wrapper

Криминалдык хроникасы

КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери опузалап пара алууга шектелген сот аткаруучуну кармашты

Жакында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгына кызмат адамы тарабынан коррупциялык багыттагы мыйзамга каршы иш-аракеттеринин жасалып жатканы жөнүндө маалымат келип түшкөн. ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгына 30 жаштагы А.Б. аттуу жарандан арыз келип түшүп, анда Ош облусунун райондук сотунун сот аткаруучусу алиментке байланыштуу маселени чечип берем деп 50 000 сом акча каражатын талап кылып жаткандыгы жана ага карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Аталган факты боюнча топтолгон материал КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин (Опузулап пара алуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын жана атайын операциялар отрядынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 10-март күнү райондук соттун сот аткаруучу кызматкери талап кылган акча каражатын накталай алып жаткан жеринен кармалган. Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда башында белгиленген 50 000 сом акча каражаты табылган. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан мал уурдоо менен алектенген топ кармалды


ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын, Чүй ОИИББдин жана Нарын ОИИБдин КМКнын бөлүмдөрүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан мал уурдаган кылмыштуу топтун изине түшүү үчүн көптөгөн күч-аракеттер жумшалды. Эки айдан ашык аралыкта гана милиция кызматкерлери ири мүйүздүү малдарды жана жылкыларды уурдаган кылмыштуу топтун изине түшүшкөн. 2019-жылдын декабрь айында Чүй облусунун Кемин районунун Ильичев айыл өкмөтүнүн аймагынан 11 баш ири мүйүздүү малдарды (уй менен торпоктор) белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Мал ээлери болсо башында өз күчтөрү менен издешип, андан соң гана милицияга кайрылышкан.
Аталган факты КЖБРге катталып, Кемин РИИБ тарабынан ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.
Өткөн жылдын аягында Нарын облусундагы сарайлардын биринен 3 баш жылкы менен 1 уйду уурдап кетишкен. Бул фактылар дагы КЖБРге катталып, Нарын жана Кочкор РИИБдери тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштаган.
Жогорудагы фактыларды эске алуу менен бул кылмыш иштерин иликтөөгө борбордук аппараттын –ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын кызматкерлери тартылган. Аталган кылмыш иштеринин бетин ачуу жана шектүүлөрдү кармоо боюнча комплекстүү бирдиктүү иштер жүргүзүлө баштаган. Жазалган кылмыш иштерин изилдөө менен ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топтун колунан жасалган деген тыянакка келишкен.
ИИМдин буюрмасынын негизинде ушул жылдын февраль айында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын, Чүй ОИИББдин КМКнын бөлүмдөрүнүн ыкчам кызматкерлеринин тобу ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Баткен облусуна иш сапарга кетишкен. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында көптөгөн мал уурулукка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Аксы районунун жашоочулары Э.А., С.А. жана Талас облусунун жашоочусу Т.Т. кармалды. Алынган маалымат боюнча алар уурдалган малдарды Баткен облусунун аймагына алып келишип, жергиликтүү базарларда сатып жүрүшкөн.
Азыркы учурда жогорудагы фактыларга тиешеси бар башка жарандарды дагы кармоо боюнча ыкчам-издөө иштери жүрүп жатат. Учурда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Ысык-Көл облусунда жүргүзүлгөн ыкчам алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө бейбаштыкка жана башка кылмыштарга шектүү кармалды


Ысык-Көл РИИБдин КМКнын ыкчам кызматкерлери тарабынан бейбаштык иш-аракеттерине шектелген жаранды кармоо боюнча ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жакында ыкчам алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери укукка каршы иш-аракеттерге шектелген Ысык-Көл районунун тургуну, мурда баңгизат жана алдамчылык үчүн соттолгон 1996-жылы туулган Э.Э. аттууну кармашты. Аталган факты КЖБРге катталып, РИИБ тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесинин «Бейбаштык» негизинде сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө башталган. Башында, ишкерлерди коркутуу менен алектенип, курорттук мекемелердин жумушчуларынан акча каражатын опузалап талап кылып жатат деген ыкчам маалымат келип түшкөн.
Алынган маалымат боюнча кармалган жаран Э.Э. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Азыркы учурда Ысык-Көл РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Ош ОИИБдин КМКнын УККБнын кызматкерлери ыкчам алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө опузалап талап кылгандарды кармашты

2020-жылдын февраль айында Ош ОИИБге ишкерлик менен алектенген жаран кайрылып, опузалап талап кылуу жана анын мүлкүн ээлеп алуу фактылары боюнча билдирген. Такталгандай, 2020-жылдын февраль айынын башында азият түспөлүндөгү бир нече белгисиз адамдар Ош шаарындагы кичирайондордун биринен коркутуп, «Opel» үлгүсүндөгү автоунааны өздөрүнө мажбурлап жаздырып, ишкердин автоунаасын ээлеп алышкан. Бир нече күндөн кийин ошол эле адамдар 3000 АКШ долларынан ашык акча каражатын тартып алышып, андан дагы ири суммадагы акча каражатын талап кылышкан. Алар талап кылган акча каражатынын жалпы суммасы-13 000 АКШ доллары.
Аталган факты КЖБРге катталып, Ош ОИИБдин тергөөсү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүндө (Опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Аталган кылмыш ишине уюшкан топтун жасагандыгы боюнча белгилери бар болгондуктан облустук ИИБдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмү тарабынан ыкчам иштер жүргүзүлө баштаган. Жакында ыкчам алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө Ош ОИИБдин КМКнын УККБнын кызматкерлери талап кылып жаткан 2800 АКШ долларын алып жаткан жеринен шектүүлөрдүн бири, мурда бир нече жолу соттолгон Кара-суу районунун тургуну 1973-жылы туулган Р.З. аттуу жаран кармалды. Ал эми экинчи шектүү, Кара-Суу районунун тургуну 1992-жылы туулган И.М. аттууну жабырлануучудан тартып алган «Opel» үлгүсундөгү автоунааны айдап жүргөн жеринен кармашкан. Ош ОИИБдин КМКнын маалымат боюнча кармалган жарандар УКТнын мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турушат. Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда. Аталган кылмышка тиешеси бар башка шектүүлөрдү кармоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13