wrapper

ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантып жатат. Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароодон баш тартуу, кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларга өзгөчө көңүл бурууда.

2020-жылдын 18-июнь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички иликтөө кызматына Ю.Р. аттуу жаран кайрылып, алдамчылык фактысы боюнча жолдошу Б.Р. карата кылмыш ишин токтотуу үчүн 10 000 сом акча каражатын талап кылган "Чыңгыз" аттуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.
Аталган факты УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү менен катталган.
2020-жылдын 19-июнь күнү К.Ч. аттуу милиция кызматкери арыздануучу Ю.Р. жаран К.М. атына 10 000 сом акча каражатын которууну талап кылган.
"Кыргызстан" АКБдан ошол эле күнү которгондон кийин К.М. менен К.Ч. алынган акчаны тастыкташкан.
2020-жылдын 26-июнь күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.
Анын натыйжасында Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө Чүй облусунун Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын ага лейтенанты К.Ч. жеткирилди.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан коррупцияга аралашкан колу таза эмес милиционерлерди тазалоо боюнча иштер жүрүп жатат. Азыркы учурда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жасалган корупциялык мүнөздөгү жана башка кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда.


ИИМдин Басма сөз кызматы

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13