wrapper

%AM, %15 %237 %2018 %10:%Март

Республика аймагында өспүрүмдөрдүн коопсуздугу үчүн "Абайлагыла балдар!" аталышындагы иш-чара өттү

Written by
Rate this item
(0 votes)

Мектеп окуучуларынын жазгы эс алуу күндөрүнүн алдында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын буйругунун негизинде республика аймагында 28-февралдан 14-март күнүнө чейин "Абайлагыла балдар!" аталышындагы иш-чараны өткөрүштү.
Жаш балдардын жана өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында республиканын булуң- бурчтарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкамалыктары, бөлүмдөрү жана бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери тарабынан ар кандай иш-чаралар өткөрүлүүдө. 9-март күнү Чүй облусунун Аламүдүн, Москва райондорунун аймактарында мектептерде жол эрежелерин сактоо боюнча сабактарды өтүлдү. Ошону менен бирге райондор аймагында авто-жүрүш өткөрүлдү. Жүрүштүн катышуучулары коомдук унаалардын акыркы аялдамаларына токтоп айдоочулар менен дагы түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүшүп, коомдук унааларга атайын стикерлерди чапташты. 12-март күнү Нарын ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан Нарын шаарынын мектептер арасында "Жол эрежелер бурчу!" аталыштагы кароо-сынак өткөрүлдү. Сынакка Нарын шаарындагы 8 мектеп катышып, өзүлөрү жасаган жол кыймылынын эрежесине тиешелүү жол белгилерин, сүрөттөрүн, плакаттарын, жасалма жол чырактарын жана жол чиймелерин көргөзүштү. Сынактын жеңүүчүлөрү болуп 1-орунда №2 Чкалов атындагы мектеп гимназиясы, 2-орунда №4 Э.Ибраев атындагы орто мектеп, 3-орунда №1 Т.Сатылганов атындагы орто мектептер аныкталды. Жеңишке жетишкен командалар ЖКККБнын жетекчилиги тарабынан мактоо баракчалары менен сыйланышты.
Ошондой эле, Нарын ЖКККБнын тескөөчүлөрү, жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү менен мектептердин алдыларында окуучулар мектепке келген жана кетип жаткан учурларда кызмат өтөп, балдардын жолдон өтүүсүн көзөмөлгө алышууда. 13-мартка чейин Баткен облусунун аймагында Лейлек районунун Исфана шаарынын Исфана орто мектебинде, Кулунду айылынын орто мектептеринде жана Сүлүктү шаарынын орто мектептеринде Билим берүү мекемелеринин, Айыл өкмөттөрдүн, мугалимдердин жана ата-энелердин катышуусунда жаш өспүрүмдөр арасында "тегерек стол" өткөрүлдү. Мындай иш-чаралар Ысык-Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын аймактарында, Бишкек жана Ош шаарында дагы өткөрүлүүдө.

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

Read 713 times

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

Милиция: 102

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

+ 996 312 26 62 90 (тел/факс), +996 312 26 62 54