wrapper

Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын тергөөчүсү кармалды


2019-жылдын 12-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматына О.Н. аттуу жаран (аял киши) кайрылып, ага карата катталган сотко чейинки өндүрүш боюнча маселени оң жакка чечип берүү үчүн 20 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылып жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.
Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүндө (Опузалап пара талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
2019-жылдын 14-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, болжол менен саат 22:15 шаардагы кафелердин биринен 20 000 сом акча каражатын накталай алып жаткан жеринен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү, ички кызматтын кенже лейтенанты У.М. кармалды.
Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда, У.М. курткасынын ички чөнтөгүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү, ички кызматтын кенже лейтенантынын атына берилген кызматтык күбөлүк табылып, алынган.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча Тергөө башкармалыгы иликтөө жүргүзүп жатат.
ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантып жатат.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Самат Курманкулов даарыланып жаткан Москвадагы клиникалык ооруканага барды


Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Джекшенкулов менен бирге Кой-Таш айылындагы окуяда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү учурунда оор жаракат алып, жабыркаган Чүй облусунун ИИББдин башчысы даарыланып жаткан медицияналык реабилитациялык борборлордун бири-Москвадагы Медси клиникалык ооруканасына барышты. Башында ал Москвадагы Бурденко атындагы Нейрохирургиялык борбордо даарыланган.
Андан сырткары, КМШ катышуучу-мамлекеттердин аймагында Уюшкан кылмыштуулук жана башка коркунучтуу кылмыштардын түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча бюросунун директорунун орун басары Кыргыз Республикасынын ИИМнен А. Алиев менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги өкүлү Р. Салимов өз кесиптешине барышып, ар убак кабар алышууда.
Кыргызстандын ИИМдин башчысы Самат Курманкуловдун саламаттыгы жана дарылануунун процесси менен таанышып чыкты. Клиникалык оорукананын адистеринин айтуусунда, анын абалы жакшырып жатат.
Москвадагы клиникага барганында Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Самат Курманкуловго “Эрдик” медалын тапшырды.
Эске салабыз, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен Чүй облусунун ИИББдин башчысы, милициянын полковниги Самат Курманкулов коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы жана кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн мамлекеттик сыйлык-“Эрдик” медалы менен сыйланган.
Кашкар Джунушалиев, кызматтык милдеттерин аткарууда оор жаракат алган кызматкерди материалдык жактан жардам берип, моралдык жактан колдоо, ошондой эле анын үй-бүлөсүн колдоого алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө көзөмөлүндө экендигин белгиледи. Самат Курманкуловго тез арада сакайып кетишин каалашты.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгына тез жардам автоунаасын белек кылды


2019-жылдын 6-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгынын аймагында автоунааны тапшыруу аземи болуп өттү. Автоунаанын ачкычтарын тапшыруу аземинде Мирлан Исагалиев белекти чын дилинен берип жаткандыгын айтып, ички иштер органдарында кырк жылга жакын тергөөчү болуп иштеген кайын атасы Сапардин Аскаровдун жаркын элесине арналгандыгын билдирип өттү. Акыркы жылдары ал ооруп калгандыктан ИИМдин ооруканасы дарылануусуна жардам берип карап келишкендигин эскерди. Оорукананын азыркы абалын көрүп, жабдыктар менен техникалар жетишпегендигине байланыштуу Мирлан Исагалиев ак халатчандарга -жардам берүүнү чечкен. Эки чөйрөдө-укук коргоо органдары менен саламаттык сактоодо иштеген адамдар оор учурда ар убак жардамга келип, кызмат көрсөтүшөөрүн билдирди. Ал милиция кызматкерлерин дарылануусун камсыздап келишкен доктурларга жардам берүү өзүнүн парзы экендигин ойлогон. Аталган тез жардам автоунаа милиция кызматкерлерин жана ички иштер органдарынын ардагерлерине кызмат көрсөтөт.
ИИМдин Медициналык башкармалыгынын башчысы, милициянын подполковниги Нурдин Метеров өзүнүн жааматынын атынан Исагалиевге ыраазычылыгын билдирип, аталган автоунаа менен доктурлар милиция кызматкерлеринин өмүрү менен ден соолугун сактоодо болгон күчтөрүн жумшаарын айтып кетти. Эми чакырууларга барууда жана аларга жардам көрсөтүүдө жеңилдиктер болуп, айрым учурларда атайындаштырылган медициналык мекемеге жеткирүүгө болот.
Иш-чаранын аягында Мирлан Исагалиевдин кайын атасы Сапардин Аскаровдун атына куран түшүрүлүп, ал эми Медициналык башкармалыктын ардагерлери ишкерге баталарын беришти.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМде ЖМКнын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады


5-ноябрда Кыргыз Республикасынын ИИМде Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнүнө арналган салтанаттык иш-чара өттү.
Ички иштер органдары менен тыгыз кызматташкандыгы жана ишмердүүлүгүн калыс чагылдырууда зор салымын кошкондугу үчүн, ошондой эле Маалымат жана басма сөз күнүнө карата Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын 90 ашык өкүлүнө "Кыргыз милициясына 95 жыл" юбилейлик медалдарын, Ардак грамоталарды, түзүмдүк медалдарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Куттуктоо сөзүндө ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев басма сөз менен ички иштер органдарынын кызматташуусу профессионалдуу, жана бир максаттуу болуп, күндөн-күнгө бекемделип жаткандыгын баса белгиледи.
Сиздердин аракетиңиздер менен гана Кыргыз Республикасынын ИИМи коом үчүн ачык-айкындуулукту камсыздай алды. Бул тездик менен болбосо дагы, коомдун аң-сезиминде криминалдык көрүнүштөргө каршы туруу калыптанып жаткандыгын көрүүгө болот. Телевидениеде, мезгилдүү басма сөз каражаттарынын жана көркөм адибий китептердин беттеринде жарандарды коргоп, жардамга муктаж болгондорго ар убак көмөк көрсөтүүгө даяр болгон милиция кызматкерлеринин элестери жанданууда.
Биз баардыгыбыз, биргеликте көптөгөн иштерди жазашыбыз керек. Келечекте биз кылып жаткан аракеттер уланаарына жана маанилүү болооруна ишенем. Биздин жалпы тапшырмабыз болуп, ИИОну реформалоо, ИИМдин, ИИББдин-ИИБдин борбордук аппараттарын оптимизациялоо, регионалдык милиция кызматкерлерин өнүктүрүү, "Бирдиктүү терезени" өлкөнүн бардык аймагында ачуу, Командалык борборду түзүү жана өнүктүрүү, милициянын патрулдук кызматын өнүктүрүү жана бекемдөө, терроризмге жана экстремизмге, уюшкан жана улуттар аралык кылмыштуулукка, баңгибизнесине каршы туруу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун жана бейпилдигин камсыздоо, эң башкысы калктын ички иштер органдарына болгон ишенимдерин кайтаруу эсептелинет.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин жалпы жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атыман кесипкөйлүүлүгүңөр, жарандык позицияңар, күжүрмөн эмгегиңер жана жоопкерчилигиңиздер үчүн ыраазычылыгымды билдиргим келет. Журналисттер күнүн жалпы элдик майрам десем жаңылышпайм, анткени азыркы коомду маалыматсыз, аны берүүнүн каражаттарсыз, окуяга жана биздин жашоодо болуп жаткан фактыларга профессионалдуулук менен көз чаптыруусу жок эслестетүү кыйын. Майрамыңыздардын алдында журналисттерге окуяны чагылдырууда ар тараптуулукту, калыстыкты, андан сырткары чыгармачылыгыңыздарда жаңы идеяларды кааламакчымын.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигинин атынан жана ички иштер органдарынын өздүк курамынын атынан мындан аркы професионалдык ийгиликтерди, бекем ден соолукту жана ийгиликтерди каалайм!
"Биз, Сиздерге көптөгөн жакшы жаңылыктарды, кызыктуу темаларды жана жаркын каармандарды каалайбыз. Ар бир каалаган ой-тилектериңиздер орундалып, ал эми баардык пландарыңыздар ишке ашсын! Сиздерге бекем ден соолук, профессионалдык ийгилик жана бакыт-таалай кааламакчымын!",-деп Кашкар Джунушалиев белгиледи.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигинин атынан жана ички иштер органдарынын өздүк курамынын атынан мындан аркы професионалдык ийгиликтерди, бекем ден соолукту жана ийгиликтерди каалайм!
ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13