wrapper

%PM, %19 %488 %2018 %16:%Март

ИИМдин ЖКККББгы: Нооруз майрамы учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Бишкек шаарынын кээ бир көчөлөрүнө чектөөлөр коюлат

Written by
Rate this item
(0 votes)

21-март Нооруз майрамына байланыштуу коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Бишкек шаарынын кээ бир көчөлөрүнө чектөөлөр коюлат:
- Чүй кесилиши;
- Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- Эркиндик бульварынан баштап Панфилов, Орозбеков, Разаков көчөлөрүнө чейин;
- Абдымомунов көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин;
Андан сырткары, транспорттук каражаттардын жана жарандардын көбөйүшүнө жараша Киев жана Фрунзе көчөлөрү автоунаалар үчүн убактылуу чектөөлөр коюлат.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери республика аймагы боюнча жарандар көп жайгашкан жерлерде, соода-түйүн борборлорунун жана иш-чараны массалык түрдө өткөргөн жайлардын жанында кызматта болушат.

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

Read 744 times

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

Милиция: 102

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

+ 996 312 26 62 90 (тел/факс), +996 312 26 62 54