wrapper


Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Чүй ОИИББдин КМКнын ыкчам коштоосу менен Москва шаарынын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте Москва шаарынын аймагында өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1992-жылы туулган И.В. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын кайда экендигин тактоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.
Жогоруда аталган жаран Чүй облусунун Сокулук РИИБдин тергөө органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 246-беренесинин 4-бөлүмүндө (Башкага берүү максатын көздөбөстөн өзгөчө ири өлчөмдө баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. 2016-жылдын мартында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин БМЖККБнын кызматкерлери тарабынан “Наркоман” рейди жүргүзүлүп, 1992-жылы туулган И.В. аттуу жаранга өздүк кароо жүргүзүү учурунда майдаланган өсүмдүк түспөлүндөгү кочкул-жашыл түстөгү зат табылган. Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусуна ылайык табылып алынган зат-NBA(N)-CHM. Акыл-эске таасир берүүчү каражат болуп чыккан.
2016-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан жогорудагы кылмыш ишин жасагандыгы үчүн күнөлүү деп табылып, 300 000 өлчөмүндөгү айып пул түрүндө жаза дайындалган.
2018-жылы Чүй облусунун Сокулук райондук соту Сокулук райондук сотунун соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн кызматкерлеринин көрсөтмөсүнүн негизинде жогорудагы жаранга дайындалган айып пул төлөө жазасын- 5 жылга эркинен ажыратуу түрүндөгү жазага алмаштырып, андан соң издөөгө алынган.
Издөө алган тарап маалымдалып, азыркы учурда жогорудагы жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү боюнча маселелер чечилип жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13