wrapper

Криминалдык хроникасы

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы курал колдонуу менен ээнбаштыкка шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгы уюшкан кылмыштуулук көрүнүштөрүнө каршы аракеттенүү, кылмыштарды алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат.
Жакында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери куралды мыйзамсыз алуу, колдонуу менен ээнбаштыкка шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты. Ошондой эле алар коомдук тартипти камсыздоо милдетин аткарып жаткан бийликтин өкүлүнө каршылык көрсөтүүгө байланышкан ээнбаштыкка шектелүүдө.
Эки криминалдык топтун мүчөлөрү бири-бири менен Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында ушул жылдын октябрь айында ок атышуу менен чыр чыгарышкан.
Бул окуя боюнча айрым маалыматтык агенттиктерде 8-октябрь күнү Сузак районунда кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн арасында ок атышуу менен коштолгон чыр-чатак чыккандыгы маалымдалган. Окуя тууралуу маалымат милицияга түшүп, укук коргоо органдарынын кызматкерлери келишкендиги дагы айтылган. Мындай көрүнүш ушул жылдын август айында дагы катталгандыгы маалым болгон.
Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 4 ээнбаштык фактысы менен куралды мыйзамсыз алып жүрүү фактысы катталып, Сузак РИИБи сотко чейинки өндүрүштү баштаган.
Алдын ала болжолдуу маалымат боюнча кылмыштуу топтордун ортосундагы чыр-чатак бири-бирине болгон пикир келишпестиктен чыккан. ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын маалыматы боюнча эки топтун мүчөлөрүнүн бири ири УКТнын мүчөлөрү катары, ал эми экинчиси башка кылмыштуу топко тиешеси бардыгы тууралуу ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
2020-жылдын 27-октябрь күнү ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы ИИМдин Тергөө кызматынын (Ош шаары) тергөөчүлөрү менен биргеликте Жалал-Абад ОИИБдин атайын операциялар отрядынын колдоосу менен коомго каршы аракеттерди жасоого шектелген бир нече жарандарды кармоо боюнча атайын операцияны жүргүзүштү.
Ыкчам-иш-чаралардын жүрүшүндө эки кылмыштуу топтун 6 мүчөсү кармалды. Алардын төртөө бир кылмыштуу топтун, ал эми экөөсү башка кылмыштуу топтун мүчөлөрү болушат.
Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди:
-1983-жылы туулган М.М., Жалал-Абад облусунун жашоочусу;
-1984-жылы туулган Т.М., УКТ активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
-1983-жылы туулган Б.Т., УКТ активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

-1974-жылы туулган Т.М., УКТ активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
-1990-жылы туулган С.М., кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
-1989-жылы туулган Т.Р., кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Кармалган жарандардын бардыгы Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары болушат.
Учурда жогорудагы фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМ: Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросу эл аралык издөөдө жүргөн адамдарды аныктоо жана кармоо иштерин улантууда

Кыргыз Республикасынын ИИМнин Интерпол Улуттук борбордук бюросу кылмыштарга каршы күрөшүү жаатында өз ишин улантууда, Интерпол кылмыш полициясынын эл аралык уюму аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тутумдуу иш алып барууда.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун маалыматы боюнча, 2020-жылдын октябрь айынын аягында Кыргызстандын аймагында Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган жана убактылуу кармоочу жайларда жазасын өтөп жаткан эки чет элдик жаран бар. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде компетенттүү органдар тарабынан терроризм боюнча өз мекенинде издөөгө алынган Өзбекистандын жараны жана ири өлчөмдө алдамчылык үчүн өз мекенинде издөөдө жүргөн Түштүк Кореянын жараны жазаларын өтөп жатат. Кореялык жаран алдамчылык жолу менен чет өлкөлүк инвесторлорго материалдык зыян келтирүү жана ири суммадагы акчаны ээлеп алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ал өзүнүн иш-аракеттери менен мамлекеттик кызыкчылыктарга да зыян келтирген. Аны Биринчимай райондук соту алдамчылык боюнча 5 жылга эркинен ажыраткан.
Жазасын өтөп бүткөндөн кийин, жогорудагы адамдар эл аралык келишимдерге ылайык мекенине өткөрүлүп берилет.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМ: 2020-жылдын 9 ай ичинде 550 ашык мал уурулуктун бети ачылды


Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары мал уурдоону болтурбоо жана эскертүүгө багытталган дайыма ыкчам жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп келет.
Жыл башынан бери сотко чейинки өндүрүштө мал уурдоого байланыштуу 793 материал болгон, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 557 фактысынын бети ачылган. Республика боюнча мал уурулук менен алектенген 112 адам адамдан турган 51 кылмыштуу топ кармалган. Кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракетинен жалпысынан 1973 мал уурдалган, анын ичинен 1055 мал ээлерине кайтарылып берилген. Алардын ичинен ийри мүйүздүү бодо малдар 583, кайтарылып берилгени 313, 908 майда мүйүздүүсү мал жандыгынан уурдалса, 478 кайтарылып берилген. Уурдалган жылкынын саны 482, ээлерине кайтарылып берилгены 232 болот. Жарандарга келтирилген жалпы зыяндын саны 46 млн. 744 миң сом, анын ичинен кайтарылганы 26 млн. 987 миң сомду түзөт.
Тажрыйба көрсөткөндөй, мындай мүлктүк кылмыштардын курмандыктары болуп, малдарын жайыттарда, талааларда көзөмөлсүз калтырган жарандар саналат. Көп учурда мындай кылмыштарды изин суутпай ачууга тоскоолдуктарды жараткан бирден бир себеби болуп жарандар жоголгон малдарын өздөрү издешип, укук коргоо органдарына кеч кайрылганы жатканы эсептелет. Мындай кылмыштарды негизинен "изин суутпай" ачуу оңой болот.
Жогорудагыларды жыйынтыктоо менен милиция жарандарга дагы бир жолу кайрылат: Урматтуу жарандар, малыңыздарды көзөмөлдөп, этият болуңуздар. Уурулардан сак болгула! Короолоруңардын эшиктерин бекемдеп, малдарды кайтаруу үчүн иттерди багып алуу керек.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Бишкек шаарынан акыл-эске таасир берүүчү активдүү заттарды таратып жүргөн каналга бөгөт коюлду


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды интернет тармактары аркылуу сатуу каналына бөгөт коюу боюнча атайын тергөө аракеттери ийгиликтүү аяктады.
Аталган факт КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинде (Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча катталган.
Анын натыйжасында психотроптук заттарды Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсү менен Чүй каналынын кесилишиндеги жашыруун жайга бекитүү учурунда 1989-жылы туулган С.И. кармалган. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда 1 даана таңгак табылып алынган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы таңгак жалпы салмагы 37,25 грамм болгон акыл-эске таасир берүүчү активдүү зат экендиги аныкталган.
Ошондой эле шектүү баңгизатты "А" пунктунан "В" пунктуна ташуу, "ЕХ.KG" аккаунту менен телеграмм социалдык тармагы менен интернет дүкөнүнүн операторун аныктоо боюнча курьерлик кызмат көрсөтүп жүргөндүгү, акысына электрондук капчык аркылуу акча каражат алып жүргөндүгү маалым болгон.
Ал Оруссия Федерациясынан өзүнүн атына почта аркылуу, өзүнө эле белгилүү болгон жөнөтмө алгандыгы үчүн 150 АКШ доллар сый акы алгандыгы аныкталды.
Бул факт КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 268-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча интернет дүкөнүнө карата жүргүзүлгөн мындан аркы ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Бишкек ш. Магистральная көчөсүнөн 1998-жылы туулган А.У. кармалып, андан бир акыл-эске таасир берүүчү активдүү зат табылып алынган. Анын жалпы салмагы 14 граммды түзгөн. Сүйлөшүлөрдү жүргүзүү учурунда ал социалдык тармактар аркылуу баңгизаттарды ташуу менен алектенип жүргөндүгү аныкталган.
Ошондой эле 1998-ж.т., К. уулу А. аттуу жаран кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталып, ал жашаган дарекке тинтүү жүргүзүү учурунда 12 даана таңгак күкүм түрүндөгү күрөң түстөгү зат, ар түрдү өндөгү таблеткалар, компьютер жана ноутбук, банктык карталар, сим карталар табылып алынган. Алынган баңги жана психотроптук заттардын жалпы салмагы 142,26 граммды түзгөн.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, аталган баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды сатууда кылмыштык топтун кирешеси 245 миңден ашуун сомду, же болжол менен 486 дозаны түзмөк.

ИИМдин БМЖККК Басма сөз кызматы

Read more...

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13