wrapper

Криминалдык хроникасы

ИИМ: СЫЙМЫК ЖАПЫКЕЕВДИН БИЛДИРҮҮЛӨРҮ ЖАНА ЧАКЫРЫКТАРЫ БОЮНЧА СОТКО ЧЕЙИНКИ ӨНДҮРҮШ ЖҮРҮП ЖАТАТ

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты К.Жумалиевдин КЖБРге катталган арызы боюнча С. Жапыкеевдин социалдык тармактардагы баракчасындагы билдирүүсү боюнча лингвистикалык экспертизаны жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы чыгарган лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, С. Жапыкеевдин билдирүүлөрүндө массалык акцияларга, жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакыруу, тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүмүндө (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар экендиги аныкталган.
Азыркы учурда, сотко чейинки өндүрүш боюнча кылмыш жасоого тиешеси бар бардык жарандарды тактоо жана аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМ: Үй ууруларынын тобу кармалып, көптөгөн уурдалган мүлктөр табылып алынды

Батирлерден мүлктөрдү уурдагандардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюга багытталган ыкчам-тергөө жана алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө жарандардын мүлктөрүн уурдоо менен алектенгендер кармалган. Жогоруда көрсөтүлгөн топ республиканын бир катар аймактарында уурулук менен алектенишип, аларды кармоо учурунда көп сандаган уурдалган буюмдар табылган. Аталган кылмыш иши ыкчам кызматкерлердин сабаттуу уюштурулган ишинин, ошондой эле ыкчам жана башка кызматтардын бирдиктүү иш-аракеттеринин натыйжасында ачылды.
Ушул жылдын март айында коомчулук тарабынан тынчсыздандырууну жаратып жаткан батирлерден мүлктөрдү уурдагандар менен күрөшүү үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тартылган. Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматынын тапшырмасынын алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын КМКнын ыкчам кызматкерлери Ленин РИИБдин ШМБ-2 КМКнын кызматкерлери менен биргеликте жарандардын мүлктөрүн урдоо фактыларынын бетин ачууга, үй ууруларын тактоо жана кармоого багытталган ыкчам иш-чараларын жүргүзө башташкан.
Ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө укукка жат аракеттер жөнүндө, анын кайда болгондугун, ага жана башка фактыларга тиешеси барларды аныктоо үчүн кошумча маалыматтарды алуу максатында ыкчам бөлүктөрдүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборунун жана Бишкек ШИИББдин Санариптештирилген командалык борборунун видео-көзөмөлдөрүндөгү маалыматтар колдонулган. Бул кылмыш иштерин ачуу канчалык оор болбосун, криминалдык милициянын ыкчам кызматкерлери менен мониторинг борборунун кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөөнү жана далилдерди топтоону жүргүзүү үчүн толтура маалыматка анализ жүргүзүшкөн.
Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда ыкчам кызматкерлер Улан аттуу жаранды байкап калышкан. Мындан аркы жүргүзүлгөн иштин жүрүшүндө анын өздүгү аныкталып, ал мурда соттолгон Нарын облусунун тургуну 1998-жылы туулган М.уулу У. болуп чыккан. Антыкталгандай, ал жатак-абагынан качып, жашырынып жүргөн. ЖАМКта бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
Шектүүнүн өздүгүн, чөйрөсүндөгү жана кылмыштуу байланыштарын аныктоо менен ыкчам кызматкерлер анын шериктештерине чыгышкан.
2020-жылдын 9-майында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Ленин РИИБдин ШМБ-2 КМКнын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын аймагында укукка жат аракеттерге тиешеси бар 1998-жылы туулган М. Уулу У. аттуу жаран кармалган. Аны менен кошо мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган Жалал-Абад облусунун тургуну 1997-жылы туулган А. Уулу К. дагы колго түшкөн.
Андан сырткары, жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар шаардын жашоочусу болгон үчүнчү жарандын өздүгү такталып, учурда ал жашырынып жүрүүдө. Алынган маалымат боюнча үчөө тең жазасын өтөп жаткан кезде тергөө абагында таанышкандыгы малым болгон.
Бишкек шаарынын көп кабаттуу үйдүн короосунда шектүүлөрдүн бирине таандык «Toyota Vitz» үлгүсүндөгү автоунаа табылган. Алар бул унаа менен уурдалган мүлктөрдү ташып жүрүшкөн. Уурдалган мүлктөрдү алар тааныш сатып алуучуларга өткөрүп келген. Милиция кызматкерлери уурдалган мүлктөрдү кимге сатып жүрүшкөндөрүн дагы аныкташкан. Башында ыкчам кызматкерлер сатып алуучуларга таандык жүк ташуучу унааны байкап калышкан. Шектүүлөрдүн жана сатып алып кайра сатып жүргөндөрдүн жашаган жерине тинтүү жүргүзүү учурунда уурдалган буюмдар табылган: сыналгы, кир жуучу машина, саат жана, алтын жасалгалары жана башка буюмдар.
Кармалган жарандардын шаардын жана региондордогу бир катар уурулукка тиешеси бардыгы аныкталды. Алсак, Ленин району-22 факты, Октябрь району-2 факты, Чүй облусунун Сокулук району-2 факты. Андан сырткары, үй уурулары республиканын түштүк аймагында дагы Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында 4 уурулук фактысына тиешеси бардыгы тастыкталды. Бардык фактылар КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурулук) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
Уруулар тобу өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурундагы дагы уурулук менен алектенип жүргөндүгүн белгилеп кетүү керек. Болжолдуу алдын ала маалыматка караганда, кылмышкерлер 30 уурулук фактыларына тиешеси бар.
Азыркы учурда бардык факты боюнча мындан аркы тергөө иш-чараларын жүргүзүү менен үчүнчү жаранды кармоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Соттун чечими менен кармалган жарандар эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы каралды.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери ири көлөмдө героин баңгизатын сатуу жолуна бөгөт коюшту


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча кызматкерлери тарабынан ири көлөмдө героин баңгизатын сатуу жолун аныктоого жана ага бөгөт коюуга багытталган операциясы ийгиликтүү жүргүзүлдү.
Аталган факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинде (Баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча КЖБРге катталган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында баңгизат менен алектенген топтун активдүү мүчөсү кармалды. Андан мыйзамсыз жүгүртүлгөн салмагы 1 килограмм 047 граммды түзгөн героин алынган. Кармалган жаран УКЖга киргизилип, аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдардын өздүгүн тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүүдө.
ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМдин Криминалдык милиция кызматы батирлерден мүлктөрдү уурдап жүргөндөрдү кармашты


Кылмыштарды алдын алуу жана бөгөт коюу максатында ички иштер органдары тарабынан ар убак ыкчам-тергөө жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен республиканын бир катар аймактарында жарандардын батирлеринен мүлктөрдү уурдоо менен алектенгендер кармалууда. Ушул жылдын март айында коомчулук тарабынан тынчсыздандырууну жаратып жаткан батирлерден мүлктөрдү уурдагандар менен күрөшүү үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тартылган. Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматынын тапшырмасынын алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын КМКнын ыкчам кызматкерлери Ленин РИИБдин ШМБ-2 КМКнын кызматкерлери менен биргеликте жарандардын мүлктөрүн урдоо фактыларынын бетин ачууга, үй ууруларын тактоо жана кармоого багытталган ыкчам иш-чараларын жүргүзө башташкан.
Белгисиз адамдар Чүй облусунун Сокулук районунун, Бишкек шаарынын Ленин жана Октябрь райондорунун аймагында батирден мүлктөрдү уурдашкан.
-Ушул жылдын 4-январь күнү уурулар күндүзгү маалда Бишкек шаарынын тургунунун үйүнө кирип, ноутбук, фотоаппарат, уюлдук телефон, кийим-кечек, башка мүлктөрүн уурдап кеткен. Жабырлануучуга болжол менен 100 миң сомдук материалдык зыян келтирилген. Андан сырткары, кылмышкерлер негедир домофон менен кондиционердин пультун дагы уурдап кеткени маалым болгон.
-Шаардын жашоочусу 2020-жылдын 27-январында белгисиз адамдар анын үйүнө мыйзамсыз киргендиги боюнча ички иштер органдарына кайрылып, дубалга бекитилген сыналгысын алып, үйүнүн ичин чачып кеткендигин билдирген.
-Ушул жылдын январь айынын аягында кылмышкерлер Ынтымак жаңы конушунда дагы үйлөрдүн биринин терезесиндеги торчону талкалап, 1 000 АКШ доллар болгон акча каражатын, түстүү сыналгысын жана башка буюмдарын уурдап кеткендигин билдирген.
-Ушул жылдын февраль айынын башында уурулар үйдүн ээлеринин жоктугунан пайдаланып, Бишкек шаарынын жашоочусунун үйүнө киришип, 80 миң сомдук түстүү сыналгысын уурдап кетишкен.
-Ленин РИИБге шаардын жашоочусу кайрылып, ушул жылдын март айында анын үйүнө кирип, уурдоого аракет кылып мүлктү жараксыз абалга алып келип, материалдык зыянга учураткан белгисиз адамдарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.
-Ушул жылдын 6-март күнү Арча-Бешик жаңы конушунда таңкы маалды уурулар терезени талкалап, жергиликтүү тургундун үйүнө киришип, ал жактан сыналгыны уурдап кетишкен. Жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылган.
-20-март күнү түнчүндө Арча-Бешик жаңы конушунан дагы уурулук фактысы катталып, кылмышкерлер үйгө терезе аркылуу кирип, сыналгы, фотоаппарат, ювелирдик жасалгаларды жана башка буюмдарды уурдап кетишкен. Жабырлануучулардын сөзү боюнча уурулар 350 миң сомдук материалдык зыян келтиришкен.
-Кылмышкерлер Рухий-Мурас жаңы конушунан дагы уурулук жасашып, жергиликтүү тургундун үйүнө терезе аркылуу кирип, 40 миң сомдук сыналгы, сүрөттөрдү басып чыгаруучу принтер жана башка буюмдарды уурдап кетишкен.
-24-марттан 20-апрелге чейинки аралыкта Ак-Өргө жаңы конушунда белгисиз адамдар жергиликтүү тургундун үйүнө киришип, ал жактан муздаткыч, 45 миң сом акча каражатын, ири суммадагы алтындан жана күмүштөн жасалган ювелирдик жасалгаларын уурдап кетишкен.
-Ушул жылдын 10-май күнү ички иштер органдарына Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн жашоочусу арыз менен кайрылып, 7-май күнү белгисиз адамдар үй ээлеринин жоктугунан пайдаланып, үйгө мыйзамсыз кирип, сыналгы, үюлдук телефондорун уурдап кеткендигин билдирген.
Жарандардын мүлктөрүн уурдоого тиешеси барларды аныктоодо көптөгөн күчтөр жумшалып, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлеринин тыкыр иликтөөсүнүн натыйжасында гана үйлөрдөн мүлктөрдү уурдоо менен алектенип жүргөндөрдүн изине түшкөнгө мүмкүн болгон. Уруулук көп учурда жаңы конуштарда жасалып, уурулар шек санатпай үйлөргө кирүү менен сыналгы, тиричилик техникаларын алып чыгып кетишкен.
Уруулар тобу өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурундагы дагы уурулук менен алектенип жүргөндүгүн белгилеп кетүү керек. Болжолдуу алдын ала маалыматка караганда, кылмышкерлер 30 уурулук фактыларына тиешеси бар.
Азыркы учурда эки шектүү жаран кармалды.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13