wrapper

%AM, %23 %239 %2018 %10:%Март

Чүй облусунун аймагында “Жөө жүргүнчү” аталышындагы профилактикалык иш-чарасы өткөрүлүүдө

Written by
Rate this item
(0 votes)

Чүй облусу боюнча ЖКККБы тарабынан баардык аймактарда жөө жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүп жатат.
Иш-чаранын негизги максаты жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктарын болтурбоо жана жарандарга жол кыймылынын эрежесиндеги жөө жүргүнчүлөрдүн милдеттерин түшүндүрүү.
2018-жылдын 16-март күнүнөн бери Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери, райондук ИИБнин кызматкерлеринин көмөктөшүүсү менен иш алып барышууда.
Иш-чара күн алыс өткөрүлүп бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын эрежесинин 4-бөлүмүн аткарбаган 50дөн ашык жөө жүргүнчүлөргө, Кыргыз Республикасынын Административдик чаралар жөнүндөгү кодексинин 247-беренесинин негизинде протоколдор түзүлүп, айыптар салынды.
Андан тышкары, 250 ашык жөө жүргүнчүлөргө жол кыймылынын катышуучусу катары, жол коопсуздугуна өз салымын кошуусу керек экендиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле, бир милиция кызматкеринин аракети менен жол-транспорттук кырсыкты алдын алууга мүмкүн эмес экендигин белгилеп кетүү керек. Жол кырсыктары менен күрөшүү-ар бир жарандын жана жол кыймылынын катышуучуларынын милдети. Жолдордо ар дайым кырсык коштоп жүрөт. Анда кайдигерликке жана жопкерчиликсиздикке жол жоктугун ар дайым эстеп жүрүү керек.
Урматтуу жол кыймылынын катышуучулары, жол кыймылынын эрежелерин сактап, өзүңүздүн жана жакындарыңыздын ден соолугуна жана өмүрүнө кам көргүлө!

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

Read 718 times Last modified on %PM, %23 %305 %2018 %12:%Март

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

Милиция: 102

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

+ 996 312 26 62 90 (тел/факс), +996 312 26 62 54