wrapper


Кыргыз Республикасынын аймагында, анын ичинен Бишкек шаарында коронавирус илдетинин курчуп жаткандыгына байланыштуу, ИИМдин Медициналык башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ИИМдин Транспорттук ишки иштер башкармалыгынын карамагындагы кызматкери милициянын майору Оржоев Кутман Азиевич өз үй-бүлөсүнүн атынан жасалма дем алдыруучу аппаратты тапшырды. Бул аппарат коронавирус илдетине чалдыгып, дем алуусу начарлап жаткан бейтаптардын дем алуусун жеңилдетүү үчүн колдонулат. Баасы 800 АКШ доллары турат. Кутман Оржоев ИИМдин Медицина башкармалыгына тапшырып жатып, “Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүн алдын алуу жана ага бөгөт коюда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте өз милдеттерин татыктуу аткарып жатышат. Коргонуучу каражаттар менен дагы камсыздалса дагы кызматкерлер аталган ооруга чалдыгып, ооруканага түшүп калгандары жок эмес. Ошондуктан мен үй-бүлөөм менен кеңешип, өз кесиптештеримдин ден соолугуна кам көрүү максатында ИИМдин Медициналык башкармалыгына аталган аппаратты тапшырууну чечтик. Мындан ары дагы жардамымды берсем деп ойлоп жатам. Ошондой эле башка кесиптештеримди дагы бул кайрымдуулукка катышып, кошумча дагы аппараттардан алып берсек деп кайрылып кетет элем”,-деп билдирди.
ИИМдин Транспорттук ишки иштер башкармалыгынын карамагындагы кызматкери милициянын майору Кутман Оржоевге жасалма дем алдыруучу аппаратты тапшыруу учурунда ИИМдин Медицина башкармалыгынын дарыгери милиция кызматкерлеринин ден соолугун сактоо үчүн көрсөткөн жардамына терең ыраазычылыгын билдирип, үй-бүлөөсүнө бейкуттукту, бекем ден соолукту жана иштерине ийгиликтерди каалап кетти.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13