wrapper

 

Коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу максатында Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнү жугуштуу илдетке кабылгандардын саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу ар бир жаран жеке гигиеналык көңүл буруп, дарыгерлер тарабынан сунушталган талаптарды так сактоо зарылдыгы милиция кызматкерлери тарабынан эскертилүүдө.
Мындай алдын алуу иш-чаралар Чүй районунда да күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жатат. Анда ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жашоочуларды учурдагы кырдаалга жоопкерчилик менен мамиле кылып, коомдук жайларда бет каптарды тагынып, антисептикалык каражаттар менен колдорду дезинфекциялоо зарыл экендиги эскертилди.
Алдын алуу иш-чаралары учурунда талаптарды сактабай жүргөн жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ар бир жарандын жоопкерчилиги жугуштуу илдеттин жайылуусун алдын алууга чоң салым болоору түшүндүрүлдү.
Иш-чарада соода түйүндөр, коомдук тамактануучу жайлар, жана башка техникалык тейлөөчү жайларда текшерүүлөр жүргүзүлүп, алардын администрацияларына тазалыкты сактап, дезинфекция жумуштарын өз убагында жүргүзүү зарылдыгы эскертилди.
Эскерте кетүүчү жагдай, ар бирибиздин “Өзгөчө кырдаал” режиминин талаптарын туура сактообуз жана көрсөтүлгөн талаптарды аткаруубуз менен коронавирус инфекциясынын жайылуусуна бөгөт коё алабыз.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13