wrapper


Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Чүй облусунун Аламүдүн РИИБдин КМКнын кызматкерлери менен биргеликте букаларды уурдаган жаранды кармашты. Кармалган жаран ушул жылдын январь, февраль, март жана апрель айларында Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагынан ири мүйүздүү малды уурдоого шектелүүдө. Шектүү Сокулук районунун Жаңы-Пахтинск айыл өкмөтүнүн жашоочусу 1987-жылы туулган Э.К. аттуу жаран болуп чыккан жана ал мурда каракчылык, тоноо, мал уурулук боюнча соттолгон. Учурда Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан сотко чейинки иликтөөнүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү тарабынан уурдалган малды кайда жана кимге жеткирип жүргөндүгүн аныктоого мүмкүн болгон. Коңшу айыл өкмөтүндө уурдалган малды сатып алып жүргөн жаран аныкталып, сарайынан уурдалган 8 баш ири мүйүздүү мал табылган. Бардык малды жогорудагы шектүү жаран уурдап жеткирип жүргөн.
Жакында ички иштер органдарына Аламүдүн районунун бир нече жашоочусу түнкү маалда сарайларынан малдарын белгисиз адамдар уурдап кетишкендиги тууралуу арыз менен кайрылышкан. Жабырлануучулардын бардык арызы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Азыркы учурда Чүй облусунун Аламүдүн РИИБдин Тергөө кызматы мал уурулук фактысы боюнча сотко чейинки иликтөөлөрүн жүргүзүп жатат. Кармалган жарандын Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында жогорудагыдай фактылар боюнча дагы 7 кылмыш ишине тиешеси бар экендиги териштирилүүдө.
Андан сырткары, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгы менен Чүй ОИИББи Кыйноолорду алдын алуу борборунун милиция кызматкерлери Аламүдүн районунун Жаңы-Жер айылында кармалган жаранга кыйноолорду колдонушкан деген билдирүүсү чындыкка дал келбей тургандыгын билдирет. Аталган борбордун кызматкерлери окуя болгон жерге барышкан эмес жана Аламүдүн районунда ошондой аталыштагы айыл жок. Сотко чейинки иликтөөлөр Кылмыш-жазык кодекстин нормаларынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Шектүүгө карата мыйзамсыз иш-аракеттер жана кыйноолор болгон эмес. Кармалган жаранга карата кыйноолор колдонулган деген билдирүү чындыкка дал келбейт.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13