wrapper

Кыргыз Республикасынын ЖККББнын Ысык-Көл ОИИБ боюнча кызматкерлери санитардык-эпидемиологиялык жана транспорт инспекциясынын өкүлдөрү менен бирдикте жүргүнчүлөрдү жеке ташуу жана коомдук тарнспорттун айдоочуларын, коронавирус инфекциялык илдетинин жайылышына жана жугушуна жол бербөө максатында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерин сактоо боюнча рейд өткөрүүдө.
Бир күндүк рейдтин жүрүшүндө 70ке жакын таксисттер, 45 кичиавтобус жана 4 автобус айдаган айдоочулар текшерүүдөн өтүштү. Рейд учурунда 1 айдоочу санитардык эрежелерди сактабастан  жүргүнчүлөрдү ташып жүргөндүгү аныкталды. Аталган айдоочуга бузуулар жөнүндө кодексинин 150 беренеси (Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу) менен протокол түзүлүп, 3 миӊ сом өлчөмүндө айып пул салынды жана маршруттан алынды.
Рейд учурунда жол коопсуздугунун кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташууда санитардык эрежелерди сактоо жана дарыгерлердин өздүк гигиена боюнча кеӊештерин колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 
Рейд 3 күндүн аралыгында өтмөкчү.
 
Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы
 
 

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13