wrapper


2019-жылдын 23-октябрда "Манас" аэропортунун акысыз унаа токтотуучу жерде турган "Хонда-Торнео" үлгүсүндөгү автоунаанын багажынан киши колдуу болуп өлгөн Чүй облусунун тургуну, 1980-жылы туулган таксист К.Х.А. жансыз денеси табылган. Ал жүргүнчүлөрдү ташуу менен гана алектенбестен, буюмдарды ташуу менен дагы алектенип жүргөн.
Аталган факты Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүндө (Кылмыштуу ойлорун ишке ашыруу үчүн каракчылык менен коштолгон өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча КЖБРге катталган.
Аталган кылмыш ишинин бетин ачуу үчүн ИИМдин жана Чүй ОИИББдин, Сокулук РИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам топ түзүлгөн.
Ычкам-тергөө тобу тез арада өзгөчө оор кылмыш ишинин бетин ачууга багытталган комплекстүү иш-чараларды жүргүзө башташкан.
Сотко чейинки материалдардын алкагында Талас, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустары менен Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында комплекстүү тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Анын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектүү катары бир нече жолу уурулук жана зордуктоо менен соттолгон Чүй облусунун тургуну, 1992-жылы туулган Б.Ч., аткезчилик жана баңгизаттарды сактоо үчүн соттолгон Ош облусунун тургуну, 1987-жылы туулган И.А. аттуулар кармалышкан.
Тергөө тарабынан, Б.Ч Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын Кемин районунда жайгашкан №38 жатак абагында жазасын өтөп жаткандыгы, И.А. Аламүдүн районунун Молдовановка айылында жайгашкан №26 жатак абагында жазасын өтөп жаткандыгы аныкталган. Экөө тең, жатак абактарына 2018-жылдын октябрында которулган.
Ошондой эле, жогорудагы кылмышка шектүү катары карактоо жана бейбаштык үчүн соттолгон Ош облусунун тургуну, 1991-жылы туулган М.А. аттуу аныкталып, аны кармоо боюнча тиешелүү чаралар жүрүп жатат.
Өзгөчө зөөкүрлүк менен К.Х. өлтүргөндөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын жаза аткаруу мекемесинде жазаларын өтөп жатышкан. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын жогоруда аталган жетекчилигинин көзөмөлүнүн жоктугунан шектүүлөр тарабынан каракчылык менен коштолгон өлтүрүү жасалган.
Андан сырткары, шектүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагында ушул сыяктуу өзгөчө оор кылмыштарды жасоого тиешеси барлары териштирилүүдө.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13