wrapper

Криминалдык хроникасы

БМЖКККБнын кызматкерлери Ысык-Көл облусунун аймагынан баңгизаттарды жайылтып жүргөн жаранды кармады


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында баңгизаттарды сатуу каналына бөгөт коюга багытталган операциясы жүргүзүлдү.
Жакында Ысык-Көл облусунун Жаркымбай айылынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1984-жылы туулган У.У. аттуу жаран кармалып, андан 15 килограмм 685 грамм салмактагы “марихуана” баңгизаты табылып алынган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жогорудагыдай фактылардга бөгөт коюуга жана баңгизаттарды тараткандарды аныктоого багытталган иштерди улантууда.

ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМ: Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан улуттар аралык кылмыштуу топ кармалды


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КЖБРге катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Ички коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш белгилери боюнча  жалпы суммасы 253 500 АКШ доллары турган тамеки өндүрүшүнө бажы процедураларын мыйзамсыз жасоо менен Латвия Республикасынан Афганистан Республикасына өткөрүүнү аракет кылган факты аныкташкан.
Жогоруда көрсөтүлгөн факты боюнча 2020-жылдын 9-январь күнү Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 98-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш белгилери боюнча шектүү катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери 1982-жылы туулган М.Б. кармалган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-Башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2020-жылдын 30-январь күнү жалпы суммасы 200 200 АКШ доллары турган тамеки өндүрүшүнө бажы процедураларынан мыйзамсыз жасоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине ортомчулар аркылуу 65 000 АКШ долларын накталай берүү учурунда Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын жарандарынан турган 1978-жылы туулган К.Д., 1972-жылы туулган Н.К., 1986-жылы туулган Ж.Н., 1974-жылы туулган Т.Н. аттуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Аларга карата соттун чечими менен Кыргыз Республикасынын ЖАМКтын №21 мекемесине камакка алуу турундөгү бөгөт чарасы тандалды.
Ошондой эле, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кайра жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө, 2020-жылдын 5-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине тамеки өндүрүшүннө бажы процедураларынан мыйзамсыз жасоо үчүн ортомчулар аркылуу 75 000 АКШ долларын берүү учурунда Беларусия Республикасынын жараны С.Ю. атуу кармалып, ага карата сот тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын №21 мекемесинде камалды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында улуттар аралык кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМ жана УКМК кызматкерлери тарабынан гашиш жана метамфетаминдин ири өлчөмдөгү партиясы алынды


Кыргыз Республикасынын ИИМнин БМЖКККсы жана Кыргыз Республикасынын УКМКсы тарабынан биргелешип өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө, БУУнун БКБнын жана ЕБнын «EU-ACT-уюшулган кылмыштуулук жана баңгизаттар менен күрөшүү боюнча жардам берүү башкармалыгынын аракеттери" долбоорунун колдоосу менен эл аралык баңги топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Өткөрүлгөн чаралардын жыйынтыгында оогандан өндүрүлүп Кыргыз Республикасына жеткирилген баңги каражаттардын туруктуу эл аралык каналы аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 274 килограмм «гашиш» жана 3,5 килограмм метамфетамин алынган. Баңги каналдын уюштуруучулары кармалды.
Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында эл аралык каналдар аркылуу баңгизаттарды жеткирүүгө тиешеси бар болгон башка жактарды аныктоо боюнча атайын-тергөө аракеттер улантылып жатат.
ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМ ИИК: Өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырып, опузалап талап кылып алектенгендер кармалды


3-февраль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматына Түштүк Кореянын жараны кайрылып, өздөрүн милиция кызматкерлери катары тааныштырган адам тарабынан жасалган укукка жат иш-аракеттер жөнүндө билдирген. Корупциялык көрүнүштөр жөнүндө билдирип, жогорудагы белгисиз адамдар ири өлчөмдөгү 8 миң АККШ долларын талап кылышкан.
Аталган факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш башталган.
ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жогорудагы факты боюнча шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо жана аларды кармоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Ушул жылдын 7-февраль күнү сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында опузалап талап кылган акча каражатынын бир бөлүгү 2 миң АКШ долларын накталай алып жаткан жеринен 2 шектү кармалган.
ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен Тергөө кызматынын жүргүзгөн атайын операция түнкү саат 21:30 чамасында Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн. Кармалган жарандардын өздүгү такталап, экөө тең Бишкек шаарынын жашоочулары болушат. Болжолдуу маалымат боюнча алар өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырып, кызмат көрсөтүүлөрү үчүн чет өлкөлүк жарандан акча талап кылышкан.
Кармалган жарандар УКЖга киргизилип, азыркы учурда бөгөт чарасы тууралуу маселелер чечилип жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13