wrapper

Криминалдык хроникасы

Кара-Сууда каракчылык кылып жүрүшкөн 6 жаран колго түшүрүлдү


2019-жылдын 31-август күнү Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканадан чет өлкөлүк жаран денесинен жаракат алып, ооруканага түшкөндүгү тууралуу кабар келип түшкөн. Маалыматтын негизинде Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, төмөнкүлөрдү аныкташкан: 2019-жылдын 30-август күнү 23:00 чамасында 1964-жылы туулган Л.Л. аттуу чет өлкөлүк жарандын Кара-Суу шаарында жашаган үйүнө бейтааныш 4 атуул киришип, аны бычак менен коркутушуп, колу бутун байлап, уруп денесине жаракат келтиришип, 20 000 (жыйырма миң) сом акчасын, баасы 30 000 (отуз миң) сомдук “Ховавей” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана баасы 20 000 (жыйырма миң) сомдук ноутбугун алып чыгып кетишкен. Ош ОИИБдин жана Кара-Суу РИИБнин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 2019-жылдын 2-сентябрь күнү Кара-Суу шаарынын жашоочулары 2002-жылы туулган М.М (мурда соттолгон) 2003-жылы туулган Х уулу Х., 2004-жылы туулган К.С. жана 2002-жылы туулган Б.Б.(мурда соттолгон) аттуу жарандар кармалышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн жанынан жабырлануучуга таандык баасы 30 000 (отуз миң) сомдук “Ховавей” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана баасы 20 000 (жыйырма миң) сомдук ноутбук далил буюм катары алынды. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары өтүп жаткан жарандар тарабынан жасалган башка кылмыштары да белгилүү болду. Алар мындан сырткары башка жарандарга карата каракчылык, уурулук кылган фактылары аныкталып, булардын кылмышка шериктери Кара-Суу шаарынын жашоочулары 2003-жылы туулган Б.И. жана 2005-жылы туулган Б.А. аттуу жарандар кармалышты. Бул факт Ноокат РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-берененин (каракчылык), 200-берене (уурулук) жана Кыргыз Республикасынын Жорук кодексинин 90-берененин (орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, кылмышка шектүүлөр Кара-Суу райондук сотунун чечими М.М. жана Б.Б. бир айга камакка алынды. Ал эми калган шектүүлөр жашы жете элек болгондуктан соттун чечими менен үй камагына чыгарылып, ата-энелерине тапшырылды.
Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 50 килограммга жакын салмактагы марихуана баңгизаты табылып алынды

 
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан өсүмдүк түспөлүндөгү ири баңгизатты даярдоо жана сатуу менен алектенишкен Талас облусунун тургундарынан түзүлгөн кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюга багытталган атайын операциясы жүргүзүлдү.
ИИМдин БМЖКККнын Ыкчам-иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тинтүү иш-чарасын жүргүзүүнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн биринин үйүнөн 49 килограмм 600 грамм салмагындагы марихуана баңгизаты табылып алынды. Андан кийинки жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө талаада индия марихуанасын эгип, өстүрүп жүрүшкөндүгү аныкталган. Жалпысынан ал жактан 2 тонна 5 килограмм каннабис алынды.
Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси баш башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМ КМК: Чет өлкөлүк ишкерден акча каражатын опуза талап кылган жаран аныкталды

Ички иштер органдары тарабынан Турциянын жаранынан акча каражатын опуза талап кылган факты боюнча иликтөө жүрүп жатат. 2018-жылдын күзүндө УКТнын мүчөлөрү катары өздөрүн тааныштырган белгисиз адамдар кырк беш жаштагы Турциянын жаранына физикалык күч колдонуу менен коркутушуп, акча каражатын опуза талап кылып, ошону менен ай сайын төлөмдөр болууну буйрушкан.
Аталган факты боюнча азыркы учурда Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жаза кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмү (опуза талап кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш уланууда. Иликтөөгө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын (УККБ) ыкчам кызматкерлери тартылган.
Аталган кылмыш ишинин бетин ачуу жана тиешеси барларды аныктоо максатында комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Телефон чалууларга анализ жүргүзүлгөн. Ыкчам иштөөлөрдүн жана маалыматты топтоонун жүрүшүндө милиция кызматкерлери криминалдык курам менен байланышта болгон Бишкек шаарында жашаган отуз үч жаштагы аялды табышкан.
Ыкчам-издөө мүнөздөгү иш-чараларды мындан ары жүргүзүүдө ыкчам кызматкерлер менен тергөөчүлөр ЖАМКтын түзөтүү мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан Ош облусунун 1990-жылы туулган С.уулу С. аттуу тургунун аныкташкан. Жогоруда көрсөтүлгөн жаран коомго коркунучтуу иш-аракеттери үчүн соттолгон: өлтүрүү, ок атуучу куралды сактоо, опуза талап кылуу жана кылмыш издерин жашыруу.
ИИМдин КМКнын УККБнын маалыматы боюнча 1990-жылы туулган С. уулу С. жаза өтөө жайында жүргөнү менен ал жактан чалууларды ишке ашырып, ишкерлик менен алектенген чет өлкөлүк жарандар менен байланышып, алардан акча каражатын опуза талап кылып жүргөн. Тергөөнүн жүрүшүндө аны №1 тергөө абагына которушуп, суракка алуу учурунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Жогоруда көрсөтүлгөн отуз үч жаштагы аял анын жубайы болуп чыккан.
Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча иликтөө жүрүп, шектүүнүн жана башка адамдардын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы териштирилүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМдин КМКнын УККБнын ыкчам кызматкерлери жеке ишкердин балык чарбачылыгын тоноп кеткен Чүй облусунун жашоочусун кармашты

Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын (УККБ) ыкчам кызматкерлери ишкердин балык өндүрүүчү чарбачылыгын тоногон деп мурда соттолгон жаранды кармашты. Жакында ички иштер органдарына Жайыл районунун жашоочусунан арыз келип түшүп, анда криминалдык чөйрө тараптан коркутуулар болуп, тонолгондугу жөнүндө маалымдалган.

Ушул жылдын июль айынын башында бейтааныш адам Бишкек-Ош унаа жолуна жакын жайгашкан балык чарбачылыгы менен алектенген ишкерге келип, коркутуу жолу менен 4400 суммасындагы ондон ашык форель балыгын алып, дагы 20 000 сомдон жогору акча каражатып талап кылган.
Аталган факты КЖБРге катталып, Чүй облусунун Жайыл РИИБдин тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренесинде (Тоноо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштү башташкан. Ишкерди коркутуу фактысы боюнча иликтөө ишине Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын (УККБ) кызматкерлери тартылган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары мурда соттолгон Кара-Балта шаарынын 1979-жылы туулган А.Р. аттуу жашоочусу кармалган. Криминалдык милиция кызматынын УККБнын маалыматы боюнча кармалган жаран УКТнын мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13