Коопсуз шаардын алкагында окуя болгон жердин видео көзөмөл камералары изилденип, жыйынтыгында бул оор кылмыштын бетин ачууга көмөк көрсөткөн.
Ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын жана Бишкек ШИИББнин ыкчам кызматкерлери менен бирдикте өзгөчө оор кылмыштын бетин ачылып, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 1995-жылы туулган Т.уулу И. жана М.Н. аттуу жарандар кармалган.
Алардан “Макаров” үлгүүсүндөгү номуру өчүрүлгөн пистолети патронсуз алынган.
Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жабырлануучу менен кармалгандардын ортосунда бир жарым жылдан бери келишпестик мамилелер болгондугу аныкталган жана алардын баардыгы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жарандары болгондугу аныкталды.
Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМ: Ош облусунун Ноокат районунда ЖКККБнын тескөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантып жатат. Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароодон баш тартуу, кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларга өзгөчө көңүл бурууда.
2019-жылдын 30-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматына М.М. аттуу жаран кайрылып, жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн акча каражатын талап кылып, паранын бир бөлүгүн (2000 сом) алгандыгын жана арыздануучунун паспортун өзүнө алып коюп, 8000 сом акча каражатын талап кылууну улантып жаткан ЖКККБнын тескөөчүсүнө карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Аталган факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан опузалап пара талап кылууга шектүүнү кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
2019-жылдын 3-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЭККМКнын тергөөчүлөрүнүн катышуусунда Ош облусунун Ноокат районунда Ноокат району боюнча ЖКККБнын кенже тескөөчүсү, милициянын старшинасы К.З. 5000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды.
Ички иштер министрлиги жогорудагыдай кызматкерлерди аныктоо боюнча чараларды көрүп, коррупцияга аралашкан кызматкерлерди тактоо боюнча иштерин улантат. Азыркы учурда ИИОнун кызматкерлери тарабынан жасалган коррупциялык кылмыштарды аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча ыкчам иликтөө жана башка иш-чараларды улантууда.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы опузалап талап кылган топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүп жатат


ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүлөрү менен биргеликте жергиликтүү тургундарды физикалык күч колдонобуз деп коркутушуп, опузалап талап кылган кылмыштуу топту кармашты.
Ушул жылдын ноябрь айында ички иштер органдарына белгисиз адамдар тарабынан опузалоо болуп жаткандыгы жөнүндө арыз түшкөн. Кылмышкерлер Ош облусунун Араван районунун жашоочусун уруп, коркутушуп "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү автоунаасын тартып алышкан.
Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүндө (Күч колдонуу менен опузалоо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
Сотко чейинки иликтөөнүн жүрүшүндө опузалаган адамдардын биринин өздүгү такталып, Ош облусунун Өзгөн районунун бир нече жолу соттолгон жашоочусу кармалган.
ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы көрсөтүлгөн кылмыш ишине шектелип, 1982-жылы туулган Д.А. аттуу жаран кармалып, Оштогу УКЖга киргизилген. КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын маалыматы боюнча кармалган жаран УКТнын мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Башында, март айынын башында Д.А. аттуу жаран милиция кызматкерлери тарабынан тоноочулук үчүн кармалган. Белгисиз адамдар физикалык күч колдонуу менен жергиликтүү тургундун акча каражатын ээлеп алган. Жогорудагы факты боюнча иликтөөлөр жүрүп, аталган кылмыш ишине анын тиешеси бар экендиги аныкталган. Андан соң, материал мындан аркы териштирүүсү үчүн сотко жөнөтүлгөн. Соттун чечими менен Д.А. күнөлүү деп табылып, 1 жылга пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотулган.
Мындан сырткары, Д.А. Россия Федерациясынын аймагында оор кылмыш жасагандыгы үчүн - Москва шаарындагы "Люблино" метросунун станциясындагы кафелердин биринде Кыргызстандын эки жаранын уурдоого шектелүүдө. Кийинчерээк уурдалган адамдардын киши колдуу болуп өлгөн жансыз денеси табылган. Россиянын укук коргоо органдары Д.А. карата мамлекеттер аралык издөө жарыялаган.
Азыркы учурда соттун чечими менен Д.А. карата соттун чечими менен абакка камоо боюнча бөгөт чарасы тандалган.
ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы шериктештерин кармоо жана жогорудагыдай фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Опузалоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) жүргүзүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМ: Кытай Эл Республикасынын жараны Айеркен Саимаити 2017-жылдан баштап издөөдө жүргөн


2017-жылдын 23-майында Кытай Эл Республикасынын 1988-жылы туулган жараны Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына Кытай Эл Республикасынын жараны Айеркен Саимаитиге карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрү жөнүндө арыз менен кайрылган. Арызында 2016-жылдын 14-августунан 2017-жылдын 28-февралына чейинки убакытта Ош облусунун Кара-Суу районундагы базардан алдоо жолу менен ишениминен кыянаттык менен пайдаланып, акча каражаттарын жана 3028168 АКШ долларлык элдик пайдалануудагы товарларды ээлеп алгандыгын көрсөткөн. Андан соң, А.А. аттуу жаранга өзгөчө ири өлчөмдө материалдык чыгым келтирип, изин жашырып кеткен. Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пунктунда (Алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
2017-жылдын майында Тергөө бөлүмү тарабынан Кытай Эл Республикасынын жараны Айеркен Саимаитини айыпталуучу катары жоопко тартуу жөнүндө токтом чыгарылып, камакка алуу үчүн ага издөө жарыяланып, андан соң эл аралык издөөгө алынган.
Жүргүзүлгөн иш-чараларда, издөөдө жүргөн Кытай Эл Республикасынын жараны Айеркен Саимаити Кыргыз Республикасынын жараны 1982-жылы туулган Самятов Эркин Салимовичтин атына мыйзамсыз берилген (ID-карт, чет элдик паспорт) паспортторду колдонуп жүргөндүгү такталган. Самятов Э.С. атына мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча 2019-жылдын июлунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 330-беренеси (Паспортту мыйзамсыз берүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
Жалал-Абад облусунун Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.А. карата сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 330-беренеси (Паспортту мыйзамсыз берүү) менен 320-беренеси (Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 359-берененин (Документтерди жасалмалоо) негизинде айып тагылган. Кылмыш иши Жалал-Абад облусунун сот органдарына кароого жөнөтүлгөн.
Андан тышкары, Кытай Эл Республикасынын жараны Айеркен Саимаитиге карата Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүмү (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз даярдоо, сатуу жана колдонуу) боюнча өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13