wrapper

%PM, %05 %318 %2020 %12:%Март

Жалал-Абадда жаштарга баңгизаттын зыяндуулугу түшүндүрүлдү

Written by
Rate this item
(0 votes)


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жаштарга баңгизатынын жана психотроптук заттардын зыяндуулугу жөнүндө кеңири түшүндүрмө берилди. Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин алдындагы укук жана бизнес колледжинде, №75 кесиптик лицейде уюштурулган жыйындарда атайын даярдалган «Кайран өмүр – кайран жаштык» аталышындагы видеоролик көрсөтүлдү.
Жыйындардын жүрүшүндө мугалимдердин жана студенттердин кызыктырган суроолоруна БМЖКККнын Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Майрамбек Мураталиев жооп берди.
Жаштар арасында баңгиликтин алдын алуу багытында уюштурулган жыйындарда эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү учурдун талабы экендиги белгиленди. Ошону менен катар студенттерге баңгизатынан жана психотроптук заттардан алыс болуу керектиги эскертилди.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

Read 455 times

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13