wrapper

Ыр сынак

Кыргыз милициясы бүгүнкү күндө эл менен байланышын арттырып, коомчулук менен бирдикте иш алып барууну көздөп, эл менен байланышты чыңдоо үчүн болгон аракетин жумшап жатат. Эл да муну туура түшүнүп, жапа тырмак колдоп, жардамдарын аябастан берип келет. Мына ушул байланышты мындан ары да кеңейтүү, мындан ары да өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте милициянын жагымдуу образын ачып, анын тарткан түйшүгүн, жасап жаткан эмгегин, коомдогу ордун көркөм чагылдыра алган чыгармаларга «Бир ырдын сынагы» аталышындагы адабий-поэтикалык сынакты жарыялап турабыз.
Сынактын жобосу
Сынакка жиберилген ырлардын көлөмү стандарттуу формада жана алты куплеттен ашпаган, уйкаштыгы, көркөмдүгү, ыргагы адабий талаптарга төп келген, милициянын ишин, турмушун жана милиционердин күжүрмөн образын чагылдырган, мурда эч жерде жарыяланбаган, эл алдында ырдалбаган, ушул сынакка арналып жаңы жазылган чыгарма болушу керек. Эгерде чыгарма ак ыр түрүндө жазылган болсо, саптары алты куплет ырдын көлөмүнөн ашпашы шарт.
Сынакка жаш курагы боюнча чектөөлөр жок. Чыт курсак бала да, ак чач кары да катышса болот. Ырдын тексттери 12-шрифт менен терилип, ө, ү, ң, тамгалары кыргызча жазылышы керек.
Сынакка жиберилген чыгармалар 2020-жылдын 15-октябрына чейин кабыл алынат да жыйынтыгы 7-ноябрда чыгарылып, жеңүүчүлөргө байгелүү сыйлыктар тапшырылат.
Чыгармаларды тандоодо кара кылды как жарган акыйкаттык болушу үчүн 9 адамдан турган калыстар тобу дайындалат. Алардын төртөө Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунан, бешөө ИИМдин кызматкерлеринен болмокчу.
Калем кармаганга шыктуулардын баардыгын бул сынакка катышууга чын дилден чакырабыз!
Чыгармалар жөнөтүлүүчү дарек:
“Бетме бет” гезитине,
электрондук почта: “Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
(Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 469)
тел.: (0312) 266125, 266124.


Милицейская лирика.

Вуалью тёмною, в загадках, вновь накроет
Как прежде, ночь подлунные миры
И словно всё живое успокоит
До зореньки, до утренней поры.

Казалось всё померкло и уснуло
Слышны лишь слабые порывы ветерка,
Что трогают листву ветвей несмело
Совсем уж сонную, на древе, чуть слегка.

Уходят в ночь вновь наши сослуживцы
Милиции солдаты прошлых лет.
Отличники той службы и гвардейцы
Которых с нами, в нашей жизни нет.

Купаясь в запахах сиреневых утра
Своею трелью нежною и звонкой
Поют соловушки напомнив, что пора
Прощаться с сонной феей-ночкой.

Поют они, в нас память пробуждая
Как будто сослуживцы в строй встают,
А мы живём, в отставках, вспоминая
Сынов милиции, что в нас всегда живут.

Долгов Александр Трофимович 85 жаштагы ардагер,Чүй обулусу, Аламүдүн району


МИЛИЦИЯНЫН АРДАГЕРЛЕРИНЕ

Эл камын ойлоп кеменгер,
Кылмышты ачса айлакер.
Жаштарга айтып акылын,
Төр көркү биздин ардагер!

Акыл, күч, эрки токтолгон,
Кеп-кеңеш ою топтолгон.
Кылтагын салып аярлап,
Кылмышкер жолун торогон.

Жаркырап орден медалы,
Эң күчтүү акыл насааты.
Өркүндөө үчүн алгалап,
Жаштарга тийген батасы.

Ардагер барктуу ардагым,
Эмгекчил тынбайт балдарың.
Мекени үчүн төрөлгөн,
Аябайт элден кан жанын.

Ак бата тилек ою бар,
Ырыстуу элде кары бар.
ИИМдин ардагерлери,
Дайыма болгун баарыңар.

Жайкалып төрдө көрк болуп,
Ардагер жаша өрт болуп.
Алгалап тууну көтөрүп,
Аскардай бийик бөрк болуп.


Майрыков Дүйшөнбек,
ардагер подполковник,
Чүй облусу, Сокулук району


АДАМДАРГА КАЙРЫЛУУ

Эй, адамдар!
Силер үчүн чыгарылган мыйзамдар.
Ар мыйзамдын артында,
Айлар, күндөр, жылдар бар.
Ар мыйзамдын артында,
Бактылуу да, бактысыз да тагдырлар,
Тажрыйба, кайгы менен кубаныч,
Сыналуулар,чыңалуулар баары бар!

Эй, адамдар!
Мыйзам менен жашаңдар.
Милиция - ошол мыйзам сакчысы.
Милиция - коопсуз турмуш ачкычы,
Милиция - коомубуздун бактысы!
Мыйзам менен милицияны сыйлаңдар!

Эй, адамдар!
Тумчугасың эгер аба болбосо,
Кырыласың эгер мыйзам болбосо!
Жакалашып, коколошуп өтөсүң,
Милиция ажыратып койбосо.
Милицияга таазим кылат ар адам,
Келечегин, ынтымагын ойлосо!

Эй, адамдар!
Ар бириңдин балаң бар.
Балаңарга көңүл коюп караңар.
Азыртадан мыйзам жолун үйрөтүп,
Азыртадан тарбиялап алыңдар.
Адамдарга туура жолду көргөзгөн,
Мыйзам менен милицияны сыйлаңдар!

Эй, адамдар!
Шарият бар, эреже бар, мыйзам бар.
Сакташ керек колдон келсе аларды.
Алар бүгүн чыга калган нерсе эмес,
Алар камтыйт,кылымдарды жылдарды.
Чындыгында мыйзам менен милиция,
Кырсыктардан сактап турган адамды.


Сапарбек Найзабеков, ардагер. Кочкор району, Шамшы айылы

 

КҮНДҮ СҮЙӨТ МИЛИЦИЯЛАР

Түндү сүйгөн бирөө бар,
Күндү сүйгөн бирөө бар.
Түндү сүйөт кылмышкер,
Түндү сүйөт уурулар.
Аларды кууп кармаган,
Кишендеп торго камаган,
Күндө келип кызматка,
Күндү сүйөт милициялар.

Карангыда карайлап,
Караан көрсө абайлап,
Бир да жанга билгизбей,
Ууру түндө иш кылат.
Ууру изин кубалап,
Далилдерин даярдап,
Тартынбастан эч кимден,
Милиция ишин түз кылат.

Бекер оокат тапсам деп,
Жанымды жакшы баксам деп,
Ууру ойлойт өз жанын,
Кабаттап салып өз тамын.
Күндөп-түндөп иш кылып,
Акырындап иш жылып,
Күндүзү да, түнү да,
Милиция ойлойт эл камын!


Тынчтыкбек Жусупбеков, ардагер майор. Кемин району, Кемин кыштагы

 

ЫРАХМАТ САГА, МИЛИЦИЯ!

Короодо малың көп болсо,
Көп болот ууру аңдыган.
Кудама соём деп туруп,
Койду ууруга алдыргам.

Жайытта малың көп болсо,
Көп болот ууру аңдыган.
Кудама деген жылкымды,
Кокуйлап, ууруларга алдыргам.

Саргайып иштеп тапканмын,
Сандыкка алтын катканмын.
Сындырып ууру алганда,
Санаага абдан батканмын.

Койлорумдан айрылдым,
Кокуйлап милицияга кайрылдым.
Жылкымдан бир күн айрылдым,
Жалынып милицияга кайрылдым.
Алтынымдан айрылдым,
Акелеп милицияга кайрылдым.

Түшүнгүлө оюмду:
Милиция тапты коюмду.
Жыргатып менин жанымды,
Милиция тапты малымды.
Жазып менин жарпымды,
Милиция тапты алтынды!
Ырахмат сага милиция !
Алкыш сага милиция!


Курман Сулайманкулов, ардагер старшина, Жалал-Абад обулусу,
Аксы району, Кербен кыштагы

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13