facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

18.02.2022

Акылбек Жапаров ИИМ коллегиялык жыйынына катышты

Акылбек Жапаров ИИМ коллегиялык жыйынына катышты
Акылбек Жапаров ИИМ коллегиялык жыйынына катышты
Акылбек Жапаров ИИМ коллегиялык жыйынына катышты
Акылбек Жапаров ИИМ коллегиялык жыйынына катышты
Акылбек Жапаров ИИМ коллегиялык жыйынына катышты
Акылбек Жапаров ИИМ коллегиялык жыйынына катышты
Акылбек Жапаров ИИМ коллегиялык жыйынына катышты
Акылбек Жапаров ИИМ коллегиялык жыйынына катышты
Акылбек Жапаров ИИМ коллегиялык жыйынына катышты
Акылбек Жапаров ИИМ коллегиялык жыйынына катышты
Акылбек Жапаров ИИМ коллегиялык жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ыкчам башкаруу борборуна барды.

Мекеменин иши менен таанышууда Ички иштер министри Улан Ниязбеков белгилегендей, Ыкчам башкаруу борборун түзүүнүн негизги максаты кризистик кырдаалдар (кылмыштар, жол-транспорт кырсыктары) пайда болгондо жана аны жоюу учурунда зарыл болгон ыкчам маалыматты кабыл алууну, иштеп чыгууну, эсепке алууну жана талдоону автоматташтыруу болуп саналат.

«Санариптештирүү жөнүндө көп нерсени айтууга болот, бирок бул борбор аталган багытта иш жүргүзүлүп жаткандыгынын далили. Бул олуттуу курал, анткени жарандар өздөрүн коопсуз сезиши абдан маанилүү. Албетте, камералардын санын көбөйтүп, программалык интерфейсти жакшыртуу керек. Ошондой эле контрабандалык жана каттоодон өтпөгөн товарларды алып кирүүгө жана алып чыгууга бөгөт коюу үчүн салык жана чек ара кызматтарынын күч-аракетин бириктирүү зарыл", - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.  

Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо боюнча ыкчам башкаруу борбору күнү-түнү иштейт. 400 видеокөзөмөл камерасынын жардамы менен күнүмдүк мониторинг жана кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Акылбек Жапаров ошондой эле патрулдук милициянын техникасын – автоунааларды, портативдик радиостанцияларды жана башка көптөгөн атайын техникалардын үлгүлөрүн көрүп чыкты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасына ошондой эле Бишкек шаарында жана республиканын аймактарында милициянын участкалык кызматкерлери тарабынан планшеттер жана камералар кызматтык максатта кандай колдонулуп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2021-жыл жыйынтыгы жана 2022-жылга пландары боюнча коллегиялык жыйыны болуп өттү.

Коллегиянын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, 2021-жылы ички иштер органдары алдыга коюлган милдеттерди жалпысынан ыкчам чечкен.

«Бирок республиканын жарандары бийликтин бардык деңгээлдеринен, бардык мамлекеттик ведомстволордон, анын ичинде укук коргоо органдарынан кыйла натыйжалуулукту күтөт. Республиканын экономикалык жыргалчылыгы финансисттерден гана эмес, сиздерден да көз каранды. Өлкөдө тартип болуп, жарандар өздөрүн коопсуз сезсе, бизге инвесторлор келип, шаарлар, аймактар өнүгүп, тышкы миграция азаят. Ар бир милиционер өзүнүн кызматтык милдетине жоопкерчилик менен мамиле кылса, калктын жалпы ички иштер органдарына болгон ишеними жогорулайт. "Менин  милициям мени коргойт" деген түшүнүк орноп, эл кайрадан сиздерге ишеним артуусу үчүн күч-аракетиңиздерди жумшооңуздар керек», - деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле ведомствонун негизги иш багыты саналган жол коопсуздугун камсыздоо темасына токтолду. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Ички иштер министрлиги жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жооптуу мамлекеттик орган болуп дайындалган.

«Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жол кырсыктарынын санын 50% кыскартуу милдети коюлган. Биз аны аткаруубуз керек. Буга чейин автомектептерге лицензия берүү милдети Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлүп, ал эми Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемеси тарабынан айдоочулук күбөлүгү берилсе, эми бул функциялардын баары Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул реформалардын жыйынтыгы көп күттүрбөшү керек. Жакынкы мезгилде жол кырсыктардын санын кыскартуу боюнча реалдуу натыйжалар күтүлөт деп ишенем», - деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин башчысы жана Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жана жаматынын алдына 2022-жылга карата бир катар милдеттерди койду.

Пайдалуу шилтемелер