wrapper

%PM, %06 %426 %2020 %15:%Март

Жалал-Абад ОИИБнин жетекчилиги областка эмгеги сиңген айымдарды куттуктады

Written by
Rate this item
(1 Vote)


Бүгүн Жалал-Абад ОИИБнин жетекчилиги 8-март – Эл аралык айымдардын күнүнө карата областтык мекеме-ишканаларда көп жылдан бери иштеп, эмгеги сиңген жана милиция менен тыгыз кызматташып, маалыматтык колдоо көрсөтүп келген айымдарды куттуктады. Айымдардын майрамы менен Жалал-Абад ОИИБнин начальниги, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов куттуктап, алардын иштерине ийгиликтерди каалады. Энелердин бул жашоодо орду толгус экендиги майрамдык жолугушууда белгиленди. Жумушунан сырткары үй-бүлө мүчөлөрүнө кам көрүп, балдарына татыктуу тарбия берүү менен дагы чоң жоопкерчиликти аткарып жатышкандыгы айтылды. Аялдардын эч качан көз жашы төгүлбөй, уул-кыздарынын сый-урматын көрүүсүн тилеген жетекчи айымдарга арналган атайын белектерин тапшырып, ардак грамоталар ыйгарылды. Өз кезегинде областтык милиция тарабынан белек алып, жылуу сөз угушкан айымдар ыраазычылыктарын билдирип кайтышты.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

Read 811 times

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13